

Эмне үчүн биз жакшы идеяларды колдон чыгарып, шылуундардын колуна түшүп калабыз


Маалымат берүүчүгө караганда маалыматтын өзү маанилүүдөй сезилет. Идея баарына жаккан адамдыкыбы же жакпагандыкыбы, кандай гана болбосун, жакшы идея ийгиликке жеткирет, начары ийгиликсиз калат. Ошентсе да кимдин идеясы жакшы деп табылары баарыбызга белгилүү.
Адам сөздү аны айткан адамдан бөлүп кабылдай албайт жана бул бир катар катачылыктарга жана терс көрүнүштөргө алып келет.
Эмне үчүн мындай болот
Маалыматтан да аны бере билүү маанилүү
Маалыматтын кандай болгондугуна карабай, туура жагымдуу берилген болсо, эл аны угууга даяр болот. Бул когнитивдик бурмалоо 1973-жылы эксперимент жүзүндө аныкталган жана доктор Фокс эффекти деп аталат.
Психиатрия, психология жана социология илимдеринин жогорку даражалуу адистеринен турган үч топ доктор Майрон Фокс деп тааныштырылган актердун лекциясын угушат. Лекция илимий стилде, бирок кабыл алууга жеңил болгон. Анын практикалык мааниси аз, көптөгөн неологизмдер, карама-каршылыктар жана темадан четтөөлөр болгондугуна карабай, маалымат жагымдуу, жандуу юмор жана харизма менен тартууланган. Материалдын маанисиздигине карабастан, профессорго дагы, анын лекциясына дагы жогорку баа берилген.
Мисалы, өзүнүн жашоосу жөнүндө “Колуңан келсе мени кармап ал” китебин жазган, колдон суурулган алдамчы Фрэнк Абигнейл эч кандай билими жок туруп социология боюнча лекция окуган, юрист жана башкы педиатр болуп иштеген. Харизмасы жана өзүнө болгон укмуштуудай ишенимдүүлүгү өз ишин аткарды десе болот.
Бул эффекттин тескери таасири дагы бар: маалымат көңүлгө жакпаган адам тарабынан билдирилсе, ал дароо эле жаман деп табылат. Бул когнитивдик бурмалоо реактивдүү бааланбастык деп аталат.
Ишенимсиз маалымат мааниге ээ эмес
Реактивдүү бааланбастык эффектиси 1991-жылы жасалган тажрыйбада аныкталган. Америкалык окумуштуулар көчөдө жүргөн адамдардан АКШ менен Россиянын өз ара ядролук куралсыздандыруу келишими жөнүндө кандай ойдо экендигин сураштырышкан. Аларга бул идея Рейганга таандык деп айтканда, 90% ы АКШ үчүн туура жана пайдалуу деп эсептешкен.
Ал идеянын автору аты белгисиз аналитикке таандык дегенде, калктын колдоосу 80% га чейин төмөндөгөн. Горбачев куралсызданууну сунуштап жатат деп америкалыктарга айтышканда, бул идеяны 44% гана колдогон.
Израилдиктер менен дагы бир тажрыйба жүргүзүлгөн. Палестина менен болгон тынчтык келишим идеясына кандай караарын сурашкан. Катышуучулар бул идеяны Израилдин өкмөтүнөн чыккандыгын укканда, аны орчундуу деп эсептешкен, ал эми Палестинадан чыкты десе – жок дешкен.
Сүйлөшүүлөр учурунда экөөнө тең ылайыктуу болгон альтернативдүү жолду табууга бөгөт болот. Чындыктын ордуна жек көрүү жаралган пайдасыз талаш-тартыштар мына ушундайча келип чыгат. Каршылаштар бири-бирин укпай, өзүнүн көз карашын жогору коюп, атаандашын татыксыз жана тайкы көз караштагы деп тааныйт.
Бул бир жактуулук менен кантип күрөшүү керек
Мүмкүн болушунча объективдүү болуу
Эгерде сиз маалыматтын өзүн баалагыңыз келсе, анда аны айткан адамдан бөлүп кароого аракет кылыңыз. Ал адамдын ким экендигин атайылап унутуп коюңуз жана аны билбейм деп элестетип көрүңүз. Кимиси мыкты эле деп териштирбестен, бул ыкманы туура чечимди табуу маанилүү болгон жерде колдонуңуз.
Мээ чабуулунда, жолугушууда же биргелешкен долбоор учурунда ар дайым идеянын булагын эмес, идеянын өзүн баалаңыз. Ошенткенде гана чындыкка жетүү ыктымалдыгы жогорулайт.
Жөндөн-жөн урушпа
Талаштан чындык жаралышы үчүн каршылаштар бири-бирин сыйлашы керек. Эгерде бир тарап текеберлене берсе, аларга сөз коротуу керекпи?
Адамды текшере бил
Эгерде адистердин тобу алардын астында профессор эмес, актёр экендигин билишсе, анда анын сөзү мынчалык жакшы кабыл алынмак эмес. Адамдарга ишенимдүүлүк жана харизма жакшы таасир бергендиктен, көптөгөн алдамчылык схемалар ийгиликке жетишет. Аны сындап текшерүүнүн ордуна, жөн гана ишенишет.
Семинарга төлөө алдында спикердин ким экендигин, китептин автору кайдан чыккандыгын, фитнес машыктыруучу жана бизнес-коуч эмнени бүтүргөнүн билип алыңыз.
Бир жактуу ойлонбоңуз
Сиз адамдардын акылсыздыгына жана тышкы көрүнүштү чыныгы билимден артык көргөнүнө нааразычылыгыңызды канчалык билдирсеңиз да, андан эч нерсе өзгөрүп кетпейт.
Сиздин презентацияңыз канчалык мазмундуу болгондугуна карабастан, аны жандуу айта албасаңыз, угуучулар анын маңызына жетпей эле уктап калышат. Сиз канчалык мыкты адис болсоңуз да, эгерде сизде адамдар менен тил табышуу жана сүйкүмдүүлүк жетишпесе, анда акылдуу болбосо да, жагымдуу болгон адамдын көлөкөсүндө каласыз.