.үч.чекит..үч.чекит.

Covid-19га байланыштуу фишингден кантип коргонууга болот?

үч чекит редакциясы
811
Covid-19га байланыштуу фишингден кантип коргонууга болот?

Кандайдыр бир ири окуя же өзгөчө кырдаалдар фишинг толкунуна алып келет. Коронавирус да четте калган жок. Алдамчылардын максаты – кат жазышуу же девайска (смартфон, компьютер ж.б.) вирус киргизүү аркылуу колдонуучулардын банктык же башка дагы жеке маалыматтарын алуу болуп саналат.

Шылуундар кантип алдашат?

Көбүнчө кат почтага колдонуучу жашаган өлкөнүн президентинин же өкмөт башчысынын атынан келет. Катта коронавирустан коргонуунун жаңы эрежелери менен таанышуу талабы айтылат. Адатта катка файл тиркелген болот, ал файлды жүктөгөндө, аны менен кошо электрондук вирус да сиздин девайска кирет. Мындай каттын тууралыгын расмий өкмөттүк сайттардан деле текшере аласыз. Эгерде жаңы эрежелер чын эле киргизилген болсо, анда алар жөнүндө маалымат ошол жерде жарыяланат.

Айрым учурларда алдамчылар өзүлөрүн жогорку даражалуу чиновник катары тааныштырып, өзүн-өзү изоляциялоо режимин жакшы сактагандыгыңыз үчүн төлөмдөрдү убада кылып, банктык маалыматты түздөн-түз сураган учурлар да кездешет. Ошондуктан, эч кимге картанын номерин жана пин-кодун айтпаш керектигин унутпаңыз.

Кээде фишинг каттары «Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун атынан» деп келиши мүмкүн. Мындай жалган каттарга даттанууларды Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму күн сайын кабыл алат. Ошондуктан уюм фишинг каттарынан коргоонуунун жолдору жөнүндө эскертүү жарыялады.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун фишингден кантип сактануу керектиги боюнча айрым кеңештери:

  • Кат жөнөтүүчүнүн дарегин текшериңиз. Мисалы, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан келген кат who.int менен аяктаса – ал чыныгы кат. Ал эми ага окшош аяктаган каттар ("who.com", "who.org", "who-safety.org") – алдамчылардыкы.
  • Шилтемени басууга чейин аны текшериңиз. Эгерде кат расмий сайтка таандык болсо, анда каттагы шилтемеге кирбей эле, тиешелүү сайтка түздөн-түз кирип, катта айтылган маалыматты издеген жакшы.
  • Жеке маалыматыңызга этият болуңуз. Чындыгында, электрондук почта аркылуу жеке маалыматтарды суроого эч кандай негиз жок. Эгерде сиздин жеке маалыматтарды сураган мындай өтүнүчтөр бар болсо, анда аны фишерлер жазып жаткандыгын билиңиз.
  • Шашпаңыз. Өзгөчө кырдаалдан пайдаланган алдамчылар колдонуучуга ойлонууга убакыт бербегенге аракет кылат. Ошондуктан катка шашылыш жооп бериш керек болсо да, бардык маалыматты сөзсүз текшериңиз.
  • Эгер жеке маалыматтарыңызды бөлүшүп алган болсоңуз – чочубаңыз. Эгер логин же паролуңузду алдамчылар билип калган болсо, анда катталган бардык сайттардан ал маалыматтардыңызды өзгөртүңүз. Эгер банк маалыматтарын өзгөрткүңүз келсе, тиешелүү банкка кайрылыңыз.
  • Фишинг жөнүндө кабарлаңыз. Эгер сиз фишинг билдирүү алсаңыз, алдамчылар өзүлөрүн кайсы уюмдан деп тааныштырса, ошол уюмга кабарлаңыз. Бул фишинг менен күрөшүүдө жардам берет.

Сак болуңуз!

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.