.үч.чекит..үч.чекит.

Кайрымдуулук жана алдамчылык

үч чекит редакциясы
1965
Кайрымдуулук жана алдамчылык

Социалдык тармактарда кайрымдуулук каражаттарын чогултуучу топтор көп. Көпчүлүгүбүз, айрыкча, балдардын же жаныбарлардын сүрөттөрүн көргөндө, жардам берүүнү каалайбыз. Бирок, тилекке каршы, алдамчылар мына ушундай айла-амалдарды колдонушат. Алардын амалдарына алданбоо үчүн, биз «кайрымдуулук» каражаттарын чогултуучу шылуундарды таануу алгоритмин сунуштайбыз.

  • Маалыматтын булагын текшериңиз! Ар дайым маалыматтын булагын, аны жарыялаган уюмдун атын жана сайтын текшерип туруңуз. Веб-ресурс санарип сертификаты менен болушу керек. Дарек тилкесинде https белгилери жана кулпунун сүрөтү камтылышы керек. Эгерде жеке адам жардам сурап кайрылган болсо, анда: «мен аны тааныймынбы жана ага ишене аламбы?» деген суроо менен ойлонуп көрүңүз.
  • Маалыматтарды текшериңиз! Шылуундар көбүнчө маалыматтарды ысымын, муктаждардын диагнозун жана алуучунун банк реквизиттерин гана өзгөртүшүп башка сайттардан көчүрүп алышат.
  • Далилдерди топтоңуз! Тастыктоочу маалыматты көбүрөөк чогултууга аракет кылыңыз. Адам чынында эле каражат чогултууга муктаж экендигин тастыктаган документтерди жана далилдерди сураңыз. Берилген маалыматтын актуалдуулугун текшериңиз.
  • Ачык-айкындуулукту көзөмөлдөңүз! Маалыматты жарыялаган уюм же жеке адам канча акча чогултулгандыгы жана ал кандайча сарпталганы жөнүндө финансылык отчетун берген-бербегендигин билиңиз.
  • Фейктерди таратпаңыз! Эгер сиз жардам сурап жаткан уюмду же каражат топтоп жаткан адамды билбесеңиз, аны менен бөлүшпөңүз же такталбаган маалыматтарды таркатпаңыз.

Орто Азияда кайрымдуулук маданияты өнүгүү стадиясында. Шылуундардын айынан кайрымдуулук фонддордун беделине шек келтирилип, чындыгында эле муктаж болгон адамдардын өтүнүчтөрү көңүлгө алынбай калып жатат. Сиздин акчаңыз муктаж адамга пайдасы тийсин десеңиз, жарыяланган маалыматка сын көз караш менен ой жүгүртүп, эмоцияларга алдырбай жана биздин сунуштарыбызды колдонуңуз.

Көрүп, билип, тактаңыз!

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.