.үч.чекит..үч.чекит.

Саясатта фейк кантип колдонулат?

үч чекит редакциясы
1740
Саясатта фейк кантип колдонулат?

Фейктердин саясатка тийгизген таасирине мисал катары 2016-жылы АКШда өткөн президенттик шайлоону айтышат. Ошол жылы Оксфорд университетинин изилдөөчүлөрү ноябрь айынын алдыңкы тогуз күнүндө (шайлоо 8-ноябрда болгон) Твиттердеги фейктерге байкоо салышкан. Жыйынтыгында, Трампты колдогон чатботтор Клинтондукуна караганда беш эсе көптүгүн аныкташкан. 

Чатбот (chatbot) – бир учурда көп билдирүү жаза алган компьютердик программа. Ал колдонуучулар менен чыныгы адамдай кат жазышып, жада калса #хештегдерге реакция кыла алат. Анын кызматы – кишини өз пикиринен адаштырып, талкуу жаратууга түртүү. 

Изилдөө жүргүзүлгөн тогуз күндө мындай компьютердик программалар жалпы 450 миң билдирүү жазууга жетишкен. Эң алсыз делген чатботтор күн сайын кеминде 50 твит жазып турушкан. Мындан улам, изилдөөчүлөр тыянак чыгарышкан – чатботтор шайлоо учурунда Твиттердеги жалпы трафиктин 18 пайызын ээлеген. Бирок, Твиттердин жетекчилиги компьютердик программалардын шайлоого таасир эткенин четке каккан. 

Адатта, саясаттагы калптар адамдарды кайсы бир маанилүү окуядан алаксытуу үчүн жасалат. Анын ичинде, атаандаштардын таасир талашуусуна, бири-биринин коомчулуктагы күчүн алсыздатууга кызмат кылат. Өзгөчө интернеттеги фейктер – саясий чөйрөдөгү негизги курал. Алар саясий күрөш учурунда болуп көрбөгөндөй күч алат. 

Адистердин айтымында, талаштарга аралашып, атаандаштарынын катачылыктарын ачыктаган саясатчы өз сөзүнө (шайлоо программасына) көбүрөк кишинин көңүлүн бурат. Ошондуктан, саясий фигуралар же топтор өз пикирлерин тынымсыз жайылтуу үчүн компьютердик программаларды, баракча, группа, бир тараптуу жазган сайттарды, анан албетте фейк аккаунттарды колдонушат.

Фейк аккаунт – бул интернетте ойдон чыгарылган ысым менен катталган аккаунт. Башкача айтканда, анын артында өздүгү башка адам турушу мүмкүн. Алар катталып жатканда «Патриот жигит», «Гүлнур Морозова» же «Чындыкбек Азаматов» деп туш келген ысымдарды кураштырышы ыктымал. Ошондой эле, фейк аккаунттар жаныбарлардын, машина, табият же гүлдөрдүн сүрөтүн колдонушат, кээде такыр эле фото коюшпайт.  

Бирок, азыркы учурдагы фейк аккаунттар шек алдырбоонун аракетинде. Ысым, фамилияны ынанымдуу жазып, интернеттен өз өлкөсүндөгүлөргө түспөлдөш адамдардын сүрөтүн колдонуп калышты. Ошентсе да, алар фотолорун көп жаңылай беришпейт жана достору салыштырмалуу аз болот. Көңүл бурчу жагдай – фейк аккаунттар саясий өзгөрүүгө (шайлоого) жакын же кайсы бир аткаминердин беделин сактап калууга муктаждык жаралганда (коррупциялык иштерде) активдеше баштайт. 

Бот – бул робот программа. Ал фейк аккаунттарды башкарууга, билдирүү таратууга ылайыкташтырылган. Боттор кадимки тирүү адамдай реакция кылат: «жактыны» (лайк) басат, башкаларга катталып, алардын билдирүүлөрүн бөлүшөт. Ошондой эле, посттордун түбүнө алдын ала даярдалган комментарийлерди калтырууга жөндөмдүү.

