.үч.чекит..үч.чекит.

Доксинг эмнеси менен коркунучтуу?

үч чекит редакциясы
1506
Доксинг эмнеси менен коркунучтуу?

Доксинг (англ. doxxing) – адам жөнүндөгү жеке маалыматты кара ниеттик максатта издөө. Көбүнчө доксинг интернетте жайгаштырылган адам жөнүндө маалыматтарды шантаж максатында чогулткан жана талдаган хакердин ишин билдирет. Хакерлерди адам жөнүндө жеке жашыруун маалыматтар кызыктырат. Мындай маалыматтарды алар аккаунттарды бузуу аркылуу алышат.

Адамдар доксингди өч алуу куралы катары же жеке кызыкчылык үчүн колдонушат.

Россиянын «Эркектер мамлекети» уюмунун ишмердүүлүгү доксингдин бир мисалы болуп эсептелинет. Алар бир кездерде порнофильмдерге тартылган, чет өлкөлүк жарандар менен жолугуп жүргөн же алар менен турмуш курган аялдарды таап, колдонуучуларды аларга каршы үгүттөп, алардын жеке жашоосуна залака келтириш үчүн жеке маалыматтарын жана жеке жашоосу жөнүндөгү маалыматтарды чогултушкан. Көбүнчө, жабырлануучулар ошол табылган жашыруун далилдер аркылуу үй-бүлө мүчөлөрүнө, кесиптештерине, кошуналарына ж.б. көрсөтөм деген коркутуулар менен шантажга кабыл болушат.

Бирок жашыра турган эч нерсем жок деген ишенимде болсоңуз да, бул сиздин коопсуз экениңизди билдирбейт. Эгер доксер жеке маалыматыңызга жеткен болсо, анда банктык салымдарыңыз, эсептериңиз жана сизге эч зыяны келбейт деген жеке кат алмашууларыңыз дагы коркунуч алдында калышы мүмкүн.

Доксинг кандайча иштейт?

IP-логгинг: Ар бир түзүлүштүн сиздин жайгашкан жериңизди билүү үчүн колдонула турган IP дареги бар. IP-логгинг ал жерде логгер тарабынан көрүнбөгөн код коюлган электрондук каттар аркылуу иштейт. Ал электрондук катты ачканда, сиздин IP дарегиңиз доксерге жөнөтүлөт.

Кеңеш: Шектүү электрондук катты ачпаңыз, VPN колдонуңуз.

Пакеттик сниффинг: Эгерде доксер WI-FI тармагынын коопсуздугун бузган болсо, анда ал тармак аркылуу жөнөтүлгөн файлдарды дарегине жеткирбей тосуп алат. Ошондой эле ал сиздин электрондук почта дарегиңизге, паролуңузга жана банк маалыматтарыңызга кире алат.

Кеңеш: WI-FI көпчүлүккө таратуу чекиттеринен алыс болуңуз.

Уюлдук телефон номери боюнча издөө: Сиздин уюлдук телефон номериңизге көбүнчө башка көптөгөн маалыматтар тиркелет. Доксер номериңиз аркылуу сиздин аккаунтуңуз, аты-жөнүңүз, фамилияңыз, жашыңыз жана башка жеке маалыматтарыңызга ээ боло алат.

Кеңеш: Шектүү сайттарга номериңизди киргизбеңиз.

Социалдык тармактардагы аккаунтуңузга анализ: өзүбүз жөнүндөгү маалыматтардын көпчүлүгү биздин аккаунттарда ачык жайгашкан. Доксерлер ал жерден туугандарыбыз, туулган күнүбүз, барган жерлерибиз жана башкалар жөнүндө маалыматтарыбызды колдонуша алат.

Кеңеш: Аккаунтуңуздун ачыктыгын чектеңиз.

Булар эң кеңири жайылган доксинг ыкмаларынын бир нечеси гана, анын опурталдуулугу өтө жогору болгондуктан, шылуундардан коргонууга жардам берчү бир нече кеңештер бар.

  • Паролуңузду татаалдатыңыз. Бардык жеке аккаунттарыңызда эки факторлуу аутентификацияны орнотуңуз. Электрондук почтаны талап кылган бардык сайттар үчүн өзүнчө почта түзүңүз. Жеке корреспонденция жана банк жазуулары үчүн башка почтанын болуусу жакшы.
  • Интернет туташуусун коргоо. VPN сиздин IP дарегиңизди коргоого жардам берет. Коомдук Wi-Fi тармактарынан этият болуңуз, анткени аларды бузуу мүмкүнчүлүгү чоң болгондуктан, хакерлер сиздин бардык интернет активдүүлүгүңүздү ортодон тосуп алышы мүмкүн.
  • Купуялык. Социалдык тармактарда баарлашкан адамдарыңыздын бардыгын жакшы билесизби – тактап алыңыз. Бөлүшкөн маалыматтарыңызга көңүл буруңуз. Жашаган же бара турган жерлериңиз, балаңыз кайда окуй тургандыгы сыяктуу бардык маанилүү даректерди өз аккаунтуңуздан алып салыңыз.

Көрүп, билип, тактаңыз!

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.