.үч.чекит..үч.чекит.

Эмне үчүн статистикага караганда божомолдорго жана ушактарга көбүрөөк ишенебиз

үч чекит редакциясы
1114
 Эмне үчүн статистикага караганда божомолдорго жана ушактарга көбүрөөк ишенебиз

Сиз сасык тумоого каршы мезгилдүү эмдөө алдыңыз жана ооруп калдыңыз. Дагы бир таанышыңыз сизге өзүн жаман сезип жаткандыгы тууралуу арызданды. Статистикалык маалыматтарга таянсак, сасык тумоого карата эмдөө ооруу коркунучун 70-90% га азайтып, жүз миңдеген адамдардын өмүрүн өлүмдөн сактап калышы белгилүү. Бирок эми сиз ага ишенбейсиз.

Унаа токтоочу жайда бир кишини көрдүңүз. Ал капкара кийинген, татуировкасы көп, кулакчындарынан (наушнигинен) роктун үнү жаңырат. Сиздин оюңузча ал велосипед менен келди же унаа менен ?.Биринчи вариантты эч ойлонбостон тандап алсаңыз керек. Чындыгында экинчисинин ыктымалдыгы жогору, анткени жолдордо унаалар алда канча көп. Же балким, ал велосипед тепкен адамдыр.

Эки учурда тең – бардык адамдар дуушар болгон когнитивдик бурмалоонун негизги пайыздык ката маселеси орун алган.

Бул когнитивдик бурмалоонун маңызы эмнеде

Негизги пайыздык катадан улам статистикалык жана жалпы маалыматтар көмүскөдө калат. Анын ордуна жеке тажрыйбабызга жана айлана-чөйрөбүздө жолуккан айрым учурларга таянабыз.

Бул көрүнүш биринчи жолу ХХ кылымдын 90-жылдарында психологдор Амос Тверски жана Даниель Канеман тарабынан сүрөттөлгөн. Алар жүргүзүшкөн изилдөөсүндө катышуучуларга бир адамды кыскача сүрөттөп беришет: ал баш катырмаларды жакшы көрөт, математикалык ой жүгүртүүсү жакшы жана интроверт.

Андан кийин катышуучуларды эки топко бөлүшөт: биринчилерине ал адам 70 инженердин жана 30 юристтин арасынан тандалып алынгандыгы айтылат. Экинчи топко тескерисинче, тандоо 30 инженерден жана 70 юристтен тургандыгын айтышат. Бул адамдын инженер болуу ыктымалдыгы канчалык? – деген суроо баарына бирдей берилет.

Жооп бергендердин көпчүлүгү ал адамдын кесибин аныктоо үчүн мындай кичинекей сүрөттөө жетишсиз деген пикирге келишкен. Ошентсе да көпчүлүгү дагы эле аны инженер деп эсептөөгө жакын болушкан.

Андан кийин катышуучуларга башында адам жөнүндө эч кандай маалымат бербестен, сурамжылоону башкача ыкма менен жүргүзүшөт. Эгерде топто инженерлер көп болсо, анда ал адамдын дагы инженер экендиги анык – деп алардын жооптору жалпы ыктымалдуулукка негизделген. Эгерде топто адвокаттар көп болсо, анда ал адвокат болушу мүмкүн. Мындан биз атайын так маалыматка ээ болбогон учурда, бизди чаташтыра турган эч нерсе жок деп жыйынтык чыгарсак болот.

Эмне үчүн биз дайым эле статистикага ишене бербейбиз

Кээ бир учурда, жалпы маалыматтар жетиштүү деңгээлде ишенимдүү эместей сезилет: алар учурда биздин абалыбызга таасир этүүчү факторлордун бардыгын эске алышпагандай көрүнөт. Анын үстүнө, алар биз ойлогондой пикирге да туура келбейт.

Окумуштуулар бул ой жүгүртүүнүн катасын репрезентативдик эвристика б.а. адамдын стереотиптерге жана жеке баалоосунун негизинде тыянак чыгаруу жөндөмдүүлүгү менен байланыштырышат.

