.үч.чекит..үч.чекит.

Ислам дининде кандай мазхабдар бар?

Элмурат Аширалиев
8905
Ислам дининде кандай мазхабдар бар?

Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгындагы муфтийлик кызмат ордуна талапкерлерди каттоодо «Салттуу ислам болгон Матуриди акыйдасын жана Ханафий мазхабын терең билүү жана кармануу» талабы коюлганын көрүүгө болот. Бир тараптан коомчулукта көп күндөн бери муфтияттын айланасындагы чуулгандуу окуялар жөнүндө талаш-тартыш жаралса, экинчи тараптан болочок муфтийге коюлган жогорудагы талаптын айланасында талкуу күч алды.

Талкуу негизинен муфтиятта суннит мусулмандардын төрт негизги мазхабына бирдей мамиле болбой, бирөөнө (ханафий) бөтөнчө мамиле жасалып атканына байланыштуу болууда. Мазхаб темасы кайрадан күн тартибине чыгып калды. Бул материалда мазхаб деген эмне экени жана алардын ортосундагы айырмачылыктар жөнүндө кыскача түшүнүк берилет.

Мазхаб сөзү арабчадан которгондо «жүрүм-турум жолдору» деген маанини билдирет. Ал эми ислам дининде негизинен «укуктук мектептерди» түшүндүрөт. Дегеним, ислам дининде ишенимге негизделген (акыйда) мазхабдар дагы бар. Бул материалда суннит ислам багытындагы укуктук мектептер жөнүндө айтабыз.

Мусулмандар түпкүлүгүндө сунниттер жана шииттер деп эки чоң топко бөлүнөт. Бул эки топтун ортосундагы бөлүнүү башында саясий негизде келип чыккан. Мухаммед пайгамбардын көзү өткөндөн кийин Абу Бакр, Умар, Осмон жана Али мусулмандарга башчылык (халифалык) кылганы маалым.

Бирок белгилүү бир топ Мухаммед пайгамбар өзүнүн аталаш тууганы жана күйөө баласы Алини (төртүнчү халифа) мусулмандардын жетекчиси катары дайындап кеткен деп эсептеген. Ошондуктан мусулмандарды пайгамбардын туугандарынан гана чыккандар башкарышы керек дешкен. Мындан улам алар шииттер же бизче которгондо «Алинин тарапташтары» деген атка конгон. Шииттердин сунниттерден бир аз айырмаланган укуктук жана ишеним принциптери убакыттын өтүшү менен кийинчерээк калыптанган.

Суннит исламда төрт укуктук мектеп бар. Алар: маликий, ханафий, ханбалий жана шафиий мазхабдары. Мазхабдар мусулман аалымдардын ысымдарына байланыштуу аталып калган. Тарыхый жактан алганда мазхабдар дүйнөнүн ар кайсы бөлүктөрүндө түптөлгөн.

📌Маликиттерден баштасак. Бул мазхаб VIII кылымда Мадина шаарында жашап өткөн Малик ибн Анас тарабынан түптөлгөн. Анын окуусу көбүнесе Түндүк Африка аймагына тараган.

📌Ал эми ханафий мазхабы VII-VIII кылымдарда жашаган Абу Ханифа аттуу аалымдын ысымынан аталып калган. Ал азыркы Ирактын аймагында жашап өткөнү жана фарс тектүү болгону айтылат. Күнүбүздө ал суннит багытындагы эң кеңири тараган мазхабдардын бири болуп эсептелет. Абу Ханифанын окуусу Түркиядан тартып, Ооганстан, Чыгыш Түркстан жана Борбор Азия аймагына чейин, анын ичинде Кыргызстанда дагы кеңири кулач жайган.

📌VIII-IX кылымдарда жашаган Ахмад ибн Ханбал ханбалий мазхабынын негиздөөчүсү деп эсептелет. Ал азыркы Ирактын аймагында төрөлүп өскөн жана араб болгон. Анын окуусу жалпысынан Араб жарым аралында, анын ичинде Сауд Арабияда тараган.

📌Акыркы төртүнчү мазхаб шафииттердин негиздөөчүсү VIII-IX кылымдарда жашап өткөн Имам Шафии аттуу аалым болуп эсептелет. Ал азыркы Палестинанын аймагында жарык дүйнөгө келип, өмүрүнүн акыркы күндөрүн Египетте өткөргөн. Анын окуусу Ирак, Түркия, Кавказ жана Индонезия аралдарына чейин жайылган.

Мазхабдардын айырмасы

Мазхабдардын ортосундагы башкы айырмачылык укук маселелеринде жатат. Тактап айтканда, кандайдыр бир маселе боюнча төрт мазхабдын чечими бири-биринен айырмаланып калышы ыктымал. Мисалы, турмушка чыккан аялдын ажылыкка күйөөсү жок өзү жалгыз барышы боюнча мазхабдардын өкүмү ар башка. Ханафиттер менен ханбалиттерде аялдарга уруксат берилбесе, ал эми маликиттер менен шафииттерде үч же андан көп аялдардан турган топ менен ажылыкка барууга уруксат берет. Мындай учурларда бардык эле чечимдер туура деп эсептелет. Ошондуктан суннит мусулмандарга аталган төрт мазхабдын бирин тутунуп жашоо сунушталат.

Андан тышкары дагы бир айырмачылык, укук булактары менен байланыштуу. Мисалы, ханафи укугунда урф (үрп-адат) түшүнүгү бар. Бул Куран, сүннөт сыяктуу негизги укук булактарында эч нерсе табылбай калган учурда жергиликтүү үрп-адатка таянып чечим чыгарууга болот дегенди билдирет. Ошол эле учурда ал үрп-адат ислам ишенимине каршы келбеши керек. Мына ошондуктан ханафий мазхабы ар түрдүү маданият өкүлдөрүн өз ичине камтый алган жана Борбор Азия чөлкөмүндө дагы кеңири тараган.

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.