.үч.чекит..үч.чекит.

Фактчек. Фейкти ким аныктайт?

үч чекит редакциясы
1856
Фактчек. Фейкти ким аныктайт?

Урматтуу окурман, өткөнкү «Фейкньюс» деген эмне?» аттуу чыгарылышыбызда фактчекинг түшүнүгү менен кийинки жолу кенен талкуу жүргүзөбүз деп билдирген элек. Мына бул макалада «фактчек жана фактчекер» тууралуу баяндап беребиз. 

Фактчек (fact check) – англис тилинен которгондо фактыларды текшерүү, башкача айтканда ар түрдүү ыкмаларды колдонуу менен текст, сүрөт жана видео түрүндөгү маалыматтардын чын-төгүнүн аныктоо дегенди билдирет. 

Алгач 1994-жылы биринчилерден болуп америкалык Snopes.com сайты ачык булактардан маалымат тактап, фактчекинг куралдарын пайдалана баштаган. Андан соң, 2003-жылы АКШда FactCheck.org жана саясатчылардын билдирүүлөрүн тастыктоочу Politifact.com сайттары ачылган. Бул басылмалар маалыматты Интернеттен дароо тактап, жарыялаганы менен атактуу болгон жана бирөөнүн сөзүн жөн эле цитата кылып берүүдөн качкан, маалыматты өз алдынча текшергиси келген журналисттердин демилгеси менен иштеп баштаган.

Кандай маалымат текшерилүүсү керек? 

Социалдык тармактарда талкууга алынып жаткан же жалпыга маалымдоо каражаттары тараткан жана ошондой эле WatsApp, Telegram сыяктуу ар түрдү мессенджерлер аркылуу жайылтылган маалыматтар. Мындан тышкары, саясатчылардын билдирүүлөрү ж.б. Эгерде текшерүүдөн соң маалымат жалган болуп чыкса, демек ал фейк маалымат же дезинформация деп аталат. 

Фейк (fake) – атайлап бурмаланган жаңылык, маалымат. Ал текст, видео же сүрөт түрүндө болот. Дал ошол фейктин жүзүн ачып, маалыматтын чын-төгүнүн аныктаган адамды фактчекер дейбиз. Дүйнө жүзүндөгү фактчекерлер биригип, Эл аралык фактчекинг тармагын (International Fact-Checking Network) түзүшкөн жана Фактчекердин кодексин иштеп чыгышкан. 

Фактчекердин негизги принциптери төмөнкүлөр:

1. Маалыматтын эң алгачкы булагын таап, аныктоо. Мисалы, WhatsApp мессенджери аркылуу видео тарады дейли. Тасмада намаз окуган адамдар тартылган, ал эми анын мүнөздөмөсүндө мындай деп жазылган: «Италияда бардык диндеги адамдар Аллахка сыйынууда. Ыйлап, күнөөлөрү үчүн кечирип сурап жатышат. Коронавирус баарын тизелетти». 

Бул маалымат бир гана Watsapp тиркемесинде эмес, массалык маалымат каражаттарында же ар түрдүү сайттарда жайгаштырылышы мүмкүн. Ал эми фактчекер тасманын эң алгачкы булагын: видео чынында качан, кай жерде жана кандай жагдайда тартылганын издеп табышы керек. Бул окуя 2019-жылдын 7-декабрында болуп өткөнүн жана тасманы алгач Перу саясатчысы Алехандро Мунанте Facebook баракчасында жайгаштырганын кыргызстандык фактчекерлер аныктаган. Ал эми тасмада Перудагы Сан Мартин аянтында сыйынып жаткандар христиандар экени маалым болот. Демек, окуя коронавирус илдети күчөй элек мезгилде болуп өткөн, ал эми анын мүнөздөмөсү – фейк.

2. Фактчекердин маалыматында ар бир билдирүү факт менен бекитилип, анын алгачкы булагы жайгашкан тиешелүү шилтеме берилиши керек. Маалымат супсак, эмоциясыз болуп, бир гана факты менен такталышы шарт. Мисалы, биз жогоруда кеп кылган видеонун мүнөздөмөсү фейк экенин айтып өттүк. Ал эми ага далил катары тиешелүү маалыматтардын шилтемелерин бердик.

3. Фактчекер ар бир маалыматты текшерип өткөн соң, «жалган» же «чындык» деп жыйынтыктайт. 

Фактчек Кыргызстанда 

Өнүккөн мамлекеттерде бир нече фактчекинг сайттары иш алып барат. Мындан тышкары, жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакцияларында да бул тармак туруктуу, активдүү иштеп турат. Ал эми Орто Азияда фактчек жанры жаңыдан калыптанууда — алгач Казакстанда 2017-жылдын май айында factcheck.kz аттуу фейктер менен күрөшүүчү сайт ачылып, калың катмардын колдоосуна ээ болгон. Туура бир жылдан кийин, 2018-жылдын 28-майында Кыргызстанда да маалыматты тактоочу factcheck.kg ресурсу ачылган. Андан соң, Тажикстанда factcheck.tj сайты иштеп баштаган. Ал эми Өзбекстан жана Түркмөнстан өлкөлөрүндө азырынча фактчек ресурстары жок. Учурда Factcheck.kg жалган маалыматтын жана манипуляциянын бетин ачкан өлкөдөгү жападан жалгыз сайт. 

Маалыматты текшерүү үчүн 200 дөн ашуун ар түрдүү онлайн куралдар жана ачык булактагы маалыматтар колдонулат. 

Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темиров редакция эки жыл ичинде көзгө илинерлик жетишкендиктерге ээ болду деп билдирет.

Биз ачылгандан тарта бүгүнкү күгө чейин сайтка 300 дөн ашуун фактчек материалдары кыргыз жана орус тилдеринде даярдалып, 60 тан ашуун журналисттик иликтөөлөр жасалды. Ал ортодо тигил же бул маалыматтан күмөн санап, Factcheck.kg сайтына текшерип берүү өтүнүчү менен кайрылган окурмандардын саны да көбөйдү.
Болот Темиров

Темировдун айтымында, өлкөдө фактчек жанрын кеңири жайылтуу максатында Azattyk, Kaktus.Media, 24.kg, T-media, Политклиника, Next TV жана башка алдыңкы редакцияларда эмгектенген журналисттер үчүн фактчек сабактары өткөрүлгөн жана алардын айрымдары өз алдынча фактчек рубрикасын киргизишкен. «Бул иш-чаралар өлкөдөгү сапаттуу журналистиканын өнүгүшүнө өз салымын кошуп, аудиториянын ЖМКга болгон ишенимин арттырды. Мындан тышкары, журналистика факультетинде билим алган студенттерге жана дээрлик фактчек тармагына кызыккан жаштарга Factcheck.kg жамааты тарабынан көптөгөн фактчек боюнча тренингдерди өткөрдүк», – деп билдирет Темиров. 

Окурмандардын, угармандардын жана көрөрмандардын, дегеле маалымат колдонуучулардын мындан ары да сапаттуу, такталган маалыматка болгон суроо-талабы өсө бермекчи. Анын менен кошо эле, өлкөбүздө фактчек жанрынынын да өсүп өнүгүүсү күтүлүүдө. 

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.