.үч.чекит..үч.чекит.

Коронавирус жөнүндө 4 калп

үч чекит редакциясы
932
Коронавирус жөнүндө 4 калп

Инфодемия күч алууну улантууда. Социалдык тармактарда жана мессенджерлерде барган сайын улам жаңы фейктер көбөйүүдө. Эгер кээ бир билдирүүлөр зыянсыз болсо, башкалары өмүргө жана ден-соолукка коркунуч алып келиши мүмкүн. Өзүңүздү жана жакындарыңызды коргош үчүн, сизге таажы вирусун дарылоо жөнүндөгү жалган билдирүүлөрдүн топтому менен таанышууну сунуш кылабыз.

«Сууда сүзүү коронавирусту жок кылат»

Бул фейк менен социалдык тармактардын колдонуучулары мессенджерлерде бөлүшүшкөн. Билдирүүдө допинг үчүн дисквалификацияланган сууда сүзүү боюнча дүйнөлүк чемпион Сунь Ян өз ыктыяры менен коронавируска каршы күрөшүү үчүн медициналык изилдөөгө катышууга макул болгону айтылат. Сунь Ян бассейнде интенсивдүү машыгып жүргөн мезгилинде анын канына вирус киргизилген. Бир нече күндөн кийин суучулдун канын текшерип көрүшкөн жана анын ден-соолугу чың болуп чыккан. Жада калса, 2 жумадан кийин да машыгуунун эсебинен ал өзүн аябай жакшы сезгенин билдирген.

Кытайдын Саламаттыкты сактоо боюнча улуттук комиссиясынын расмий сайтында бул тууралуу эч кандай маалымат жок. Билдирүү толугу менен ойдон чыгарылган. «Сууда сүзүү коронавирустан сактайт» деген маалымат Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунуштары тарабынан колдоого алынбайт. Бул фейктин булагы украиналык сууда сүзүү спорт клубдарынын биринин жетекчиси деп божомолдонууда.

«Сарымсакты ач карын жутуш керек»

Бул аудио билдирүү Казакстандын мурдагы саламаттыкты сактоо министри Жаксылык Доскалиевдин атынан WhatsAppка жөнөтүлгөн. Үн билдирүүдө коронавирустун эң ишенимдүү дарысы сарымсак экендиги жана аны ач карын жутуп алуу керектиги айтылат.

Бул фейкти Доскалиевдин өзү гана эмес, Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин учурдагы жетекчиси Елжан Биртанов дагы жокко чыгарган. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму сарымсактын микробго каршы касиети бар деп эсептейт, бирок COVID-19дан коргой албай тургандыгын айтат. Кооптуу симптомдор пайда болгон учурда, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму өзүн-өзү дарылабоону жана сөзсүз дарыгерге кайрылууну сунуш кылат.

«Чай – коронавирустун жаңы дарысы»

WhatsApp колдонуучуларынын арасында «чай COVID-19 үчүн дары болушу мүмкүн» деген билдирүү тарап баштады. Билдирүүнүн текстинде пандемия болорун алдын ала айткан жана коронавирустун кесепетинен каза болгон доктор Ли Вэньлян изилдөө учурларындагы файлдарды документтештирип, бул файлдарда COVID-19 вирусунун адам организмине тийгизген таасирин бир аз төмөндөтө турган дарылоону сунуш кылганы жөнүндө айтылат. Метилксантин, теобромин жана теофиллин химиялык заттары... мына ушундай татаал сөздөр чындыгында чай деп аталат.

Бул аталган заттар чындыгында чайда жана кофеде бар, бирок антивирустук касиетке ээ эмес. COVID-19 вирустук оору экендигин эске алганда, бул учурда чайдын пайдасы жок.

«Курандагы чач (кирпик)»

Бул WhatsAppта кеңири жайылган коронавирустан айыгуунун дагы бир ыкмасы.

«Эгер Курандан «Пайгамбар жиберген» чачты (кирпикти) тапсаңыз жана аны суу менен ичсеңиз, өзүңүздү оорудан коргой аласыз».

Интернетте көптөгөн дин өкүлдөрү бул билдирүүнү фейк деп атап, адамдарды бул маалыматка ишенбөөгө үндөштү. Алардын айтымында, дарылоонун бул ыкмасы динге эч кандай тиешеси жок. Алар бул билдирүүнү «мусулмандарды шылдыңдоо» деп аташты.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму: «Азыркы учурда элдик дары-дармектердин кайсынысы болбосун, бул оорунун алдын алууга же дарылоого мүмкүндүк бере турганына эч кандай далил жок», – деп эскертет. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму COVID-19 инфекциясынын алдын алуу же дарылоо үчүн эч кандай дары-дармектер менен, анын ичинде антибиотиктер менен өзүн-өзү дарылоону сунуш кылбайт.

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.