Дипфейк (deepfake) – саясаттагы адаштыруучу калптардын дагы бири. Дипфейк – түрдүү кыймыл-аракеттеги сүрөттөрдөн кураштырылган видео (же көрүнүш). Муну көбүнчө интернетте фотосу көп адамга карата жасашат – анын ар кандай кыймыл жасагандагы сүрөттөрү арбын да. Дипфейк жасалма интеллекттин негизинде жасалат. Натыйжада, видеодогу адамдын оозу кадимкидей кыймылдап, өз үнү менен сүйлөп жаткандай сезилет. Мындай жол менен саясатчыга кайсы бир теманы талкуулатып коюу толук мүмкүн. 

Ошентип, жогорудагыдай ыкмалардын жардамы менен саясий күчтөрдүн маалыматтары интернетке түз жана кыйыр түрдө тарай баштайт. Айрым учурда фейктер аткаминерге калыс баа бергендей көрүнүү үчүн токтоо жазышат. Кээде алардын билдирүүлөрү экинчи бир саясатчынын беделине шек келтирип, негативдүүлүгү менен чагым да жаратышы мүмкүн.

Мисалы, 

« … (саясатчынын ысымы) спецназды өлтүрдү. Дүйнөдө биринчи жолу экс-президент террористке айланды» 

Ошондой эле, белгилүү бир саясий топтун маалыматтарын бир тараптуу чагылдырган сайттар жанданат. Даярдалган материалдарды байма-бай жарыялап турган баракча, группалар иштей баштайт. Жыйынтыгында, фейктер саясатчынын айланасында коомдук пикир жаратууга жетишет. Ал эми башкаларга аталган аткаминерди коомчулуктун көп бөлүгү колдоп (же жектеп) жаткандай сезилет.

Кеңешибиз: Саясаттагы калптарга алданбоо үчүн атаандаштарга бейтарап болгонго аракеттенүү туура. Бул ыкма кайсы бир саясий күчтүн таасирине баш ийип, ээрчип кетүүдөн алда канча артык. Андыктан, бардык саясатчыга бирдей аянтча болуп бериңиз – окуңуз, угуңуз, байкаңыз. Бирок, тараптардын бирин моралдык жактан колдоодон кармана туруңуз. Өзгөчө эмне чын, калп экени белгисиз учурда фейктердин тузагына түшпөшүңүз зарыл. Сынчыл ой-жүгүртүүңүздү жандантыңыз: «бул фейк болсочу» деп, алардын жазган билдирүүлөрүн бөлүшпөгөнгө, талкууларына аралашпаганга аракеттениңиз. 

Албетте, социалдык желелер сизди жагымсыз нерседен сактоого аракет кылат – фейк аккаунтка, баракча, группа жана комментарийлерге арыздануу (пожаловаться) мүмкүнчүлүгүн колдонсоңуз болот. Арыздануунун жыйынтыгы менен сизге жок дегенде фейк баракчалардын маалыматтары көрүнбөй калат. 

«Кыргызстандагы президенттик шайлоодо фейк аккаунттар жанданган» 

Factchek.kg сайтынын башкы редактору Болот Темировдун айтымында, кыргыз саясатында да фейктер колдонулат – дезинформация, манипуляция, пропаганда жана бүтүндөй калп маалыматтар.

«Өзгөчө президенттик шайлоодо фейк аккаунттар жанданган. Мисалы, интернетте Ө.Бабанов менен С.Жээнбековго каршы иштеген аккаунттар байкалган. Дегеле, саясий чөйрөдө маалыматтын бурмаланышы ар дайым кездешет. Мындай учурда адамдар «шок» маалыматтарды жазган сайт, баракча жана аккаунттарга ээрчибеши керек. Кайсы бир саясатчыны мактаган же каралаган маалыматтарга толук ишенүүдөн кармануу зарыл», — дейт Темиров.

Фейктердин саясатка тийгизген таасири менен социалдык тармактар өздөрү да күрөшүп жатат. Мисалы, Твиттер саясатчылардын калп маалыматтарды таратышына бөгөт коюуну пландоодо. Ага ылайык, фейк жазган аткаминердин ошол твитинин жанына сары түстө «бул зыяндуу дезинформация» деп жазылып калат. Жыйынтыгында, билдирүү башкаларга көрүнбөй, окулуу деңгээли төмөндөйт.

Твиттер муну атайын тандалган фактчекер жана журналисттерге Википедиядагыдай укук берип ишке ашырмакчы. Аталган интернет желеси фейк менен күрөшүүдө түрдүү ыкмаларды колдонууга даяр. Анткени алардын пикири боюнча, саясий дезинформация – кооптуу көйгөй.

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.