.үч.чекит..үч.чекит.

Маалыматтык көбүк деген эмне жана андан кантип чыгуу керек

үч чекит редакциясы
1158
Маалыматтык көбүк деген эмне жана андан кантип чыгуу керек

Башында интернет маалымат алуу мүмкүнчүлүгү баардыгы үчүн бирдей болгон тармак катары түзүлгөн. Google жана анын шериктештери, ошондой эле социалдык тармактар пайда ​​боло калып, ошондон бери ар бир колдонуучу өзүнүн жеке «микроинтернетинде» б.а. «маалыматтык көбүк» деп аталган жайда жашап келет. 

Маалыматтык көбүк деген эмне?

Илимий тилде маалыматтык көбүк (же «фильтр көбүгү») – интернеттеги контентти жекелештирүүгө карата керектелүүчү каражаттардын жыйындысы. Google же Yandex сиз издеп жаткан нерсенин так өзүн таап бербейт. Буга чейин издөө таржымалыңызга карап, алар сизге ылайыктуу деп эсептеген маалыматты беришет.

Азыр Facebook же Vkontakte тармактары түрмөктү хронологиялык тартипте көрсөтпөйт. Алар жарыяланган маалыматтарды сизди кандай маалыматтар кызыктыра тургандыгына жараша иреттешет. Ошондой эле негизде сунушталган контенттерди көрсөтүшөт.

Мунун бардыгы аталган социалдык тармактардын ичинде болобу же алардан тышкарыбы – сиздин иш-аракеттериңизди көзөмөлдөө аркылуу ишке ашат. Лайктар, репосттор, көргөн маалыматтар, басып көрүүлөр, издөөлөр, ачык өтмөктөр, башка сайттардагы аракеттер – мунун баары сиздин санариптик «портретиңизди» чагылдырат.

Жөнөкөй эксперимент жасап көрүңүз: өзүңүздүн колдонуп жүргөн түзүлүшүңүздөн кандайдыр бир маалыматты издеп көрүңүз, андан кийин ошол эле маалыматты башка адамдыкынан издеңиз. Издөө натыйжалары бир кыйла айырмаланышы мүмкүн. Эгерде сиз кандайдыр бир анонимдештирүү каражаттарын колдонуп жүргөн болсоңуз (мисалы, TOR браузери), анда мүмкүн болушунча тагыраак маалыматты аласыз (ошентсе да, бурмаланат, анткени бул учурда сиз «коомдук» IP колдонгонсуз).

Мунун эмнеси жаман?

Маалыматтык көбүк сиздин жеке сыналгыңыз сыяктуу, ал сизге чектелген маалыматтардын топтомун берет. Натыйжада, дүйнөнүн сизге жаккан, бирок чектелген гана сүрөтүн көрө аласыз.

«Фильтр көбүгү» терминин киргизген Илай Парайзер ушундай эле аталыштагы китебинде мындай система сизди жаңы идеялардан жана сынчыл көз караштагы маалыматтардан чектейт жана бул реалдуулукту туура кабылдоонун бурмаланышына алып келет деп эскертет.

Маалымат көбүкчөлөрүн курууга биз өзүбүз жардам беребиз. Чындыгында эле адам өзүнүн көз карашына дал келген маалыматка көбүрөөк ишенет. Тескерисинче, биздин ишенимдерибизге каршы болгон нерсеге жолукканда, биз ыңгайсыздыкты сезебиз жана андан баш тартууга аракет кылабыз.

Курчап турган дүйнө жөнүндө эң объективдүү маалыматка ээ болгуңуз келсе, анда бул көбүктөн чыгышыңыз керек. Бул татаал, ыңгайсыз жана түйшүктүү процесс. Албетте чындыкка жетем десеңиз, башка арга жок.

Ал үчүн эмне кылуу керек?

Демек, сиз матрицадан чыгууну кааласаңыз, анда бир-эки тиркемени орнотуп гана койбостон, кандайдыр бир жол менен жаңы жашоо образын өздөштүрүшүңүз керек. Бактыга жараша, ал сынчыл ой жүгүртүүнү өркүндөтүү, кеңири көз караш жана чындыкты так түшүнүү сыяктуу көптөгөн артыкчылыктарды берет. Андан ары эмне кылуу керек – ал сизге байланыштуу болот.

🎯Издөөдө фильтр көбүгүнөн чыгуу

Жекелештирүүнү өчүрүңүз. Заманбап кызматтардын көпчүлүгү колдонуучулардын пайдасына жекелештирүүнү өчүрүү мүмкүнчүлүгүн кошушту:

📌Google – жеке баракчаңызга өтүп, бардык көзөмөлдөө иш-аракеттерин өчүрүңүз.

📌Yandex – жөндөөлөргө өтүп, «Издөө таржымалымды жыйынтыктарга кошуу» белгисин алып салыңыз.

Издөө жана кирген сайттардын тарыхын сактабаган «инкогнито» режимин колдонуңуз. Ага кирерде Google же Yandex жеке баракчаңыздан чыгып коюңуз.

Персоналдаштырууга каршы кызматтарды колдонуңуз. Бул браузер плагиндери башка сайттардын сиздин аракеттериңизге көз салуусуна жол бербейт:

📌Ghostery – көзөмөлдөө системасын аныктайт жана бөгөт коет, жарнамаларды чыгарбайт.

📌Disconnect – ошол эле кызматты аткарат, бирок жарнамага бөгөт койбойт. Айрым мобилдик браузерлерде иштейт.  

Бирок бул баары эмес.

🎯Социалдык тармактардын алгоритмдерин алдоо

Социалдык тармактар ​​мурунку аракетиңиздин негизинде түрмөгүңүзгө билдирүүлөрдү берет. Сиз ага таасир эте аласыз. Түрмөгүңүздө ар тараптуу пикирлерди камсыз кылыңыз. Ал үчүн маалымат саясатына макул болбогон баракчаларга жазылыңыз (албетте, бул түрмөгүңүздү фейк маалымат менен толтуруш керек дегенди билдирбейт) жана мезгил-мезгили менен бардык баракчалардын постторун жактырып туруңуз. Ушундай жол менен алар сиздин түрмөгүңүздө дагы деле пайда боло берээрине ишенсеңиз болот.

Атайылап «жагымсыз» пабликтерге жазылуу менен, сизди бушайман кылган башыңыздагы «фильтр көбүгү» менен дагы күрөшөсүз.

Ошондой эле жекелештирилген издөө натыйжаларын өчүрсөңүз болот:

📌Facebook – каптал тилкесиндеги «жаңылыктар түрмөгү» баскычын басып, «жаңы» белгилеңиз.

📌«ВКонтакте» – оң панелдеги «алгач кызыктуусу» функциясын өчүрүңүз.

Ушундан кийин ар кандай таштандылар же жөн эле керексиз маалыматтар сиздин аң-сезимиңизге жетпей калат.

Корутунду

Напсибизди жогорку деңгээлде канааттандырууну каалаган интернет-гиганттарынын иш-аракеттери бизди маалыматтык көбүктүн туткунуна камап койду. Буга өзүбүзгө жаккан гана маалыматты колдонууну каалагандыгыбыз дагы өбөлгө түзөт. Бул биздин чындыкка болгон көз-карашыбызды чектейт жана сынчыл ой жүгүртүүгө бөгөт болот. Тармакта бар экендигиңизди жашырыңыз жана фильтр көбүгүнөн чыгуу үчүн атайылап жагымсыз маалымат издеңиз.

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.