

Эмне үчүн биз фейктерге ишенебиз?


Фейк жаңылыктар социалдык тармактарда ишенимдүү маалыматка караганда 70% га тезирээк тарайт. Мындай жыйынтыкты АКШнын Массачусетс технологиялык институтунун окумуштуулары 2006-2017-жылдар аралыгында Твиттерде жарыяланган 126000ден ашуун фейк жаңылыктарды иликтегенден кийин чыгарышкан.
Эмне үчүн мындай? Эмне үчүн биз фейк жаңылыктарга ишенебиз? Жоопту ой жүгүртүүбүздүн психологиялык өзгөчөлүктөрүнөн табабыз.
🧠Коомдук басым
Австралия Улуттук Университетинин (ANU) маалыматы боюнча, бир эле информация бардык жерде кайталана берсе, башкалар ал жөнүндө кеп кыла башташат, анан ишене да башташат. Биз коомдон бөлүнүп калуудан коркобуз жана анын мүчөсү болуп кала бергибиз келгендиктен, коомдук ченемдерден чыкпайбыз. Коом көп учурда биздин кандай иш-аракет кылышыбызга, ой жүгүртүүбүзгө жана сезүүбүзгө чоң таасирин тийгизет. Эгерде бизди курчап турган адамдар социалдык тармактардагы билдирүүлөргө ишенишсе, анда элден бөлүнүп калбайлы деп тобокелчиликке барбайбыз, маалыматты четке какпайбыз.
🧠Эмоциялар
Адамдын эмоциясы – элдердин фейк жаңылыктарга ишенишинин дагы бир себеби. Мээнин маалыматты иштетүүсүндө эмоционалдык ой жүгүртүү маанилүү. Мисалы, коронавирус башталганда, адамдар коркуп, дүрбөлөң салышып, көп нерселерди сатып алууга жана сактоого аргасыз болушкан. Сиз дүрбөлөңгө түшүп жатканда жалган маалыматка оңой ишенип кетишиңиз толук ыктымал.
🧠Эринчээк (же жалкоо) мээ
Бизди ушунчалык көп маалымат курчап турган шартта сынчыл ой жүгүртүү кыйындыкка турат. Мээбиз акыл-эс энергиясын андан баалуу нерсе үчүн үнөмдөөнү артык көрөт. Ошондуктан, биз күндө кабыл алып жаткан бардык маалыматтарга сын көз менен кароонун ордуна, жаңылыктар сайтында, мессенджерлерде, социалдык тармактарда жарыяланган билдирүүлөрдү – бул буга чейин текшерилген маалымат, ал эми аны жарыялаган адам же маалымат каражаттары ишенимдүү булак жана ага ишенсе болот деп анчалык көңүл бурбайбыз.
🧠Өзүңүздүн көз карашыңызды тастыктоого умтулуу (Confirmation bias)
Ырастоонун бир жактуулугу – бул биздин мурунку ишенимибизди тастыктаган маалыматтын жактырылышы. Мисалы, сиз бир нерсеге ишенген болсоңуз, анда ошол ишенимди тастыктаган маалымат издейсиз, ал эми ага каршы келген маалыматка көңүл бурбайсыз. Же, кайсы бир маалыматка макул болбосоңуз, анда анын туура эмес экендигин далилдөөчү кошумча маалымат табасыз.
🧠Жаңылыш эскерүүлөр
Эс тутум каталары көп кездешет, эгерде сиз бир нерсени туура эстегениңизге ишенсеңиз жана окуя же тема жөнүндө ачык-айкын түшүнүккө ээ болсоңуз дагы жаңылышыңыз мүмкүн. Жаңылыш эскерүүлөрдүн пайда болушуна биздин ишенимдерибиз себепкер. Жаңылыш эскерүүлөр – бул адатта айрым фактылардын элементтерин камтыган жана калгандары биздин акылыбыздан куралган эсибиздеги окуялардын бурмаланышы. Андыктан ар кандай маалыматты дагы бир жолу текшерип көргөнүңүз оң.
🧠Эвристикалык жеткиликтүүлүк
Бул фейк жаңылыктарга ишенишибиздин дагы бир маанилүү себеби – ал маалыматтын жеткиликтүүлүгүнө байланыштуу, башкача айтканда, эң алгач биздин оюбузга кандай ой келсе, ошону чын деп кабыл алабыз.
Биздин ой жүгүртүүнүн ушул бардык психологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу жалган маалыматтардан коргонууга жардам берет. Ошондой эле информациянын булагын текшерип туруудан эринбеңиз, анализге убакыт бөлүңүз, алган маалыматтарыңызды бир нече булактар менен салыштырып текшерүүнү унутпаңыз.
Көрүп, билип, тактаңыз!