.үч.чекит..үч.чекит.

Кантип мен калпты таратып сала жаздадым

Эркайым Алиева
1101
Кантип мен калпты таратып сала жаздадым

Негизи ак куулар тынчтыктын, сулуулуктун, сүйүүнүн символу эмеспи. Жеке мен үчүн ак куулар фактчекингдин белгиси болуп калган. Окуя мындай.

Үстүбүздөгү жылдын март айында көлдүк туугандарымдын бири «Ысык-Көлгө эки миңдей ак куулар учуп келип, кыштап жатышат» деген билдирүүнү сүрөтү менен WhatsAppка жиберген. Сүрөттө кара-сары тумшуктуу ак куулар мелмиреген суу үстүндө сүзүп жүрүшөт. Арт жагында чокусун кар баскан тоолор, анын берки жагында кыштын каарын тоготпогон токой көрүнүп турат. Мен ушунчалык сүйүнгөнүмөн, эч нерсени ойлонбой, ошол эле замат инстаграм сториске чыгарып, бул сонун кабар менен бөлүштүм. Акыркы жылдары Ысык-Көлдө ак куулар абдан азайып калганын экологдор белгилеп келишет. Анан минтип, 20 эмес 2000 ак куу келип жатса, кубанычым койнума батпай калса болобу?!

Инстаграм баракчамда чет элдик досторум, тааныштарым суктануу сөздөрүн жазып башташты. Мен аябай сыймыктанып алгам, ак кууларды өзүм багып жаткансып. Бир убакта инстаграм досторумдун бирөөсү сториске «окшошпойт» деп жооп жазып жиберди. Үстүмөн бирөө муздак сууну куюп жибергендей эле болдум. Анан жазышып баштадык.

Мен: Эмнеси окшошпойт?
Ал: Мен бул жерди тааныбай турам, чындыкка окшошпойт.
Мен: Ысык - Көлдүн төрт тарабын тең беш колдой билесизби?
Ал: Беш болбосо да, төрттөй билем.

Ичимен «ошол билбей калган бирөөсү ушул жер болсочу» деп койгонум менен, өзүм да шек санап баштадым. Биринчиден, ал киши чындап эле Ысык-Көл эмес, Кыргызстандын бардык бурчун билчүдөй. Ал өзү саякатчы-фотограф. Анын баракчасы жалаң гана жаратылыш сүрөттөрүнө арналган. Баягы бизге көнүмүш болуп калган белгилүү жерлер эмес, өзгөчө кереметтүү, туристтер көп каттай бербеген Кыргызстандын укмуштуу жерлерин сүрөткө тартат. Чындап эле Ысык-Көлдө мындай жер жок экенин ал билиши толук мүмкүн. Демек, ак куулардын сүрөтү чындыкка туура келбейт.  

Экинчиден, мен жанагы билдирүүнү расмий эмес булактан алдым. «Тууганым мага калп айтмак беле, анын үстүнө өзү Ысык-Көл облусунда жашаса» деген ишеним менен маалыматты текшербестен, аны электен өткөрбөй эле дароо бөлүшүүгө шашылганым чын. Демек, жанагы сүрөт фотошоп. Же болбосо, Кыргызстан эмес, башка жерден тартылган болушу мүмкүн. 

«Окшошпойт» деген сөз болбогондо, мындай шек саноолор оюма да келбейт болчу. Стористи өчүрүп салдым. Мен буга чейин WhatsAppтан келген ушуга окшогон кабарлар менен эч качан бөлүшүп көргөн эмесмин. Башкалардан таркатма билдирүүлөр келгенде «кантип ушундай болбогон нерселерди жиберишет, буга ишенип болобу?!» деп таң калчу элем, эми анык ошол «болбогон нерсени» өзүм таркатып отурганыма уялдым. 

Көлдүк тууганыман бул билдирүүнүн кайдан келгенин сурасам, ага да бирөө жибергенин айтты. Расмий булактардан бир илинчек таап көрүү максатта интернетти аңтарып чыксам, Кыргызстандагы ак куулар жөнүндө 2020-жылы чыккан бир дагы жаңы макала жок экен. Кайгырып кала бердим.

Арадан эки жума өттү. Адаттагыдай эле күндөрдүн биринде үй-бүлөбүз менен GTRK STV каналынан кечки жаңылыктар топтомун көрүп отурганбыз. Бир убакта «ак куулар, Ысык - Көл» деген сөздөр кулагыма илинип кетти. Мен сыналгынын маңдайына шашыла отура калып, корреспонденттин айтып жаткандарын ач көздүк менен уга баштадым. Мурдагы жылдарга караганда бул жылы 2000 ден ашык ак куулар көлгө учуп келгени жөнүндө баяндалып жатканына кудуңдап сүйүнбөдүмбү! Ошол эфирди телефонума видеого тартып алып, баягы саякатчы-фотографка жиберип, көңүлүм тынчып калды. Көлдүк тууганым экөөбүз фейк тараткыч болуп кеттик го дегенче эле, ал кабар чындыкка туура келип калганына кубанганым ай!

Бул окуя мага жакшы сабак болду. Мындан ары өзүм күбө болбогон же тастыкталбаган билдирүү, маалымат менен эзели бөлүшпөш керек экендигин иш жүзүндө билем. Эгер ушунчалык бөлүшкүм келип жатса, «калпычы» статусуна ээ болбош үчүн, кабардын булагын сөзсүз иликтейм.

P.S. Эгер сизде дагы көлдөгү ак куулар жөнүндө маалыматка кызыгуу пайда болсо, бул жерден Азаттыктын кыска репортажын көрүп алсаңыз болот. 

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.