

Инфлюенсер деген ким?


Instagram жана Youtube аркылуу миңдеген адам бизге туура тамактануу, спорт менен машыгуу, саркеч кийинүү, эс алуу боюнча жана башка түрдүү кеңештерин берип келет — социалдык тармактар ар бир адамга эбегейсиз таасир этип, керек болсо кадимки жашоодон да салмактуу болуп калган учур. Дал ушул шартта өтө популярдуу болгон инфлюенсерлер тууралуу айтып кетпесек болбос.
Influence анлис тилинен которгондо «таасир этүү» дегенди билдирет, ал эми «инфлюѐнсер» – белгилүү бир тармак боюнча аудиторияга таасир эткен адам же пикир жаратуучу.
Инфлюѐнсерлер социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу пайдалуу жана кызыктуу кеңештерин берип турат. Алар ар дайым кооз жашоосу жана жагымдуу сүрөттөрү менен бөлүшүшөт жана түрдүү товарлар, кызматтар тууралуу пикир жаратып, алардын оңой сатылышына себепкер болот. Ал эми аудиториянын, катталуучулардын инфлюенсерлерге болгон ишеними чоң болот. Эмне үчүн?
Адамды адам кызыктырат. Бул айдан ачык факт. Кошуналардын, кесиптештердин жана башка тааныштардын жеке жашоосу, ийгилиги жана кыйынчылыктарды жеңген жолу дайыма башкалардын көңүлүн буруп, талкуусуна кабылып келген. Ал эми инфлюенсерлер белгилүү бир топтогу адамдарга жакын болот. Алар аудиторияга «менин жашоом, көйгөйлөрүм силердикиндей эле» деген өңүттө белги берип турат. Дал ошол себептен улам «жансыз» же жасалма жарнамага караганда, тирүү адамдын жарнамасы натыйжалуу болот эмеспи. Андыктан, заманбап бизнес чөйрөсү инфлюенсерлер менен шериктешкенге умтулат.
Сиз дагы бир нерсе сатып алардан мурда алгач ал тууралуу түрдүү пикирлер менен таанышсаңыз керек. Ошол эле товарды сиздин жакын досуңуз колдонуп, сизге сунуштасачы? Же сизге өтө жаккан Instagram жылдызы тартууласачы? Мындай учурда сиз бул товарды сатып аласыз деген кепилдик чоң болот. Мындан тышкары, «жансыз» жарнамадан инфлюенсердин жарнамасынын эң чоң артыкчылыгы — бул аудитория менен тыгыз байланыш түзгөнү, анын суроо-талаптарына жооп бергендиги жана сатылган товарлар менен кызматтарды көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү.
Башка сөз менен айтканда инфлюенсерлер – бул кумирлер. Мындан 10 жыл мурун атактуу жылдыздар гана (ырчы, актер, селебрити) кумир боло алса, бүгүнкү күндө ар бир адамда мындай мүмкүнчүлүк бар. Ал үчүн сөзсүз тележылдыз болуунун кажети жок. Болгону социалдык тармактарда кызыктуу контент жаратып, жүз миңдеген, миллиондогон катталуучуну чогултуу жетиштүү.

Микроинфлюенсерлер деген кимдер?
Албетте, миллиондогон катталуучуну чогултуу оңой эмес. Бирок айрым пикир жаратуучуларда 15 миңден 100 миңге чейин катталуучу бар. Алар маалыматты өтө кызыктуу тартуулап баяндайт. Мисалы, таанымал ашпозчу, кызыктуу телеграм-каналдын ээси, ийгилик жараткан апалар, блогерлердин жана атактуу инсандардын жардамчылары же болбосо атактуу дүкөндөрдүн соодагерлери ж.б. Булар микроинфолюенсерлер деп аталат жана айрым учурда алардын аудиторияга болгон таасири кадимки инфлюенсерлердикинен да чоң болот. Мисалы, микроинфлюенсерлер жарнамалаган товарлар жана кызматтар ыкчам жана чоң көлөмдө сатылып кетет. Себеби, микроинфлюенсерлер биздин ишенимдүү, жакшы тааныштарыбыздай болот. Ал эми миллиондогон катталуучулары бар инфлюенсер бренддин атагын чыгарганы менен, сатуулардын эбегейсиз көп болушуна кепилдик бере албайт.
Инфлюенсер болгуңуз келсе...
Эгер сиз дагы инфлюенсер болуп, социалдык тармактар аркылуу каражат табууну кааласаңыз, анда төмөнкү кадамдарга көңүл буруңуз:
- алгач сиздин жан-дүйнөңүзгө жакын болгон, сизге рахат алып келчү тармакты тандап алыңыз (мода, спорт, кулинария, туура тамактануу, бий ж.б.) Ошол багытты изилдеп, андан соң башкаларга да ал тууралуу кеңеш бере аларыңызга көзүңүз жетсин;
- Сиз тандап алган тармакта кызыктуу контент жаратыңыз. Бул учурда сиз жазган текст дагы, аны коштогон сүрөт/видео да маанилүү. Текст жөнөкөй тилде жазылып, ал эми сүрөт менен видео сапаттуу болушу шарт. Контентти үзбөй, туруктуу жаратып туруңуз. Себеби, көпкө чейин кабарыңызды билдирбесеңиз, катталуучуларыңыз азайып, сиз жасаган контенттин жайылышы да басаңдап калат. Эгерде Instagram, YouTube же Facebook аркылуу иштесеңиз, жумасына бир же эки жолу пост жазып туруңуз;
- мобилдүү, ыкчам болуңуз. Аудитория менен байланышып, анын үнүн угуп туруңуз. Катталуучулардын пикирине көңүл буруу менен алардын сизге болгон мамилесин бекемдей аласыз. Мындан тышкары, сиздин мобилдүү болгонуңуз бизнес үчүн дайым ачык экениңизди билдирет. Демек, кардарларыңыз көбөйүп, каражат табууга кошумча шарт түзүлөт;
- баса, бренддер менен кызматташууга ачык экениңизи билдириңиз жана башка инфлюенсерлер менен кызматташууга аракет кылыңыз.
Жакшы натыйжага жетүү үчүн бул процесс убакытты жана күчтү талап кылаарын унутпаңыз. Дароо эле таасир этүүчү болом деп ойлобоңуз. Бирок, ушул кеңештерди колдонуп, көбүрөк издене берсеңиз, интернетте каражат таба баштайсыз.