Бул когнитивдик бурмалоо кандай зыяндуулукту алып келиши мүмкүн

Сиз адамдар жөнүндө жаңылыш пикирде болосуз

Адамдын кесиби же жеке сапаттары боюнча жаңылышкандыгыңыз эч нерсе деле болбогондой сезилет. Бирок анын кесепеттери такыр башкача болушу мүмкүн. Алсак, сиз ал адамдын шылуун экендигин билген жоксуз, жаман компанияга кириптер болуп калдыңыз, кызмат үчүн маанилүү таанышууңузду же компания үчүн баалуу кызматкерди колдон чыгардыңыз.

Тынчсыздануу деңгээли жогорулайт

Статистикалык маалыматка баа бербөөчүлүк адамды ашыкча шекчил кылышы мүмкүн. Учакта учуудан коркуу же автобуста бомба бар же айдоочу рулда уктап калган жокпу деген ,ушул сыяктуу ойлор психикага олуттуу таасир этет. Бул сизди тынчсызданууга алып келет жана стресс кылат. Ал эми сейрек кездешүүчү коркунучтуу оору менен ооруп калам деген коркуу сезими ипохондрияга алып келиши мүмкүн.

Маанилүү кырдаалда ката кетиресиз

Топтогон акчаңызды жогорку пайыз менен бергиңиз келип, жаңы ачылган таанымал эмес банкка барасыз. Алар көп учурда ишенимсиз болуп чыгышын жана анчалык пайдалуу эмес шарттарды сунуш кылган ири уюмга баруу коопсузураак экендигин билесиз. Ошентсе да, акырында, ошол эле банкта акча сактаган досуңузга жана интернеттеги жакшы сын-пикирлерге көбүрөөк ишенесиз.

Негизги пайыздык ката менен кантип күрөшүүгө болот 

Корутунду чыгарууга шашылбаңыз

Эгерде сиз кандайдыр бир нерсени көп ойлонбостон баалаган болсоңуз, анда токтоңуз жана дагы бир ойлонуп көрүңүз. Бул көрүнүштү же кырдаалды кайрадан карап чыгууга себеп болот. 2-3 ачык-айкын критерийлердин негизинде жыйынтык чыгарып койгудай жашоо жөнөкөй эмес.

Кескиндүүлүктөн алыс болуңуз

Кандайдыр бир жыйынтыкка келген болсоңуз да, аны өзгөртүүгө даяр болуп, ийкемдүү болуңуз. Балким, алынган маалыматтар өзгөрдү же сиз бир нерсени эске алган жоксуз же жаңы маанилүү маалыматтар бардыр.

Маалыматтарды көбүрөөк чогултуңуз

Бир жагынан алганда, сизге кырдаалга мүнөздүү болгон конкреттүү маалыматтардын негизинде тыянак чыгаруу туура көрүнөт. Бирок, экинчи жагынан, мүмкүн болушунча көп маалыматка ээ болгондо гана толук картинаны алууга болот. Ошондуктан, издениңиз жана аны колдонуңуз.

Маалыматты иргеңиз

Бир нерсеге так баа берүү үчүн маалыматтардын толуктугу гана эмес, ишенимдүү маалыматтар дагы керек. Жаңылыктардан жана телекөрсөтүүлөрдөн этият болуңуз - фактылар көбүнчө тандалып жана көңүлдү айрым бир нерсеге буруу менен берилет.

Натыйжада, жалпы картина бузулат да, маалыматты өтө эле эмоционалдуу кабылдайсыз.

Демек, расмий статистикага, илимий изилдөөлөргө жана фактыга таянган маалыматтарга гана ишениңиз.

Кругозорду кеңейтиңиз

Дайыма окуңуз, айланада болуп жаткан окуяларга кызыгып туруңуз. Ар кандай чөйрөлөрдөгү жаңы нерселерди билүүгө аракет кылыңыз. Канчалык көп маалымат билсеңиз, ошончолук божомолдоо азайып, туура жыйынтык чыгарасыз. Сиздин колуңузда расмий маалыматтар жана так фактылар болот.

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.