.үч.чекит..үч.чекит.

Google сиз тууралуу эмнени билет?

үч чекит редакциясы
878
Google сиз тууралуу эмнени билет?

Интернет-корпорациялар жеке маалыматтарды сактап-колдонору тууралуу угуп калсаңыз керек. Google`дун директорлор кеңешинин төрагасы Эрик Шмидт колдонуучулардын дооматтарына мынтип жооп берген: «Эгер башка бирөөнүн билишин каалабаган нерсеңиз болсо, анда муну интернетке чыгарбай эле койгон оң». Интернет бир жагынан зарыл инструментке айланды, а аккаунт жеке мейкиндик катары кабылданат.

Социалдык тармактар, карталар, издөө сапчасы – ушунун баарын өзүбүздүкү деп билебиз. Бирок, экинчи жагынан тигил же бул сервистер компанияларга таандык, алар колдонуучулардын маалыматын өз кызыкчылыгына колдонууга кызыкдар.

Эмне кылуу керек? Албетте, бардык гаджеттерди ыргытып, алыскы бир айылга жашаганы аттанса болот. Ошондо сервистер сизге жете албайт. Бирок бул вариант сиз үчүн өтө эле радикалдуу болсо, кайсы маалыматтар сизге таандык экенин жана аны коргоону билиш керек.

Сиз барган жерлер ⠀

Жүргөн жайларыңыздын тарыхында сиз барган жерлердин тизмеси сакталат. Сервистин көзү менен караганда бул «Google Картанын» ишин жакшыртууга жардам берет. Бирок система ушунчалык көп нерсени эстеп калганы сиз үчүн жагымсыз жагдайды жаратып калышы мүмкүн. Сиз барган жерлердин хронологиясын шилтеме аркылуу караңыз: https://www.google.com/maps/timeline?pb. Бардык тарыхты же анык бир жайлардын хронолгиясын өчүрүп же өзгөртсө болот.

Издөө тарыхы

Колдонуучу Google-аккаунтуна кирген бардык телефон, компьютер дагы башка каражаттарда издөө тарыхы сакталат. Сиз кайсы бир түзмөктөгү тарыхты тазалаганыңыз менен, система башка жактагы маалыматтарды сактап калат. Издөөдө калган «изиңизди» бул жактан караңыз: https://myactivity.google.com/myactivity. Эки ай мурун түнкү саат экиде сиз «ысык майга сууну бүрксө эмне болот?» деп кызыккансыз. Google эч нерсени унутпайт. Тарыхты тазалап, кайсы маалыматтар сакталышы керектигин тууралап алсаңыз болот.

Тиркемелердин тарыхы

Google сиз колдонгон ар бир тиркеме тууралуу маалыматты сактап калат. Демек, сиз канчада уктайсыз, киного барасызбы, китеп окуйсузбу же иш издеп жатасызбы, иши кылып система баарын билет. Бирок мунун жакшы жери – көпчүлүк тиркемелерге Google аккаунт жеткиликтүү. Эгер кайсы бир тиркеме шектүү болсо, ишенимге ээ болбосо, анда ал тиркеменин сиздин маалыматка жетүүсүнө аккаунт аркылуу тыюу салган оң. Бул үчүн тиркеме тууралуу маалыматта «Закрыть доступ» баскычын басуу керек.

YouTube`га берилген суроо-талаптар

Google YouTube`да эмнени жана качан издегениңизди эстеп калат. Демек, компания сиз кайсы тасма баяндарын көрөсүз, кайсы косметиканы колдоносуз, кайсы ишти видеоинструкциясы жок чече албай турганыңызды билет. YouTube`да эмнелерди издегениңизди бул жерде караңыз: https://www.youtube.com/feed/history/search_history. Издеген ар бир сөзүңүздүн жанындагы «х» баскычын басып, каалаган теманы өчүрүңүз. Же болбосо, тарыхты толугу менен тазалап (оң жактагы менюда) же сактап калууга такыр эле тыюу салсаңыз болот.  

Жеке сиз үчүн жарнама

Жеке маалымат жарнама үчүн колдонулат. Мисалы, жашыңыз, геолакация, жыныс, жаш, интернетте эмнени издегениңизге карап керектүү жарнаманы чыгарышат. Система сиз интернет-дүкөндөрдөн кандай товарларды көргөнүңүздү унутпайт. Тилекке каршы, сиздин маалыматыңыз үчүнчү жактын колуна тийип калбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. А кара ниет адамдар маалыматыңызды ар кандай максатта колдонушу мүмкүн: шантаждан тарта уурдаганга чейин.    

Сиздин аккаунтуңуз үй сыяктуу эле: чакыруусуз эч кимди киргизбейсиз. Бирок ал үй ошол эле маалда кеңсе, дүкөн, кинотеатрдын да функциясын аткарат. Андыктан чынында эле сиз үчүн өтө керектүү, сыр маалыматты интернетте сактабай эле койгон оң жана сервистерди өз алдынча тууралоодон эринбеңиз. Сизге муну бирөө келип кылып бербейт.

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.