.үч.чекит..үч.чекит.

Курулай чындык эффекти

үч чекит редакциясы
1380
Курулай чындык эффекти

Адам мээсинин 10% гана күчүн колдонот. Сабиз көрүүнү жакшыртат. С витамини суук тийгенде жардам берет. Ашказаныңызды жакшы сактоо үчүн сөзсүз түрдө шорпо ичиңиз. Ушунун бардыгы чын деп ойлойсузбу? Албетте жок, бул биз көп укчу мифтер, кээде өзүбүз дагы аны эч ойлонбостон кайталайбыз. Биз аларга ишенебиз, анткени курулай чындыктын таасирине баш ийебиз.

Бир эле нерсе кайра-кайра кайталана берсе, ал чындыктай сезиле баштайт.

Ушул чынбы же жалганбы деп түшүнүүгө аракет жасоодо биз эки критерийге таянабыз. Биринчиси – биз буга чейин билген нерселер, экинчиси – анын канчалык тааныш угулгандыгында. Мисалы, сизге асман жашыл деп айтса, ага эч качан ишенбейсиз. Анткени анын көк экендигин билесиз. Бирок сиз буга чейин анын жашыл экенин уккан болсоңуз, анда күмөн боло баштайсыз. Канчалык аны көп уккан сайын, ошончолук күмөн саноо жогорулайт.

Окумуштуулар мындай эффектти тажрыйба менен далилдешкен. Катышуучулардан бир катар билдирүүлөрдүн канчалык чын экендигин баалоону суранышкан. Бир нече жума же ай өткөндөн кийин аларга ошол эле билдирүүлөргө жаңы сөз айкаштарын кошуп, кайрадан ошол тапшырма берилген. Курулай чындыктын таасири дал ушул жерде байкалган. Катышуучулар көбүнчө мурда көргөндөрүн чын деп эсептешкен.

Бир нерсени экинчи же үчүнчү жолу укканда, мээ ага тезирээк реакция кылат.

Мээ маалыматты мындай тездик менен иштеп чыгуусун билдирүүнүн чын экендигине теңейт. Бул жаңылыштык болсо да, көпчүлүк учурда бул биздин жашообузду жеңилдетет. Өсүмдүктөрдүн өсүшү үчүн суу керектигин же асман көк экендигин уккан сайын анын чын экендигин ойлонуп отурбайбыз. Бирок бул принцип жалган ырастоолор менен да аралашып көйгөй жаратат.

Курулай чындыктын таасиринен буга чейинки билген билимдер да коргой албайт. Психолог Лиза Фазио муну далилдеп чыккан. Ал ар кандай маданияттагы кийимдердин аталыштары менен тажрыйба жүргүзгөн. Катышуучулар: «Сари – Шотландиядагы эркектердин улуттук костюму», – деген сөз айкашын окушат.

Экинчи жолу окугандан кийин, Шотландия юбкасынын туура атын билгендерде да күмөн саноолор башталган. Эгерде алар биринчи жолкуда сөз айкашын «сөзсүз жалган» деп баалашса, кийинкисинде «жалган болушу мүмкүн» деген вариантты тандашкан. Алар өзүлөрүнүн ой-пикирлерин толугу менен өзгөртпөсө да, бирок күмөн санай башташкан.

Мына ушунун өзүн бизди алдоо үчүн пайдаланышат.

Эгер килт менен сарини алмаштырып алсаңыз, эч нерсе эмес. Бирок курулай чындыктын таасири олуттуу тармактарга таасир этет, алсак саясатта, жарнамада жана маалымат каражаттарында идеяларды жайылтууда колдонушат.

Эгерде кимдир бирөө жөнүндө жалган маалымат улам-улам сыналгыдан айтылса, эл ага ишенет. Эгерде товардын жарнамалары сатып алуучуларды ар тараптан курчап турган болсо, анда сатуулар көбөйөт.

Кайра кайталанган маалымат чындыктай сезилет.

Биз аны ишенимдүү булактан укканбыз деп ойлой баштайбыз. Чарчап турганда же башка маалыматтарга алаксып калганда, биз ага көбүрөөк кабылабыз.

Бирок аны өзгөртсө болот.

Биринчиден, ушундай эффект бар экендигин эсиңизден чыгарбаңыз. Бул эреже бардык когнитивдүү бурмалоолорго карата колдонулат.

Эгер сиз чындыктай сезилген нерсени уккан болсоңуз, бирок эмнегедир күмөн санап, анын себебин түшүндүрө албай жатсаңыз, анда ал суроону кененирээк изилдеп көрүңүз. Сандарды жана фактыларды текшерүүдөн эринбеңиз. Фактыларды текшерүү – бул көңүлдүү иш да. Ага ишенмейинче бир нече жолу кайталай бериңиз.

Кимдир бирөөнүн катасын оңдоодо кылдаттык менен мамиле кылыңыз, себеби чындыкты адамдарга жеткирүү аракети көп учурда ийгиликсиз болуп калат.

Эгер адам кандайдыр бир «чындыкты» көп жолу уккан болсо, анда аны болбогон сөз экенине ишендирүү кыйын, а түгүл илимий изилдөөлөр да жардам бербейт. «С витамини суук тийгенде жардам берет дешет, бирок чындыгында ал калыбына келүүгө эч кандай таасир этпейт» деген сөздү укса, анын мээси ага чейин тааныш болгон « жардам берет» дегенин гана кабыл алып, калганын куру сөз деп эсептейт.

Сөзүңүздү тастыкталган маалыматтар менен баштаңыз. Ката тууралуу эскертип, чындыкты дагы бир жолу кайталаңыз. Бул ишке аша турган нерсе, анткени биз айтылгандардын ортосундагысын эмес, башында жана аягында укканыбызды жакшы эстеп калабыз.

Булагы: Лайфхакер

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.