.үч.чекит..үч.чекит.

Кыргызстанда кандай конфессиялар бар?

Элмурат Аширалиев
622
Кыргызстанда кандай конфессиялар бар?

Конфессия латынча «confiteri» сөзүнөн келип чыккан. Кыргызча которгондо «кабыл алуу», «таануу», «моюнга алуу» деген маанилерди билдирет. Азыркы күндө англис тилинде кеңири колдонулуп жүргөн «confession» (конфешэн) сөзүнүн кирилл тамгаларына ылайыкташтырылган варианты.

«Confession» сөзүнүн бир нече мааниси бар. Биринчи мааниси – күнөөсүн өкүнүү менен мойнуна алып, чиркөө кызматкеринен кечирим алуу иш-аракети. Экинчи мааниси болсо, жалпы мааниде динди, ал эми тарыраак мааниде бир диндин ичиндеги ишеним системасын, диний окууларды жана мектептерди туюнтат. Кыргызстанда конфессия сөзүнүн дал ушул экинчи мааниси колдонулуп келатканын айтууга болот.

Адегенде өлкөдөгү диний уюмдар жөнүндө кыскача токтоло кетели. Дин комиссиясынын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 2020-жылдын 1-июлуна карата 3404 диний уюм каттоодон өткөн. Бул өлкөдө 3404 конфессия же дин бар дегенге жатпайт. Тактап айтканда, бул диний уюм катары каттоодон өткөн сыйынуу жайларын, диний окуу жайларды, фонддорду жана башка бирикмелердин жалпы санын билдирет. Каттоодон өткөн диний уюмдардын эң көбүн мечиттер (2735) менен медреселер (151) түзөт. Аны менен катар «Адеп башаты» жана Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) дагы каттоодон өткөн эң ири диний уюмдардын катарын толуктайт.

Ал эми христиан багытында 404 диний уюм каттоодон өткөн. Анын ичинде 16 фонд жана 13 диний окуу жай бар, калганы — сыйынуу жайлары.

Ар кандай себептерге байланыштуу (мүчөлөрүнүн саны аз, каттоодон өтө элек, жб) Кыргызстандагы конфессиялардын так саны боюнча маалымат азырынча жок. Бул материалда конфессия деген сөздүн диний окуулар жана мектептер деген маанисине таянып, Кыргызстандагы конфессиялар жөнүндө жалпы маалымат берилет.

Расмий маалыматка таянсак, Кыргызстандагы конфессиялардын саны 20дай. Ислам динине таандык эки конфессия бар. Алар: сунниттер жана шииттер. Ал эми 14 конфессия христиан багытынагы уюм катары каттоодон өткөн. Ошондой эле, бахаи, буддизм жана иудаизм конфессияларына таандык сыйынуу жайлары дагы катталып иштеп келүүдө.

A иш жүзүндө кандай? Расмий маалыматта жалпылаштырылып айтылган менен аталган конфессиялардын ар бири өз ичинде чоң диний мектептерди камтыйт. Мисалы, сунниттер күнүбүздө төрт негизги чоң укуктук мектептерге бөлүнөт. «Конфессия» деген сөздү «диний мектеп» деген мааниде колдоно турган болсок, анда сунниттердин ичиндеги аталган төрт мектептин ар бирин өзүнчө конфессия деп атай алабыз. Азыркы күндө Кыргызстанда ошол төрт укуктук мектептин баарынын тең өкүлдөрү жашап атканы маалым. (Ислам дининдеги укуктук мектептер мазхаб деп аталат жана алар жөнүндө кийинки материалда кененирээк сөз кылабыз).

Эми христиан дининдеги конфессияларга келсек. Христиандарды католиктер, православдар жана протестанттар деп жалпысынан үч чоң топко бөлүп жүрөбүз. Дин комиссиясында католиктер өзүнчө, православдар өзүнчө каттоодон өткөн. Ал эми простестанттык багыттагы христиандарда жагдай бир аз башкача. Алар каттоодон өткөндө протестанттар деген аталыш менен эмес, өздөрүнүн диний мектебинин аталышы менен каттоодон өтүшкөндүктөн, алардын саны көптөй көрүнөт. А иш жүзүндө, айталы, элүүнчүлөр, баптисттер же болбосо харизматтар протестанттык багыттагы христиандар болуп эсептелет.

Ал эми Кыргызстанда каттоодон өтө элек, бирок тыюу дагы салынбаган конфессияларды көңүл сыртында калтыра албайбыз. Айталы, өлкөдө «Кришна аң сезими боюнча эл аралык коомунун» (ISKCON) өкүлдөрү жашашат. Ошондой эле, өздөрүн «теңирчи» деп атап, бир нече жолу каттоодон өтүүгө аракет кылып келаткан топтор дагы бар.

Өлкөдөгү ар башка ишенимди карманган жарандардын башын бириктирип, ынтымакка чакыруу максатында Дин комиссиясынын алдында Конфессиялар аралык кеңеш түзүлүп, 2-3 жылдан бери иштеп келе жатат. Ага негизинен каттоодон өткөн 11 ар башка диний уюмдун өкүлдөрү кирген.

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.