.үч.чекит..үч.чекит.

Эмне үчүн ушак-айыңдарга көбүрөөк ишенебиз?

Шергазы Гурбаев
50
Эмне үчүн ушак-айыңдарга көбүрөөк ишенебиз?

Ушак-айың жасалгалуу, кооз угулат, кулакка жагымдуу келет. Чындык жөнөкөй, кызыксыз болушу мүмкүн. Психологдордун айтымында бир нерсени көрөрдө эмоция биринчи орунга жылат, ал эми акыл андан кийин келет. Демек кайсы бир нерсени көрүп, укканыбызда, аны эмоция менен баалайбыз. Ал эмоция адамды күтүлбөгөн иш-аракеттерге түртө турганы баарыбызга белгилүү. 

Негизинен адам 3 «К» абалында алып жаткан маалыматты электен өткөрө албай, ушак-айыңга батыраак ишенет. Алар: катастрофа, кризис, конфликт. Ушул үч учурда адам эч нерсени талдоого мүмкүнчүлүк болбой, батыраак реакция көрсөтөт.

Массачусетс технологиялык институтунун илимпоздорунун изилдөөсүндө Твиттердеги 126 миң макала, окуянын негизинде 3 миллион катталуучунун 4,5 миллион пикирин алганда, чын маалыматка караганда адамдар жалган маалыматка көбүрөөк жана батыраак ишенип, туура эмес маалыматтар тез тараган. Анткени бул маалыматтар кызыктуу, эмоцияналдуу болгон.

Билимдүүлөр ушак, фейктерге ишенбейт деп ойлоп жүргөн болсоңуз, сизди капалантууга мажбурмун. Алар дагы дезинформацияга көп кабылышат. Бирок аналитикасы жана сын көз карашы төмөндөрдөн айырмаланып, алардын туура эмес маалыматка ишенүү себеби башкада.

Кана, айтыңызчы, Муса кемесине канча жаныбарды алып чыккан?

Туура жооп: бир дагы жаныбарды Муса кемесине алып чыккан эмес. Анткени кеме Мусаныкы эмес, Нухтуку болчу. 
Түштүк Калифорния университетинин өкүлү Норберт Шварц изилдөөгө катышкан студенттердин 12% гана жогорудагы суроого туура жооп бергенин билдирген. 

Кандайдыр бир билдирүү тааныш болуп сезилгенде, биз майда-чүйдө нерселерге (деталдарга) көңүл бурбай, тескерисинче, маңызына бекем карманабыз. Демек, суроонун, маалыматтын туура, туура эмес экенинен мурда, сөздөрдөгү жаңылыштык бизди адаштырып коет. Кептин баары биз көңүл бурбай койгон деталда болушу мүмкүн.

Ар бир эле адам когнитивдик диссонанска* учурайт. Сиз билген нерсеге каршы маалымат угуп калсаңыз, ойдо карама-каршы пикир болуп калса диссонанс жаралат. Мындай учурда сиздин билгениңизге каршы айтылган маалыматты төгүндөгөнгө жана түпкү маалыматыңызды жактаганга аракет кыласыз. Муну менен жыйынтыгында кээ бир чындыктан баш тартуу учуру кездешет. 

*Когнитивдик диссонанс – адамдын аң-сезиминде карама-каршы келген билимдин, ынанымдын, объектке же кубулушка карата жүрүм-турумдун кагылышуусу менен мүнөздөлгөн, ыңгайсыз сезимди жараткан психологиялык абал. 

Жалган маалыматты жайылтуунун эң күчтүү жолу – кайталоо. Жалган идеяны көп жолу уккан сайын, анын чындык экенине ишенүү мүмкүнчүлүк жогорулайт.

Ушак-айыңдарга ишенүүнүн дагы бир себеби – чөйрөңүз. Анткени адам чөйрөдөн көз каранды жашайт. Коомчулуктан өзгөчөлөнүп, бөлүнүп калгыңыз келбейт. Эгер чөйрөңүз 5G ден соолукка зыян келтирет деп ишенип, ал жөнүндө улам кайталап сөз кылып жатса, сиз да ага ишенүүгө аргасыз болосуз.

Көрүп, билип, тактаңыз!

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.