.үч.чекит..үч.чекит.

Хейтспич жөнүндө эмнелерди билесиз?

Гүлжан Эшбаева
1170
Хейтспич жөнүндө эмнелерди билесиз?

Хейтспич англис тилиндеги hate — «жек көрүү», speech — «сүйлөө» сөзүнөн алынган. Мааниси касташуу тили дегенди билдирет. Башкача айтканда, коомчулук алдында кимдир бирөөнүн (же топтун) социалдык өзгөчөлүктөрүнө карай жек көрүү, кемсинтүү, сөздөрүн айтуу же жазуу, сабырсыздыкты көрсөтүү. 

Касташуу тили көбүнчө калыптанып калган түшүнүктөрдөн (стереотип) улам пайда болот. Киши стереотиптик ойлору бар экенин өзү байкабашы мүмкүн. Жада калса, тамашаладым деп ойлошу ыктымал. Бирок, «тамаша сөз» кайсы бир адам же азчылык жөнүндө коомго образ даярдап берет. Стереотип бир канча адамда бар болсо, капыстан айтылган бир ооз кеп деле зыян жеткирүүгө жөндөмдүү. Анткени, коомчулукка айтылган хейтспич адамды (топту) кемсинтип гана тим болбойт. Бул нерсе өрчүп отуруп коркутуп-үркүтүүгө, зомбулукка жеткириши мүмкүн.

Ал эми көпчүлүктүн алдында кагуу жеген адам психологиялык жактан жабыркайт. Аны жек көрүү сөздөрү, теңсиздик жана адилетсиз мамиле басынтат. Ошондуктан, кемсинтүүгө кабылгандар тең укуктуулук аянтына чыга албашы ыктымал. 

2019-жылы орусиялык «Россия-1» телеканалынын алып баруучусу Андрей Малаховдун окуясын мисал катарында алалы. Малахов эфир учурунда жол кырсыгына күнөөлөнгөн кыргызстандык мигрант жөнүндө: «Ал бир нече ай такси айдап иштейт. Ага 100 миң доллар берсең бул акча анын бүт үй-бүлөсүн, бүткүл «аулду» жана туугандарын бактылуу кылат. Ал жакта маяна 10 доллар, алар өмүрүнүн аягына чейин мындай акча таба алышпайт», — деп айткан. Кыргызстандыктар анын бул айтканын хейтспич катары кабыл алып, массалык түрдө нааразычылыктарын билдирген соң, кийинчерээк Малахов Кыргызстан элинен түз эфирде кечирим сураган.   

Хейтспичке «кошуна» терминдер: 

Сексизм — кишини жыныстык өзгөчөлүгүнө карай уяткаруу. Көбүнчө бул эркек менен аялдын ролу жөнүндө түшүнүктөрдөн улам чыгат. «Эркек адам эч качан ыйлабайт», «аялдын орду ашканада» деген сыяктуу сөздөр. 

Эйджизм — адамды жаш курагына карата кемсинтүү. Мисалы, «25 жашка чейин турмушка чыкпаганың үчүн кара далысың». 

Шовинизм — улутуна карай бөлүп жамандоо. Мисалы, «жүлжүк көздөр, жүнбаштар шаарды каптап кетти». 

Лукизм — сырткы келбетине, чырайына карай басынтуу. Мисалы, жумуш берүүчүлөр «слявян келбетиндеги гана адистерди ишке алабыз» дешсе. 

Гомофобия — сексуалдык ориентациясына карай жамандоо. Мисалы, «көгүштөр менен дос экен» деген сөздү колдонушса. 

Эйблизм — майыптык абалына карай бөлүү. Майып адамдын мүмкүнчүлүгүн дени соо киши менен салыштырып кемсинтүү. 

Интерсекс — кош жыныстууларды уяткаруу. Адамды «же эркек эмес, же аял эмес» деп басынтуу. 

Класстык бөлүү — социалдык абалына, бай-кедейликке бөлүп кемсинтүү. «Сендей кембагалдарга бул жерде жүргөн жарашпайт».  

Мындан сырткары, этникалык өзгөчөлүгүнө, сүйлөгөн тилине жана диний ишенимине карай басмырлоо бар. Дегеле, басынтууга себеп нерселер адамдын фантазиясынан да көз каранды жана ал чексиз. Кээде хейтспич сүрөт же символ аркылуу да жасалышы ыктымал.   

Касташуу тилине кабылсаңыз эмне кылуу керек?

  • Бардык тарабы төп келишкен адамды деле жактырбай, кемчилигин издегендер чыгат. Муну билесиз. Демек, өзүңүздү кемчиликтүү сезбеңиз;
  • Сизди басмырлагандарга алардын «тилинде» жооп айтпаганыңыз туура. Бул сизге карата басымды күчөтүшү мүмкүн;
  • Интернетте онлайн-платформалардын «арыздануу» (пожаловаться) буйругун колдонуңуз; 
  • Жакындарыңыз менен ой бөлүшүңүз. Муктаждыкка карай психолог менен маектешиңиз;
  • Эгерде коркутуп-үркүтүү болуп жатса токтоосуз юрист менен кеңешип, укук коргоо органдарына кайрылыңыз.  

Касташуу тили менен күрөшсө болобу?

Касташуу тилине каршы турууда социалдык тармактар деле аракетте. Мисалы, 2016-жылы Microsoft, Google сыяктуу ири компаниялар Евробиримдиктин касташуу, дискриминация жана терроризм тууралуу билдирүүлөрдү, комментарийлерди өчүрүү эрежесине макул болушкан. Учурда Твиттер 1% кемсинтүү контентин тазаласа, Фейсбук 39 пайыз, ал эми Ютуб 90 пайыз билдирүүлөрдү өчүрүп жатат.

Ошентсе да касташуу тили менен күрөштө коомчулуктун сабаттуулугу маанилүү. Өзгөчө интернетте тынчтык, урмат-сый, көңүл калтырбоо жөнүндөгү көңүлдүү маалыматтарды бөлүшүү жактырылат. Албетте, адамдар атайын бирөөнү кемсинтпейт чыгар. Бирок, байкоосуздан башка адамга карата хейтспич колдонбоо үчүн учкай кеңештер:

  • Бул жашоодо баары бирдей. Башкалардын укугун сыйлоо керек;
  • Сылык болгон оң. Бирөөнүн өзгөчөлүгүн кемсинтип белгилөөнүн кажети жок;
  • Интернетте кемсинткен маалыматтарды бөлүшпөгөн жакшы. Жактыны басып, комментарий жазуу — хейтспичке тилектештик. Тескерисинче, басмырлоого кабылгандарды колдоо зарыл;
  • Бирөөгө карата баалоо сөзүн жазарда «жети жолу ойлонуп» кадам таштаган туура.
Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.