

Фейк жана дезинформациянын эволюциясы


Украиналык Stopfake фактчекерлик редакциясынын негиздөөчүлөрүнүн бири, журналист Ольга Юркова фейк технологияларынын имиштерден баштап татаал манипуляциялык баяндарга чейинки эволюциясын Go Viral Kazakhstan идеялар онлайн-фестивалында айтып берди:
Алгачкы фейктер оңой эле айырмаланчу, эми болсо алар кыйла татаалдаштырылды.
Фейк технологиялары илгертен эле болуп келген. Бардыгы имиштерден башталат, алар бүгүнкү күндө татаал технологияларга чейин эволюцияланды. Карфаген Рим менен болгон маалыматтык согуштун курмандыгы болуп калгандыгы үчүн кулаган деген тарыхтын версиясы бар. Карфагенди багындырганга чейин Римдиктер тарабынан аларга карата жалган образ жаратылган. Ал образ боюнча карфагендиктер катаал жана жапайы көрсөтүлүп, дагы деле адамдарды курмандыкка чалгандыгы жөнүндө айтылат. Римдиктер үчүн мына ушундай жол менен согушка баруу ыңгайлуу болгон.
Кийинчерээк заманбап фейктердин түрлөрүнө айланган тарыхтагы фейктерге бир нече мисалдарды келтирели.
1835 – Биринчи илимий фейк. The New York Sun гезити ажыдаарларды жана фантастикалык пейзаждарды чагылдырган Айдагы жашоо жөнүндө жазып чыккан. Ошондо гезиттин тиражы кеңири сатылып кеткендиктен, мына ушундай фейктер аркылуу акча тапса болору айкын болгон.

1840 – Биринчи фейк сүрөт. Ипполит Баярд сүрөт басып чыгаруу механизмин түзүп, бул технологияны андан ары өнүктүрүү максатында Франция өкмөтүнөн каражат алууга аракет кылган. Бирок өкмөт башка бир инженердин эмгегин колдогон. Ошондо Боярд өзүн сүрөткө түшүрүп, өзүнүн өлүмү жөнүндө маалымат камтылган басылмаларды таркаткан.
1915 – Аскердик үгүттөө. Британиялык The London Times гезити канадалык жоокердин немистер тарабынан асылып өлтүрүлгөндүгү жөнүндө макала жазган. Айрым тарыхчылар бул фейк АКШнын Улуу Британия тарабында согушка киришинин бирден-бир себеби болгон деп эсептешет. Ошондой эле «пропаганда» сөзү терс маани бере баштаган бурулуш учур болгон.
1980-жылдарда СПИДдин жасалма жаралышы жөнүндө жашыруун аракет теориясы пайда болду.
90-жылдар – The Onion сатиралык чыгарылышы онлайн режимине өттү. Бүгүнкү күндө сатиралык материалдарды жазган бир нече популярдуу басылмалар бар, бирок айрым окурмандар аларды чын катары кабыл алышат.

2013 – ботторду автоматташтыруу. Бүгүнкү күндө көптөгөн саясатчылар социалдык тармактарда имиджин көтөрүү үчүн бото-фермаларды колдонушат.
2014 – Телефейктер. Россиянын мамлекеттик каналындагы Украинада дарга асылган бала тууралуу белгилүү фейк репортаж – бул дарга асылган жоокер жөнүндө эски фейкке шилтеме.
2016 – Микротаргетинг. Маалыматтар, анын ичинде фейк жана манипуляциялоочу маалыматтар белгилүү бир колдонуучуга жетүүчү технологиялар. Изилдөөчүлөр микротаргетинг колдонууну Brexit өнөктүгү менен байланыштырышат.
2018 – Дипфейктер. Биздин информациялык мейкиндикте дипфейктер өтө маанилүү орунду ээлейт деп айтууга болбойт, бирок ошентсе да видеолордогу жүздөрдү алмаштыруу технологиялары өнүгүп жатат жана аларды көз жаздымда калтырбоо керек.
2019 – ММКга болгон ишенимди кетирүү үчүн фейктер. Журналисттердин беделин түшүрүүгө аракет жасаган саясатчылардын өзүлөрү жөнүндө фейк маалыматтарды таратышы – бул өтө кооптуу тенденция.
Азыр байланыш дагы, фейк дагы – гибрид. Ар бир адамдын маалымат каналы бар, баардыгы оюн эркин айта алышат. Фейк маалыматтарды жана дезинформацияларды камтыган маалымат агымы тынымсыз жүрүп турат. Жаңылыктар гана эмес, анын булактары дагы бурмаланат. Фейктер адам жаңы бир нерсени үйрөнүш үчүн эмес, буга чейинки болгон ишенимин же коркуу сезимин ырастоо үчүн иштейт.
Эфирди толугу менен көрүү:
https://www.facebook.com/goviralca/videos/1675906532576824