

Дипфейкти оригинал видеодон айырмалоо үчүн 5 кеңеш


Дипфейк – бул жөн гана көңүл ачууга гана арналбастан, фейктин коркунучтуу түрүнө да кирет. Жаңы технологиялардын тез өнүгүшү менен, дипфейк дагы барган сайын өркүндөп, аны түп нуска (оригинал) видеодон айырмалоо кыйынчылыкты туудуруп барат.
Дипфейкти түп нуска видеодон айырмалоо үчүн беш кеңеш:
- Видеодогу адамдын бетинин элементтери жана башка бөлүктөрүнүн көрсөтүү сапатындагы айырмачылыкка көңүл буруңуз. «Чапталган» фрагментке салыштырганда түп нуска видеолор жогорку сапатка ээ болорун унутпаңыз.
- Экинчи белги – бул адамдын бети жабык болсо же бурулуп көрсөтүлсө. Бул көбүнчө «чапталган» беттин сапатынын начарлашына же табигый эмес кыймылдарга алып келет.
- «Чапталган» беттин өзгөртүлгөн масштабы да анын жасалма экендигин көрсөтөт. Натыйжада ар кандай өлчөмдөгү жүздөр болуп калат.
- «Чапталган» беттин чеги жана өткөөлдөрдүн табигый эмес болушу. Жүздүн түп нускасы менен «чапталганы» кезек менен алмашып тургандыктан, анын чегиндеги ар кандай дал келбестиктер жасалма экендигине далил болот.
- Беттин терисинин табигый эмес, башкача тону. Өзгөчө чет жагындагы бет терисинин өңү ар башкача болуп калышы анын дипфейк экендигин аныктайт.

Фейктин бул жасалма түрүн аныктоонун алгоритмдерин иштеп чыгууга аракет кылган окумуштууларды жана адистерди дипфейкти аныктоонун так техникалык ыкмасынын жоктугу олуттуу тынчсыздандырат.
Мисалы, The Wall Street Journal маалыматына ылайык, америкалык окумуштуулар чычкандардын табигый үндү жасалма интеллект аркылуу жаратылган үндөн даяр алгоритмдерге караганда алда канча натыйжалуу айырмалай ала тургандыктарын табышкан. Эксперимент учурунда чычкандар уккан үнүнө жараша тигил же бул жерге чуркап барууга үйрөтүлгөн, эгер алар туура чечим кабыл алышса, сыйланышкан. Убакыттын өтүшү менен жаныбарлар берилген учурлардын 75%да адам жана компьютер үнүн айырмалай алышкан. Бирок чычкандар үндөрдү гана айырмалашат.
Өткөн жылдын сентябрь айында Facebook жана Microsoft иштеп чыгуучулар арасында Deepfake Detection Challenge – дипфейк менен күрөшүүгө багытталган конкурс жарыялаган. Сынактын максаты – видеодогу жүздөрдү өзгөртүү технологиясына каршы чечимдерди түзүү. 2020-жылдын 15-июнунда сынактын жыйынтыгы жарыяланды. Азыркы учурда Беларуссиянын Mapbox компаниясында иштеген дагестандык программист Селим Сефербековдун орточо тактык 65% жогору көрсөткөн модели – техникалык жабдылышты иштеп чыгуунун эң жогорку натыйжасын көрсөткөн. Үчүнчү орунда адамдын жүзүн таануу алгоритмдерин түзүүгө адистешкен россиялык Ntech Lab турат. Сынактын шарттарына ылайык, Сефербеков 500,000, ал эми Ntech Lab – 100 000 доллар сыйлыкка ээ болушту. Бирок ошентсе да азырынча жасалма контентти автоматтык түрдө аныктап, алып салуучу система үчүн тактык өтө эле төмөн болгондуктан, ага толук ишенүүгө болбойт.
Ошондуктан диффейкте орун алуучу каталарды, кемчиликтерди
өзүңүздүн сынчыл ой жүгүртүүңүзгө таянып, байкап, текшерип көрүүңүздү сунуш
кылабыз. Мисалы, спикер адаттан тышкары болгон күтүлбөгөн сөз сүйлөшү мүмкүн. Алсак,
Барак Обама Трампты «акмак» деп атаган дипфейкти эстеп көргүлөчү. Мындай учурларда информациянын
булагы ишенимдүү же ишенимдүү эмес экендигин аныктаңыз.
Көрүп, билип, тактаңыз!