

DarkNet. Эмне үчүн Google баарын эле таба бербейт?


Бизге белгилүү Google жана Yandex издөө сайттары «интернет» деп аталган айсбергдин чокусу гана. Суунун алдында, адамдардын көзүнөн жашырылган тереңдикте дипвеб (deep web – терең желе) жатат. Бул жерде сакталгандардын бардыгы издөө тутумдары тарабынан индекстелбейт. Ал жакка кадимки браузерлер (Google Chrome, Firefox, Opera) аркылуу жетүү дээрлик мүмкүн эмес.
Терең желеде кадимки интернетке караганда жүз эсе көп маалымат сакталат жана анын караңгы бөлүмү бар – даркнет (dark net).
«Даркнет» – интернеттеги катылган тармак. Бул тармакта ишенимдүү тең укуктагы колдонуучулардын ортосунда гана байланыштар орнотулат. Даркнет тармагында маалыматтарды берүү протоколдору уникалдуу жана жалпы кабыл алынган протоколдордон айырмаланат. Термин өзү 1970-жылдарда, азыркы интернеттин америкалык «атасы» ARPANETтен обочолонгон тармактарды белгилөө үчүн пайда болгон.
Түшүнүүгө кыйын болуп жатабы?

Жөнөкөй мисал менен түшүнүү үчүн кадимки үйдү элестетип көрүңүз. Анын сырткы бөлүгү – көрүнүп турган интернет. Жертөлөсү болсо интернеттин «көрүнбөгөн» бөлүгү – дипвеб. Башкача айтканда, жертөлө дагы үйдүн бир бөлүгү, ал жөн гана сырттан көрүнбөйт жана ага кирүүнүн атайын өзүнүн жолу бар. Эми жертөлөнүн алдында дагы бир жертөлөнү элестетиңиз. Бул – даркнет.
Биздин учурда, бул жертөлө маалыматтарды жана жалпыга жарыяланбай турган файлдарды сактоо үчүн керек. Бул кызыксыз техникалык материалдар, ошондой эле кандайдыр бир купуя маалымат болушу мүмкүн. Купуя маалыматтарга социалдык тармактардагы аккаунттар же кандайдыр бир компаниянын ички маалымат базасы кирет. Жана дагы бул жертөлөдө айрым адамдар гана колдоно алуучу маалыматты жашыруун берүүчү каналдар бар.
Даркнет тармагында маалыматтын так санын жана колдонуучулардын санын аныктоо оңой эмес. Анонимдүүлүк технологиялары жана онлайн катышууну жашыруу мүмкүнчүлүгү статистиканы жүргүзүүдө кыйынчылык туудурат. Ошентсе да 2020-жылга чейин даркнет бүткүл интернеттин 48% ын түзөт деп эсептөөгө болот. Жогоруда биз сөз кылган дипвеб дагы 48% ды түзөт. Калган 4% – биз көнүп калган жана адатта колдонуп жүргөн интернет.

Мифтер жана түшүнбөстүктөр: интернеттин «көрүнбөгөн» бөлүгүндө кылмышкерлер жана ар кандай мыйзамсыз товарларды жана кызматтарды сунуш кылгандардын көбөйүшү албетте мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок, көпчүлүк учурда бул адамдар жана уюмдар жөн эле акча алып, жок болуп кетишкен шылуундар. Анонимдүүлүк аларга интернет колдонуучулардын баёолугун, ишенчээктигин пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.
Шылуундар демекчи, даркнетте тиркемелердин жана социалдык тармактардын колдонуучуларынын аккаунттары менен маалымат базаларын саткан сайттар көп. Эң акыркы чуулгандуу окуя апрель айында болгон, анда хакерлер жарым миллион Zoom колдонуучуларынын аккаунттарын сатыкка койгон. Карантин учурунда бул видео жолугушуу кызматы канчалык популярдуулукка жеткени эсибизде.
Даркнет жөнүндө сөз кылганда, ЦРУ нун жана АНБ нын мурунку кызматкери Эдвард Сноуденди эстебей коюуга болбойт. Ал 2013-жылы май айында даркнетке мамлекеттин жарандарды массалык көзөмөлдөөсүнө байланышкан жашыруун материалдарды жарыялаган. Ал файлдарды дүйнө жүзүнүн журналисттери ушул күнгө чейин колдонуп келишет.
Албетте, интернеттин бул бөлүгүндө бир топ зыянсыз, ал тургай кээ бир учурларда пайдалуу ресурстар да бар. Мисалы, бул макаланын автору ал жерден акысыз китепканаларды тапкан. Ошол эле китептер үчүн интернеттин көрүнгөн бөлүгүндө акча төлөө керек болмок.

Интернеттин «көрүнбөгөн» бөлүгү жөнөкөй колдонуучулар үчүн эмне үчүн керек? 90% учурларда алар эриккенден же кызыгуусу арткандан улам барышат. Интернет цензурасы күчтүү өлкөлөрдө даркнет көбүнчө зыянсыз социалдык тармактарга жана жаңылыктар сайттарына кирүү үчүн колдонулат. Мисалы, 2019-жылы Британиялык Телерадиоберүү корпорациясы (Би-Би-Си) Tor браузери аркылуу кирүүгө мүмкүн болгон веб-сайттын версиясын ишке киргизишкен. Себеби Кытай, Иран жана Вьетнам сыяктуу өлкөлөр Би-Би-Си жаңылыктар веб-сайтын жабууга бир нече жолу аракет кылышкан.
COVID-19 эпидемиясы интернеттин «көрүнбөгөн» бөлүгүндөгү товарлардын жана кызматтардын базарына да таасирин тийгизди. Изилдөөчүлөр аныктагандай коргоочу костюмдар жана маскалар, дары-дармектер февраль айынын аягынан бери сатыла баштаган. Маскалар жөнүндө айтсак, көптөгөн өлкөлөрдүн өкмөттөрү алардын тартыштыгынан жапа чегип жатканда, жашыруун онлайн-базарлары жетиштүү көп сандагы маскалар сатылат деген жарнамаларды жайгаштырышкан.