.үч.чекит..үч.чекит.

Фейкти кантип аныктаса болот?

үч чекит редакциясы
2184
Фейкти кантип аныктаса болот?

Таанышыңыз же досуңуз бир маалымат менен бөлүштү дейли. Сиз ага кызыгып, жактыны (лайк) бастыңыз, мына эми жалындуу сөздөрдү жазып бөлүшөйүн деп турасыз. Дал ушул жерден «ал маалымат калп болсочу?» деп өзүңүзгө суроо салыңыз – бул фейкти аныктоонун алгачкы кадамы. Анан текшере баштаңыз. 

1. Маалыматтын аталышына көңүл буруңуз

Жаңылыктын темасын окуганда эле сизде кандайдыр эмоция пайда болот. Таң каласыз, «кантип ушундай болсун?» деген ойлор келет. Фейк маалыматтын максаты ошол – сиздин бүйүрүңүздү кызыткан тема коюлат.  

Фейк кабарларды жазгандар журналисттик стилге дээрлик таянышпайт. Сөздөрүн салмакташпайт. Ошондуктан, жаңылыктын аталышында чагымдын белгилери болот. Демек, кайсы бир адамды ашыра мактап же ашкере кемсинтиши толук мүмкүн.

2. Кабарды толук окуп чыгыңыз

Кээде биз маалыматтын темасын же биринчи абзацын гана окуп коёбуз. Унутпаңыз, узун текстти окуганды жактырбашыбызды фейк жаратуучулар деле билет. Алардын тузагына түшпөй, кабарды соңуна чейин окуп чыгыңыз. Макаланын аталышы менен мазмуну дал келдиби? Ашыкча мазактоо, абийирге шек келтирүү сөздөрүн да байкадыңызбы? 

3. Маалымат булагын караңыз

Жаңылыкты кимге, кайсы маалымат булагына таянып жазышканын байкаңыз. Бул алтын эреже. Макалада эч бир ысым жазылбаса, цитата (маалымат берген кишинин сөздөрү) келтирилбесе же жөн гана «өздүк булактарга» таянган болсо, бул шектенүүгө арзыйт. 

4. Макаланын авторун издеңиз

Маалыматты жазган автордун аты-жөнүн издеңиз. Анын башка эмгектерин да окуп чыгыңыз. Автордун жазганында тең салмактуулук барбы? Эгер макаланын ээсинин ысымы көрсөтүлбөсө, анда шектенүүгө негиз бар. 

5. Кандай сайт жазып чыкты?

Маалыматты жазган сайт жөнүндө мурда уктуңуз беле? Маалымат айдыңында активдүүбү? Көбүнчө кандай материалдарды жазарын анализдеңиз. Сайттагы башка кабарларына да көз жүгүртүңүз, балким шек туудурган бир канча материалдар бар чыгар. Башкы бетинде редакциянын дареги же байланышуу жолдору жазылганбы?  

6. Ошол эле маалыматты ишеничтүү сайттардан издеңиз

Бул кабарды башка сайттар жаздыбы? Буга чейин ишенип окуган маалымат каражаттарынан ошол кабарды издеп көрүңүз. Дагы бир жолу бар – сиз окуган макаладагы негизги сөздөрдү же сүйлөмдү көчүрүңүз да Googleга жазыңыз. Материалдын түп нускасындагы мазмун башкача болушу ыктымал. 

Эгерде бул кадамдарды жасап жатып, жок дегенде бир жерден шектенүү пайда болсо, анда сиз окуган маалымат калп. Аны менен бөлүшпөңүз. Тескерисинче билгениңизди баягы жаңылыкты таратып жаткан таанышыңызга айтып коюңуз. 

«Майлуу-Сууда өзгөчө жылан табылды»
фейк

Жогоруда келтирилген кеңештерге мисал издеп көрөлү. Эки жылдай мурда интернетке «Жалал-Абаддагы Майлуу-Суу шаарынан анаконда табылды» деген видео тараган. Аны бир канча YouTube блогерлер, аны менен бирге сайттар да жазып чыгышкан.

Тасмадан суунун ичинде сойлоп бараткан узун жыланды көрүүгө болот. Ал эми видеону кыргыз тилинде коштогон үн «12 метрлик жылан Майлуу-Суудагы сайда бар экен. Сайга түшүүдөн коркуп калдык», – деп сүйлөгөн. 

Муну жазган сайттардын бирине кирип Майлуу-Суудан 12 метрлик жылан чыгыптыр деген маалыматты жогорудагы кеңештерди колдонуп текшерсеңиз, анын фейк экенине ынанасыз.

Эми сиз чындыкты фейктен айырмалай аласыз. Журналисттердин калп маалыматты аныкташын күтпөй, өз тааныштарыңызга так кабарды жеткире берсеңиз болот. Башкысы, кайсы учур болбосун скептик (чындык деген нерседен дайыма шек саноо) болуңуз. 

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.