.үч.чекит..үч.чекит.

Кибербуллинг. Интернеттеги мазактоодон кантип коргонуу керек?

үч чекит редакциясы
308
Кибербуллинг. Интернеттеги мазактоодон кантип коргонуу керек?

Өткөн жумада жарандык активист Сырга Тилекова интернетте мазактоого кабылганын айтып чыкты. Бул окуяга Инстаграмдагы блогер Эмил Токтошевдин ала качуу камтылган жарнамасы себеп болгон. Блогердин катталуучулары ала качуу боюнча ой айткан Сырганы  мазактап, эки саатта 200дөй кат жазышкан.

Сырга кабылган көрүнүш кибербуллинг (cyberbullying) деп аталат. Ооба, кибербуллинг — бул онлайн платформаларды колдонуп, интернетте кимдир бирөөнү басмырлоо, мазактоо. Мейли комментарийде, мейли атайын билдирүүдө болсун, сизди басынткан, шылдыңдаган, кемсинткен же коркутуп-үркүткөн көрүнүш — кибербуллинг. 

Ал негизги алты көрүнүштөн турат: маскаралоо (обзывательство), атайын уяткаруу (смущение), сексуалдык ыдык (сексуальное домогательство), денеге залал келтирүү менен коркутуу (физическая угроза), дайымкы кысым көрсөтүү/асылуу (постоянное домогательство) жана изинен түшүп аңдуу (преследование). Маскарлоо жана уяткаруу интернетке кеңири тараган. Ал эми сексуалдык ыдык, денеге залал келтирүү менен коркутуу, кысым көрсөтүү/асылуу жана изинен түшүп аңдуу дайыма боло бербейт. Бирок, дал ушул төрт көрүнүш күчөп отуруп, кишини эмоционалдык жактан катуу жабыркатат.  

Кибербуллингге эркектер да, аялдар да кабылат. Онлайн мазактоо бардык курактагыларга да таандык көрүнүш. Бирок, кибербуллингдин негизги олжосу — жаштар. Ага көбүнчө 18ден 29 жашка чейинкилер кабылып, 24 жашка чейинкилер олуттуу мазактоого туш болушат.

Кибербуллинг эмне үчүн коркунучтуу?

Интернеттеги мазактоо — атайын жасалган аракет. Ал пикир келишпестик пайда болгондо же бирөөнүн беделин түшүрүү үчүн жасалат. Мисалы, кайсы бир саясатчыны сындаган соң, анын тарапташтары менен кайым айтыша кеттиңиз. Канча бир убакыттан кийин сүрөтүңүздү шылдыңдап жасалгалашты да тарата башташты. 

Же болбосо бирөө таанышууну сунуштады дейли. Сиз макул болгон жоксуз. Бейтааныш адам кыжырдануусун ар кандай жол менен чыгарат: лакап ат коет, сиз жөнүндө имиштерди жайылтат. Балким, ачык турган маалыматтарыңызды (сүрөт, телефон номер) тиешелүү сайттарга жайгаштырат.

Мазактоочулар бир канча киши болушу мүмкүн. Айрымдар фейк аккаунттар менен, кээде катталуучусу көп блогерлер ири аудиториясынын жардамында чабуул кылышы ыктымал. Буга Сырганын окуясы далил — блогердин тилектеш катталуучулары активистке жабыла реакция кылышкан.

Социалдык тармакта маалымат тездик менен жайылат. Ал эми мазакчы интернетте реалдуу жашоодогудай жоопкерчиликтүү эмес. Ошондуктан интернетте өзүн эркин сезип, ал басым көрсөтүүнү уланта берет. Натыйжада, кибербуллинг кишинин психологиялык саламаттыгына зыянын тийгизет. Мазакталган адам өзүн баалабай, депрессияга түшүшү, кээде өспүрүмдөр өз жанын кыйышы да мүмкүн. 

Эмне кылуу керек?

  • Кибербуллингге туш болгонуңузду жашырбаңыз. Анын уяты жок. Чөйрөңүздөгүлөр сизди жөн жайдан мазактап жатышканын билгени жакшы. Тескерисинче, үй-бүлө жана достордон колдоо алыңыз;
  • Сизди мазактап жаткан кишиге жеке кат жазыңыз. Онлайн мазакчылар эмоцияны козгогонду жактырышат. Ошондуктан аны жемелебеңиз, токтоолук, сылыктык менен кайрылыңыз. «Эгер сизге жакса, мени *** деп атасаңыз болот. Бирок, бул сизди жакшы, а мени жаман адам кылып көрсөтпөсө керек» деп коюңуз;
  • Скриншотторду сактап алыңыз да, мазакчыны кара тизмеге киргизиңиз. Анан албетте онлайн-платформага ал адамдын үстүнөн арызданыңыз. Бул ушактоо эмес, бул интернет гигиенасына салым;
  • Социалдык тармактагы баракчаларыңызды досторго гана көрүнө турган кылыңыз;
  • Виртуалдык ааламдагы мазактоо сиздин эң башкы көйгөйүңуз болбошу керек — көбүрөөк убакытыңызды реалдуу жашоого арнаганыңыз дурус.

Ал эми психолог Ильдар Акбутин кибербуллингден коргонуунун жакшы жолу – көңүл бурбоо дейт. Анткени, мазактоого жооп болбосо, бир канча убакыттан кийин чабуул басаңдайт.

Албетте, кибербуллингге кайдыгер болбош керек. Анткени, бул жүрүм-турумдун этикасы. Бирок, мазакчыларга маани бербей, байланышты үзүү зарыл. Алардын ар бирине жооп берип отурса, тескерисинче диалог түзүлөт. Эгер артыңыздан сая түшүшсө, кара тизмеге киргизиңиз. Улут, диний ишеним же этникалык өзгөчөлүгүнө шек келтиришсе, анда укук коргоо органына кайрылуу туура.
Психолог Ильдар Акбутин

«Прецедент» юридикалык уюмунун юристи Бекболот Касаболотовдун айтымында, Кыргызстандын мыйзамдарында кибербуллинг термини жок. Бирок, жарандык укукту коргоого шарт түзгөн беренелер бар. Ага ылайык:

  • ар-намысыңызга шек келтирген маалыматтарды жокко чыгарууну сот аркылуу талап кылууга;
  • кадыр-баркыңызга шек келтирген маалыматтарды жайылткан кишиден келтирилген зыяндардын (моралдык) ордун толтурууну талап кылууга;
  • ар-намысыңызга шек келтирген маалыматтарды жайылткан кишини аныктоого мүмкүн болбосо, сиз жөнүндө жайылтылган маалыматтарды чындыкка дал келбейт деп табуу тууралуу арыз менен сотко кайрылууга укуктуусуз. 

Интернетте бардык адам кибербуллингге кабылышы мүмкүн. Анткени, жакшы нерселер үчүн деле сындагандар, нааразы болгондор табылат. Андан кутулуу үчүн интернеттен баш тартуу керек эмес, болгону реалдуу жашоодогудай эле виртуал дүйнөнүн «көйгөйлөрүнө» даяр болуңуз. 

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.