.үч.чекит..үч.чекит.

Интернет манипуляциянын фокустары... Ой, ыкмалары!

Гүлжан Эшбаева
1111
Интернет манипуляциянын фокустары... Ой, ыкмалары!

Маалымат окуп калдыңыз. Ал таанышыңыздын жеке билдирүүсү же кайсы бир редакциянын маалыматы чыгар. Сиз «жөн гана жаңылык окудум, өзүм үчүн маалымат алып койдум» деп ойлойсуз. Бирок, ошол кабар аң-сезимиңизге кандайдыр таасир берүүнү көздөгөн болсочу? 

Манипуляция латын тилинен (manus) которгондо «кол менен башкаруу» дегенди түшүндүрөт. Себеби, алгач бул терминди фокусниктер менен байланыштырышкан. Фокусниктер өз «сыйкырын» колу менен жасап, буюмдарды керектешкен. Кийинчерээк манипуляцияга фокусниктин колу жана буюм эмес, адам менен анын аң-сезими колдонула баштады. Бул өзгөрүү жаңы ыкмалардын пайда болушуна алып келди.

Ал эми англис тилинин сөздүгү манипуляцияны «таасир берүү жана башкаруу үчүн колдонулчу жашыруун ыкма» деп чечмелейт. Жалпысынан манипуляция — бул адамдын аң-сезимине жана эркине купуя таасир этүү.  

Мисалы, сиз жашаган өлкөдө шайлоо өткөнү жатат. Негизги талапкерлер — Эшмат жана Сапар. Интернетте Эшматты жактаган расмий баракча, группалар ачылды. Анын мыкты, татыктуу талапкер экендиги жөнүндө маалыматтар таратыла баштады. Эгерде ошол баракчада Эшматты мактаган кабарлар менен кошо Сапарды коррупционер деп айыптаган информациялар таратылса — манипуляция. Мунун артында Сапарды татыксыз деп ойлошуңузга таасир этүү аракети жатат.

Лентаңыздагы байкалбаган манипуляция

Соц тармакта баарынын мүмкүнчүлүктөрү бирдей. Сүрөт, видео жүктөө, комментарий жазуу укуктары опокшош. Белгилүү саясатчынын жактоочусу аны гезит, ТВдан гана көрбөй, аны менен интернеттен байланыша алат. Мындай көрүнүш интернеттеги достукка жеңил ишене турган кылды. Ошол эле учурда, интернеттеги манипуляция жаңы деңгээлге чыкты дешет адистер.

Мисалы, интернетте белгилүү ырчы же блогер менен достошконсуз/катталгансыз. Алар баракчасына «мыкты» дүкөнгө барганын жазса, сиз маалымат алып гана тим болбойсуз. Бул сиздин аң-сезимиңизге даяр идеяны сунуштоо. Башкача айтканда, жарнама. Немец социологу Герберт Франке «көп учурда манипуляция жашыруун жасалат. Буга жарнама эң жакшы мисал», — деп айткан. 

Интернеттеги достор кайсы бир деңгээлде тилектештер. Досторго ишеним пайда болгондо, алардын ой-пикирине карата сынчыл ой жүгүртүү төмөндөйт. Дал ошол себептүү жарнама берүүчүлөр блогерлер менен кызматташат. Демек, бул соцтармактын колдонуучуларын өз «досторунун» жардамында манипуляциялоо.

Соода борбордун жанында көп адам кезекте турса, көпчүлүк дүкөндүн товарлары мыкты деп ойлошу ыктымал. Соцтармакта да ошондой — кимдин катталуучусу көп болсо, кимдин жазганы көп «лайк» же комментарий топтосо ошонун пикири туура деп ойлошот. Башкача айтканда, «бардык түшүнүксүз абалда көпчүлүк эмне кылса, сен да ошону кыл» принциби. Манипуляция үчүн колдонулган бул ыкма — коомдук далил (социальное доказательство) деп аталат.

Ресторандын менюсунун артынан такси кызматынын номерлерин көрүп калдыңыз. «Тамактануучу жай мага кам көрүптүр» деп ойлосоңуз адашасыз. Манипуляциянын мындай ыкмасы «жагымдуу алмашуу» (взаимный обмен) деп аталат. Интернеттеги посттор деле ушул эле ыкма менен жазылышы мүмкүн: дүкөндүн кызматынан арзан пайдалануу, аны соцтармактагы мактоо постуна алмашуу.

Айрым маалымат каражаттарынын манипуляциясы

Интернетте маалыматты ылгабагандыктан улам окурман чогултууну каалаган «сары пресса» көбөйөрү анык. Мындай мүмкүнчүлүккө кызыктар тараптар: саясий лидерлер, атаандаш белгилүүлөр активдешет. Америкалык лигнвист Ноам Хомский маалымат каражаттарынын манипуляция үчүн колдонгон ыкмаларын ачыктаган. Анын негизгилерин баяндайбыз:

💥 Окурмандардын көңүлүн башкага буруу — бул манипуляция менен алектеген ММКнын сүйүктүү ыкмасы. Эң негизги көйгөй жөнүндө дээрлик сөз болбойт. Анын ордуна эмоцияга таасир эткен сүрөт же күлкүлүү/кайгылуу окуя баяндалат. Мисалы, саясатчынын коррупция жөнүндө суроого жооп бергени кызуу талкууланып жатат. Бул учурда айрым редакциялар саясатчынын жаш баланы кучактаган сүрөтү коюлган макала жазып, коомчулуктун көңүлүн башка жагдайга бурууга аракеттенет.   

💥 Кичинекей көйгөйдү чоң кылып көрсөтүшөт. Буга чейин ачыкталбаган теманы жазгандай элес берип, маалымат жазышат. Натыйжада фейк маалыматтар таркап, расмий билдирүү жасоого аргасыз абал жаралат. Мисалы, «коронавирустан улам көчөдө жыгылып, каза табышууда» деген баштема коюлган жаңылыктар. Мындайда бийлик өкүлдөрү расмий түрдө кайрылуу жасаганга мажбур болот.  

💥 «Муну бүгүн кабыл алыш керек». Бул ыкманы саясий күчтөргө кызмат кылган, бир тараптуу чагылдырган ММКлар колдонушат. Мисалы, кайсы бир мыйзам долбоорун кабыл алып же референдум өткөрүү керек болду дейли. Бул учурда окурмандарга «бул мыйзам долбоорун бүгүн кабыл алуу пайдалуу» деген өңдүү материалдар сунушталат. Канчалык оор болсо да бүгүн ушул чечимди кабыл алсак эртеңибизге жакшыраак болот деп манипуляция кылышат. 

Интернет-достор бөлүшкөн маалыматтарды бир канча ишеничтүү булактардан окуу керек. Соцтармактагы баракчада жалаң окшош пикирлүү эмес, түрдүүчө ой жүгүрткөн адамдардын болгону дурус. Бул маалыматты ар тараптан күзөтүүгө жардам берет. 

Манипуляциянын максаты — аң-сезимге, эмоцияга жашыруун таасир этүү. Эмоциялар гана бизди реакция жасоого, жооп кайтарууга түртөт. Ошондуктан, интернеттен жаңылык же бирөөнүн билдирүүсүн окугандан кийин дароо эмоционалдык деңгээлиңизди таразалаңыз. Андан кийин «лайк» басасызбы, комментарий жазып, бөлүшөсүзбү — ал сиздин аң-сезимиңиздин жоопкерчилигинде болсун. 

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.