.үч.чекит..үч.чекит.

Фейктерди ким жаратат жана таратат?

үч чекит редакциясы
1234
Фейктерди ким жаратат жана таратат?

Конспирологиялык теорияларды жана фейктерди ким жаратат? Бул ушак-айыңдардын башында ким турат? Аларды ким таратат?

BBC News редакциясы иликтөө жүргүзүп, фейк жараткан жана/же аны тараткан адамдардын 7 түрүн аныктап, алардын мындай кадамына эмне түрткү боло тургандыгын изилдешкен:

1. Тамашакөй – мындай типтеги фейк түзүүчү башка адамдарды бир аз чочутуп, алардын реакциясынан көңүл ачат. Ал өзү ойлоп тапкан аудио билдирүүлөрүн WhatsApp аркылуу досторуна жөнөтөт жана маалыматтын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн, «расмий өкүлдөрдөн келген» деген калп каттын скриншотун кошуп коет. Анын билдирүүсү тез арада ар кандай социалдык тармактарга жайылат. Атын атагысы келбеген ушундай фейк жаратуучулардын бири: «Мен коомдун дүрбөлөңгө түшүүсүн каалаган эмесмин. Эгер алар социалдык тармактардагы скриншотторго ишене беришсе, анда интернеттеги маалыматты колдонуу адаттарын кайрадан карап чыгуулары зарыл», – дейт.

2. Шылуун (мошенник) – социалдык түйүндөрдө тараткан жасалма билдирүүлөрүн акча табуу максатында түзүшү мүмкүн. Ал мындай билдирүүлөрдө адамдарды зыян алып келүүчү шилтемелерге кирүүгө үндөйт же болбосо банкка тиешелүү же башка жеке маалыматтарды талап кылат. Өзүнүн жасалма билдирүүлөрүндө ал адамдардын эмоцияларына басым жасайт. Маселен, Казакстанда коронавирус пандемиясына байланыштуу өзгөчө кырдаал учурунда мамлекет калкка социалдык жөлөкпулдарды төлөп жаткандыгын жарыялаган. Шылуундар бул жагдайдан пайдаланып, социалдык тармактарда атайын түзүлгөн көптөгөн жасалма аккаунттар аркылуу алдамчылык жолу менен адамдардын жеке маалыматтарын алышкан. Карантинде жумушсуз отуруп калгандыктан көптөгөн адамдардын эмоциялары ой жүгүртүүлөрүн чектеп койгон.

3. Конспиролог – коомдук маанилүү маселелердеги ар кандай белгисиздиктер конспирологиялык теорияларга жакшы негиз түзөт. Айрым учурларда, конспирология коомго жана адамдардын коомдук жашоосуна олуттуу зыян келтириши мүмкүн, ал тургай айрым компанияларды материалдык чыгымга учуратат. Жаңы 5G байланышы – актуалдуу мисалдардын бири. Бул теорияны колдоочулар уюлдук мунаралар ден-соолукка зыян келтирет деп ишенишет. Европанын бир катар өлкөлөрүндө жаңы муундагы уюлдук станциялардын өрттөлүшү да катталган.

4. Саясатчы – белгилүү болгондой, дезинформация жана фейк жаңылыктар карапайым жөнөкөй адамдардан гана эмес, саясатчылардан да келип чыгышы мүмкүн. Мисалы, АКШнын президенти Дональд Трамп өзүнүн айрым учурда фейк болуп чыгып калуучу өзгөчө билдирүүлөрү менен белгилүү. Мисалы, маалымат жыйынында АКШнын башчысы COVID-19 вирусунан дарыланууга ультрафиолет нурлануусун сунуш кылган. Бирок адистер анын териге коркунучтуу экендигин эскертишкен. Ошондой эле, Кытайдын тышкы иштер министри эч кандай далилсиз «АКШ аскерлери коронавирусту жайып жатат», – деп каралаган учуру болгон.

5. Инсайдер – кээде жалган маалымат ишенимдүү булактан: дарыгерден, илимпоздон же медициналык адистен келип чыгышы мүмкүн. Инсайдерлер дайыма эле ишенимдүү маалымат бере бербейт. Фейкти жаратуучу адам – башкалар ойлогондой ишенимдүү адам болбой калышы мүмкүн экендигине да көңүл буруш керек.

6. Тууган – адатта, фейкти өзү жаратпайт, бирок негизги жайылтуучулардын бири болуп эсептелинет. Туугандар кам көрүү жана тынчсыздануу сезиминен улам, жакындарынын баарына текшербей туруп коркунучтуу билдирүүлөрдү жөнөтүп жиберишет. Алар мындай билдирүүлөрдү жөнөтүп жатып, «жакындарын коркунучтан сактаган» пайдалуу иш-аракет кылып жаткандыгына чын жүрөктөн ишенишет.

7. Атактуу адам – бул категория фейкти чоң аудиторияга тараткандыгы менен кооптуу. Белгилүү адамга таасирленген адамдар анын пикирине ишенгендиктен, анын жалган маалыматы менен бөлүшүүгө даяр болот. Журналистиканы иликтөө боюнча Рейтер Институтунун жакында жасаган отчету атактуулардын интернетте фейк таратууда чоң роль ойной тургандыгын көрсөттү. Атактуулар да жаңылышат, алардын айткандарын, жасагандарын дайыма туура деп эсептөөгө мүмкүн эмес.

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.