.үч.чекит..үч.чекит.

Интернетте «оозуңа келгенди оттобо». Же цензура деген эмне?

Гүлжан Эшбаева
2311
Интернетте «оозуңа келгенди оттобо». Же цензура деген эмне?

Цензура сөзү латын тилинен (censura) «тыкыр көзөмөл» деп которулат. Башкача айтканда, ТВ, радио, гезит, интернет, кино, музыка, видео, фото чыгармачылыкты көзөмөлдөө системасы. Мындай абал көбүнесе мамлекеттик денгээлде ишке ашат. Тоталитардык режимде ал тыюу салуу, куугунтуктоо менен коштолсо, демократиялык өлкөлөрдө улуттук коопсуздук, стабилдүүлүктү камсыздоо максатында, бирок сөз эркиндигине шек келтирбей жасалат. Көзөмөл системасы Байыркы Римде да болгон — элди каттоого алып иштеген адисти цензор деп аташкан. Анын дагы бир милдети (censura morum) — калктын нравасын, саясий ой-жүгүртүүсүн көзөмөлдөгөн. 

Көзөмөл кылуунун бир канча түрлөрү бар: саясий, аскердик, идеологиялык, светтик, диний, экономикалык жана башка. Цензура эки формада өнүгөт: утурлама (предварительный) жана ээрчиме, жазалоочу (последующий). Утурлама цензурада коомго жарыялана турган маалыматтар алдын ала текшерилет. Ээрчиме цензурада факт катталгандан соң көзөмөл жана жазалоо башталат.

Алгач биз маани бербеген өзүн-өзү цензуралоодон баштайлы. Эгерде автор маалыматын жарыялоодон же коомчулукка өз оюн айтуудан баш тартса, бул өзүн-өзү цензуралоого кирет. Буга көбүнчө атайын мыйзамдар боюнча жоопкерчиликке тартылуу, талкууга түшүүдөн чоочулоо түрткү болот. 

Мисалы, ырчы Курал Чокоев жакында Youtube каналына «В п#зду звезду» аттуу программасын чыгарган. Анда алып баруучу менен юмористтер студияга чакырылган конокту тамашага салчу. Көп өтпөй берүүдөгү сөгүнүү сөздөрү, уят тамашалар коомчулуктун талкуусуна түштү. Алгач Чокоев программасы Youtube`дагы жеке каналына чыкканын, көрүүчүлөр аны өз ыктыяры менен көрүп же көрбөсө болорун айткан. Бирок, көп өтпөй ал берүүсүн толук өчүрүүгө аргасыз болду. Бул өзүн-өзү цензуралоо болуп саналат.

Ал эми Американын 45-президенти Дональд Трамптын окуясы онлайн-цензурага кирет. Анткени Твиттер социалдык тармагы зомбулукка чакыруу шеги менен анын аккаунтун 8-январда биротоло жаап салды. Учурда Трамптын профайлынын түбүндө минтип жазылып турат: «Аккаунттун активдүүлүгү токтотулган. Твиттердин эрежелерин бузгандардын кыймылы токтотулат».

Интернет цензурасы (Internet сеnsorship) — социалдык тармакка кирүү же билдирүү жазууну көзөмөлдөө. Мында соцтармактын колдонуучуларынын билдирүүлөрү, сайттар бөгөттөлөт, тиркемелерди колдонууга тыюу салынат. Мисалы, 2020-жылдын июль айында Change.org — онлайн-петициялар сайты Кыргызстандын аймагында ачылбай калган. Андагы эң акыркы петиция (жаматтык өтүнүч) ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын талап кылган мазмунда жазылган эле. Ал эми Кытайда WhatsApp, Facebook, Twitter, Youtube, Instagram жана Google иштебейт. Булардын ордуна WeChat, Weibo сыяктуу аналог тиркемелерди колдонушат. Айта кетчү жагдай, Кытайдын Tik-Tok тиркемесине Американын аймагында тыюу салууну өз кезинде Трамп демилгелеген (бирок ишке ашкан эмес). 

Трамптын окуясы онлайн-цензура жана сөз эркиндиги жөнүндө талаштарды жандантты. Американын мыйзамдарына ылайык, зомбулук жасоо тууралуу чакырыктарга жоопкерчилик каралган. Ошондуктан, соцтармактар мындай талапты камтыган эрежелерин катталуу учурунда сунуштайт. Макулдугун берип, бирок эреже бузгандарга чара көрө алат — эскертүүлөрдөн соң аккаунтун биротоло (же белгилүү мөөнөткө) жабууга укуктуу. Мындай кадам өз учурунда соцтармакты мыйзам алдындагы жоопкерчиликтен куткарат. 

Онлайн-цензурага байланыштуу дагы бир демилге эми Орусияда ишке ашканы турат. Ага ылайык, 2021-жылдын 1-февралынан тарта интернетте сөгүнүүгө, макулдашылбаган митингдер жөнүндө жазууга тыюу салынат. Эгер соцтармактын башкармалыгы адепсиз билдирүүлөрдү бир сутка ичинде өчүрбөсө 800 миң рублдан 4 млн рублга чейин айыппул салынмакчы. Ал эми сөгүнгөн билдирүүлөрдүн авторлоруна кандай жаза берилери азырынча белгисиз. 

Соңку сөз ордуна.
Microsoft компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Билл Гейтстин минтип айтканы бар: «Интернетти көзөмөлдөө мүмкүн эмес. Эртеби, кечпи сөз эркиндиги баарыбир жеңет».

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.