.үч.чекит..үч.чекит.

Коркунучтуу маалыматтын түрлөрү

үч чекит редакциясы
1978
Коркунучтуу маалыматтын түрлөрү

Бул сөздөрдүн маанилери өз ара окшошуп кеткендиктен, кайсы бирин кандай учурда колдонорду билбей калабыз. Бул түшүнүктөрдү бири-биринен айырмалап билүү үчүн аларды мисалдар менен карап чыгалы.

ФЕЙКНЬЮС

Болбогон фактыларга негизделген жана толугу менен өзгөртүлгөн жалган жаңылык. Фейкньюс окурманды адаштырып, коомдук пикирге таасир этүү үчүн, ошондой эле маанилүү процесстерден алаксытуу жана трафикти жогорулатуу үчүн атайын түзүлөт. Фейкти расмий өкүлдөр, ошондой эле ММК (массалык маалымат каражаттары) да чыгара алышат.

Адамдар Бишкектин көчөлөрүндө таажы вирусунан эси-учун жоготуп (айрым учурда өмүрү менен кош айтышып) жатышат. Фейкке эң жөнөкөй мисал. Мас абалындагы эркек кишинин жерге кулаган видеосуна таянып, аны социалдык тармактын колдонуучулары ойлоп табышкан.
Мисал

ДЕЗИНФОРМАЦИЯ

Дезинформациянын фейкньюстан айырмасы – дезинформация тараткан адамдын ниеттери көп учурда саясий, коммерциялык же дагы башка кызыкчылыктар менен байланышы жок. Дезинформация шашылыш фактчектин (фактыларды текшерүү) натыйжасында же анын таптакыр эле болбогондугунан келип чыгат. Көп учурда дезинформатор жалган маалыматтын булагына таянат, башкача айтканда, бул атайын жасалбаган калп.

Бирок, дезинформация дайыма эле фейкке таяна бербейт. Айрым учурларда маалыматтын кээ бир элементтери гана жалган болушу мүмкүн. 

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов онлайн брифингде Жалал-Абаддагы жугуштуу оорулар ооруканасынын бардык кызматкерлери таажы вирусун жуктуруп алгандыктан оорукана жабылганын билдирген. Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Сабиржан Абдикаримов облустардын аталышын жаңылып айтып алган. Чынында Оштогу балдар ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү жабылган.
Мисал

МАНИПУЛЯЦИЯ

Жалган жаңылыктарды да, чыныгы фактыларды да колдонуу менен аудиторияны атайын адаштыруу. Манипуляциянын куралдары жана ыкмалары өтө көп, алардын ичинен кеңири таралгандары:

•    фрейминг (өзүңө пайда алып келе турган багытта басым жасап информацияны берүү);

•    инфочуу (өтө маанилүү эмес көйгөйдөн чоң көйгөй жаратуу, б.а. гиперболизация).

Мазмуну боюнча, манипуляция өз ичине дезинформацияны да, фейкти да камтыйт. Бирок манипуляторлор колдонгон ыкмалардын ар түрдүүлүгү жана көптүгүнөн аны коркунучтуу информациянын өзгөчө түрүнө киргизсе болот.

Беларуссияда кээ бир ММК таажы вирусунан көз жумган адамдар буга чейин көптөгөн оорулардан жабыркап келгенине өзгөчө басым жасашат. Бул чыныгы фактыга туура келет, себеби ДСУ (Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму) отчеттору муну айтып турат. Бирок өзгөчө кырдаалды киргизгиси келбеген Белоруссия бийлигинин ушундай статистикага таянышы – бул манипуляция. Мындай жол менен вирус коркунучун төмөндөтүүгө жана бийликтин чечими актоого мүмкүн.
Мисал

Мына, бул сөздөр менен дагы жакшы таанышып алдык, эми аларды массалык маалымат каражаттарында же социалдык тармактарда кездештиргенде, түшүнүүдө кыйынчылык болбойт.

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.