.үч.чекит..үч.чекит.

Эмне үчүн фейк бат тарайт жана эл ага тез ишенет?

үч чекит редакциясы
2106
Эмне үчүн фейк бат тарайт жана эл ага тез ишенет?

Бир учурда башкалардан бөлөк жашаган Кыйын деген эл болгон экен. Алардын ынтымагына, биримдигине көптөрү суктанчу. Бир жылы кыш катуу, кар калың жаагандыктан, Кыйын эли «жайлоого качан көчүш керек» деген суроонун айланасында аябай бушайман болуп, бул маселе чоң талкууга айланат. «Быйыл жайлоого чыкпайбыз» деген сөзүнөн кайтпагандар дагы чыга баштайт.

Ошол маалда «жайлоого чөп чыкпайт, чөптүн тамырларын үшүк алыптыр» деген кабар желдей тарап кетет. Ансыз да аргасын таппай турган эл ого бетер ызы-чууга түшүп, айласы куруду. Айрымдары бул кабардын чындыгы бар деп өз алдынча жоромолдой баштайт. Себеби, кардын калың жаап, кыштын суук болгону чын. «Балким, жайлоого чыгып алгандан кийин чөп чыкпай калса, мал-жандык кырылса кантебиз» дегендери да чыгат. Ошентип эл эки анжы болуп, эмне кылаарды билбей кыйналат. Ар кандай талаш-тартыштан алардын ынтымагына, биримдигине доо кетет.

Адамдар бир нерседен кабардар болуудан тышкары өзүнүн ишеничтерин бекемдей турчу нерселерге муктаж болот. Андыктан кишилер өз ишенимин бекемдеген кабарларга көбүрөк ишенет. Ишенимдерине каршы келген чыныгы кабарларды оңой менен кабыл албай, айрым учурда ага каршылык дагы көрсөтүп, ишенбеши ыктымал.

«Жаңылык камтыган билдирүүлөр менен бөлүшүү адамдар үчүн мүнөздүү. Ал эми билдирүүлөрдүн чындыкка дал келип, келбегени экинчи маселе», – дейт Эдж Хилл университетинин психология боюнча профессору Жеффри Битти. Профессор фейк кабардын жайылуусун имиштер менен салыштырат.

«Эң кызыктуу имиш башкалардан өзгөчөлөнүп турушу керек. Азыр бизде жаңылыктардын агымы көп болгондуктан ага көмүлүп эле калдык. Андыктан кабарлар адамдын көңүлүн бурдуруу үчүн чочуткан, айрым учурда ирээнжиткен мазмунда болууда», – дейт ал.

Биз жогоруда мисал келтиргендей, Кыйын элинин айрым бөлүгү «чөп чыкпайт» деген ойго аябай ишенип алышкан. Алардын бул оюн эл арасында байма-бай айтылган сөздөр дагы бекемдеген.

Азыркы заманда абал кандай?

Маалымат технологияларынын өнүгүшү менен адамдын маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгү кеңейди. Ошол эле учурда такталбаган маалыматтарды окуп, көрүү ыктымалдуулугу да артты.

Чынын айтыңызчы, Сиз WhatsApp же Telegram мессенджерине келген аудио, видео же тексти аягына чейин окуйсузбу? Ар бирибиздин телефонубузга жок дегенде күнүнө бир маалымат келет. Биз аны «балким бул башкаларга кереги тийип калышы ыктымал» деп группаларга ойлонбой эле бөлүшүп коёбуз. Ушундай жол менен фейк жаңылыктар дагы тездик менен тарап кетет.

«Фейктер жана имиштер энциклопедиясынын» авторлорунун бири Александра Архипова көпчүлүк киши мессенджер аркылуу келген ар кандай тексттерди, аудио, видеолорду аягына чейин окуп-көрбөй турганын белгилейт.

Жалган маалыматтын тез тарашынын сыры – эмоциянын көп болушу, маалымат адаттан тыш окуяларды камтыганында. Ошондой эле, фейк жаңылыктар адамдардын аң-сезиминде «ушундай болушу ыктымал» деген жоромолдорун бекемдейт.

Массачусетс технологиялык институту 2006-жылдан 2016-жылга чейинки аралыкта Twitter тармагына жарыяланган билдирүүлөргө анализ жүргүзүп, 126 миң фейк жаңылык чыныгы кабарларга караганда өтө тездик менен жайылганын ортого чыгарган. Ага ылайык, эң көп тараган фейк жаңылыктар саясат тууралуу болгон. Андан сырткары шаар тууралуу айтылган аңыз кептер, жаратылыш кырсыктары, жумушка байланышкан фейк кабарлар да көп тараган.

Биз бул чакан макалада фейк жаңылыктардын эмнеге ыкчам тарай турганын билип алдык жана фейк жаңылыктар эмоция менен коштолгондугу үчүн адамдардын фейкке ишенишин психологдор дагы бышыктады. Жалган маалыматтарды чындыктан ажыратып билүү үчүн билимди, тажрыйбаны өнүктүрүү абзел.

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.