.үч.чекит..үч.чекит.

Имиштин жаратылышы

үч чекит редакциясы
2322
Имиштин жаратылышы

«Ун кымбаттайт, азык-түлүк калбай калат» деген имишти уктуңуз беле? «Чын эле, балким ошондой болсочу» деп ойлонуп калган учур болсо керек. Имиш эмне десе – бул курулай сөз деп айтканыңыз менен, айрым учурда ага ишенесиз. Ага эмне үчүн ишенет экениңизди түшүндүрүп беребиз.

Коронавирустун алгачкы учуру Кыргызстанда катталары менен «азык-түлүк кымбаттап, калбай калат имиш» деген сөздөр тараган. Расмий органдар чара көргөнгө чейин ун сатуучу дүкөндөрдө кезек күтүүлөр да байкалган. Мындай имиш кептер эмне себептен пайда болот?

Имиштер көбүнчө расмий, так кабардын жетишсиздигинен, анын кечигишинен же ага канааттанбагандыктан келип чыгат. Мисалы, коронавирус эпидемиясы өлкөдө жаңы башталганда азык-түлүктүн наркы жөнүндө алдын ала расмий маалымат айтылган эмес (түшүндүрүү иштери кийинчерээк жүргүзүлгөн). Бирок, адамдар өз алдынча тыянак чыгарышып, дүрбөлөң сала башташкан. Мындайда кишинин аң-сезими жоромолдорду кабыл алганга даяр болот. Ошентип, «азыктар кымбаттайт» деген божомол ишеничтүү болуп сезиле баштаган. 

Ооба, буга логикалык түшүндүрмө бар: өлкөлөр чек араларын жаап алса, завод-фабрикалар иштебей калса, азык-түлүк жана дүң баасы жогорулашы турган иш. Кийинчерээк, дүрбөлөң басаңдап калганда, азыктардын наркы чын эле жогорулашы мүмкүн экендигин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте билдирген.

Демек, имиш – бул дүрбөлөң ойду тоюндурган маалымат. Ал адамдын оюндагы кыжалатчылыкты, муктаждыкты канааттандырат. Ошондой эле, имиштеги окуянын болуп кетүүсүнө алдын ала моралдык жактан даяр болууга жардам берет. 

Имиштин жаралуусу

Эми имиштин жаралуу процессин айталы. Мисал катары кошуналардын маегин карап көрөлү:

Самат: Асан, дүкөндөн келатасыңбы? Ун бар бекен, байкаган жоксуңбу?Асан: Ооба, бар экен, жаңы эле түшүптүр. Унуң түгөндүбү?
Самат: Түгөнгөн деле жок. Алып коёюн деп жатам. Азыркы дүйнөдө болуп жаткан кырдаалдан улам, баасы өсүп кетеби деген ой.
Асан: Туура айтасың. Ошону ойлобоптурмун, анда мен дагы барып бир мүшөк алып коёюн.

Эми ошол имиштин тароо процесси: Асан дагы башка кошунасы менен сүйлөшүп жатып, Саматтын оюн маегине кыстырып кетти же мессенджер аркылуу жазып жиберди. Асан өзүнүн тааныштарына «маанилүү» ойду айткысы келди да. Башкалар деле унду арзан кезинде алып калышын каалады. Бул кабарды уккан же окуган тарап маалыматтын өзү түшүнгөн бөлүгүн башкага айтууга жетишип, керек болсо, «элдин баары ала баштаса, дүкөндөрдө ун калбай калат» деген оюн да кошуп жиберди. Мына, ун жөнүндө имиш даяр.

Имиш жана фейк – «бир туугандар»

Имиш дайыма болуп келген. Мурда ал оозеки жайылса, учурда интернеттен да таралат. Ал кайсы бир мөөнөткө чейин эле жашайт – адамдар үчүн эскирип, жаңысы пайда болгонго дейре. Өзгөчө көйгөйлүү маселелерде имиш ылдам тарайт. Себеби, мындай жол менен адамдар өз кыжалатчылыгын басаңдаткысы келет. 

Имишти божомол калпы десек да болот. Эгерде ошол божомол кайсы бир маалымат айдыңында расмий булактарсыз чагылдырылса, анда ал фейкке айланат. Анткени, айрым маалымат каражаттары түрдүү кабарга муктаж болуп турган боштукту толтурууну көздөп, имишти максаттуу таратышат. Бул учурда калпты аныктоого зарылчылык пайда болуп, анын калп экени тастыкталса – ал фейк. 

Жыйынтык: имиштер чындыкка туура келиши мүмкүн (бирок дайыма эмес). Ал эми фейк – атайын таратылган калп. 

Сиз үчүн эң маанилүү жагдай – кандай маалыматты уксаңыз, окусаңыз дагы дүрбөлөңгө алдырбаңыз. Аларды ар дайым сынчыл ой-жүгүртүү менен текшерип туруңуз.

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.