.үч.чекит..үч.чекит.

Интернеттеги баарлашуу маданияты сабатсыздыкка алып келеби?

үч чекит редакциясы
305
Интернеттеги баарлашуу маданияты сабатсыздыкка алып келеби?

Азыр интернет жана соцтармактарсыз жашообузду элестетүү өтө эле кыйын. Жөн гана сүйлөшүп, бирөө менен пикир алмашуудан тышкары, эми маанилүү суроо, маселелерди да соцтармактын жардамы менен чечип алууга мүмкүн болуп калды. Ошондуктан, көп убактыбызды виртуалдуу чөйрөдө өткөрөбүз. Мунун кесепетинен биздин баарлашуу маданиятыбыз да таасирденип, өзгөрүп барат. Айрым учурда сабатсыздыкка. Бүгүн интернет-сленг же интернет тили жөнүндө кеп кылабыз. Алардын сабатсыздыкка кандай тиешеси бар? 

Ар бир муундун өзүнө гана түшүнүктүү жана активдүү колдонулган сөздөрү бар. Лингвисттер аларды «сленг» же «жаргон» деп аташат. Акыркы жылдары сленг динамикалуу өнүгүп, жаңы сөздөр пайда болуп, эски сөздөр унутулууда. Бул процесс интернеттин жардамы менен эбегейсиз тездикте жүрүп жатат.  

Сленг кайдан пайда болот?

Жаштардын жаргонунун пайда болушунун негизги себептери – батыш маданиятынын жана модасынын таасири. Сленг – бул адамдын кайсы бир социалдык чөйрөгө таандык экендигин аныктоочу белги. Анын жаралуу булактары ар башка. Көбүнчө сөздөр чет тилинен, биринчи кезекте англис тилинен өздөштүрүлөт: саламдашуу үчүн «хай», кечирим суроо «сори», тышкы келбет «лук» ж.б. Же болбосо, сиз күтпөгөн чөйрөдөн да келип чыгышы мүмкүн. Мисалы жаштар «уят» же «болбогон нерсе» дегенди «зашквар» деп билдиришчү эмеспи. Бул сөз түрмө жаргонунан алынган. Упс…

Бүгүнкү күндө сленгден тышкары сүйлөшүүнүн жаңы формасы – оозеки жазуусу пайда болду:

Ок, 10Х! (Okay, thanks!  – Макул, рахмат!). Сөздөрдү болушунча кыскартып жазуу. Толугу менен жазууга жалкоолук тоскоол болот, же жөн гана мындай ыкма менен адамдар өз оригиналдуулугун билдирүүнү каалашат.  

Бүгүн менде көп жумуштарым бар бирок мен баары бир аларды бүтүрүп коюп сага келем. Тыныш белгилерди коюу эрежелерин билбегендиктен, же болбосо, убакытты үнөмдөө максатында сүйлөмгө тыныш белгилерди койбой жазуу. Мындай текстти окуу жана түшүнүү кыйынчылык туудурат. 

Красавчег, чо! Өзүнчөле няшка. Бул олбан тили. Башкача айтканда, сөздөрдү туура эмес, бурмалап жазуу. Олбан тилиндеги эрежелер: 

  • сөз кандай угулса, ошондой жазуу (машина – машЫна, зачёт – зачот);
  • эки сөздү бириктирип жазуу (эмне болуп жатат? – не болатат?);
  • сөз арасында боштук калтырбай, кошуп жазуу (бүгүн келем – бүгүнкелем, сонун кийим – сонункийим). 

Албетте, көбүнчөбүз мындай тилди жөн гана тамаша иретинде интернетте жазышууда гана колдонобуз. Бирок, сленгди жана оозеки жазуу стилин ар дайым колдонгон да адамдар кездешет. Айрыкча өспүрүмдөр арасында. 

Эгерде өспүрүм адабий тилдин нормаларын, орфографиялык жана тыныш белгилеринин бардык эрежелерин билген болсо, анда оозеки жазуусун колдоно бергени туура эле көрүнүш. Болбосо, мындай баарлашууну бардык жерде колдонсо, анда анын сөз байлыгы начарлап, сүйлөө маданияты бузулуп, башка адамдардын анын тилин кабыл алуусуна таасир этет. 

Адистер сөздөрдү дагы такай кыскартып жазуу өсүп келе жаткан муун арасында адатка айланып, сабатсыздык кадыресе көрүнүш болуп калышы ыктымал деп түйшөлүшөт. Анткени такай кайталоо адатка айланып, ал адамдын мүнөзүн калыптындырат.

ОшМУнун улук окутуучусу, филолог Асылкан Маматова дал ушундай пикирде. 

Күнүгө сөздөрдү кыскартып, ката жазып жүрүп ал адатка айланып кетиши ыктымал. Азыр WhatsApp, Telegram’дан жазышканда ката, кыскартылган сөздөрдү бир жазып эле токтоп калышкан жок. Аларды күн сайын кайталап жазып жатышат. Улам жазган сайын ал бара-бара адатка айланат.
Асылкан Маматова

Ал ошондой эле, олуттуу темаларды жазышып талкуулап жатканда кыскартылган сөздөр маанини өзгөртүп коюшу ыктымалдыгын кошумчалады. Маматова андан сырткары жаштар арасында сабаттуулукту жайылтууда алар колдонгон, көп кирген соцтармактарда иш алып баруу керектигин белгиледи. Себеби, аларга бир нерсени жеткирүүдө өздөрү көп жүргөн, көп убакыт өткөргөн соцтармактар таасирдүү болот.

«Азыр жаштар, деги эле интернет колдонуучулары арасында сабатсыздык маселесин кичине болсо дагы жоюп, анын алдын алуу аракеттерин көрүп жатабыз. Мисалы Фейсбукта «Кыргызча туура жазабыз» деген тайпа бар. Ошол жакка ката жазылган текстерди, сөздөрдү чыгарып, туурасын көрсөтүп берүүдөбүз», – деди филолог.

Албетте, саркеч болуп, замандын талабы менен жүргөн жакшы. «Элиң бөрү болсо – бөрү бол, түлкү болсо – түлкү бол» деген макал бар эмеспи. Бирок, модалуулуктун артынан ээрчип жүрүп, сабатсыз болуп калуудан абайлаңыз. Сленг жана оозеки жазышууну соцтармакта достор, курбулардын арасында колдонуп, жумушта, окууда, жаңы адамдар менен таанышууда адабий тилде сүйлөгөнүңүз жакшы. Себеби адамдын сүйлөгөнүнө жараша мамиле оң же терс багытка өзгөрүлөт экенин унутпаңыз.  

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.