.үч.чекит..үч.чекит.

Бизди көбүрөөк сатып алууга мажбур кылган 5 манипуляция

үч чекит редакциясы
988
Бизди көбүрөөк сатып алууга мажбур кылган 5 манипуляция

Жаңы жылдык майрамдарга карата сатып алууларды жүргүзүп жатасызбы?

Шашылбоону сунуштайбыз, алгач ойдо жок нерселерди сатып алууга түрткү берген эң популярдуу манипуляцияларды окуп чыгыңыз. Жөнөкөй эле маркетинг амал-айласы сизди буга түрткү кылат. Бир караганда, алар маанисиз жана баягы эле көрүнүш сыяктуу, бирок изилдөөлөр көрсөткөндөй, мындай майда нерселер керектөөчүлөрдүн сатып алуусуна олуттуу таасир этет.

💸 Көлөмдүү арабалар. Дүкөндөрдөгү арабалардын өлчөмүнө көңүл бурсаңыз – алар абдан чоң көлөмдө. АКШда жүргүзүлгөн бир изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, соода түйүндөрү өздөрүнүн арабаларын 100% га чоңойткондо, адамдар өздөрү байкабастан 20% га көбүрөөк сатып ала башташкан. Албетте, айрым дүкөндөрдө кичинекей арабалар дагы бар, бирок алар атайылап кичирээк көлөмдө берилет.

💸 Музыкалык коштоо. Соода борбору үчүн музыка – бул кардардын жүрүм-турумуна укмуштай таасир этүүчү нейромаркетинг куралы. Кардарлар үчүн бул жөн гана кулакка жагымдуу тректердин жыйнагы болсо, ал эми дүкөндүн жетекчилери жана кожоюну үчүн бул сатып алуучуларга таасир этүүчү ыкма. Соода борборунун музыкалык жабдылышы сатып алуулардан алаксытпай, аң-сезим деңгээлинде иштейт. Музыкалык коштоо сатууну 17% га көбөйтөт деген байкоонун жыйынтыктары бар. Дагы бир изилдөө көрсөткөндөй, үйлөнгөн жубайлар музыкалык коштоосу жок соода борборунун ичинде 35 мүнөткө чейин жүрө алышат. Эгерде жымжырттыкка техникалык үндөр (желдетүү, кассалык машиналарды басуу, ызы-чуулар) аралашса, анда соода убактысы 25 мүнөткө чейин кыскарат. Соода мейкиндигинде туура динамикада түзүлгөн музыка жаңырып турса, анда жуптар сатып алууну жок эле дегенде 70 мүнөткө чейин улантат. Музыка адамды бошоңдотуп, көңүл коюусун басаңдатат.

💸 Терезелердин жоктугу. Көпчүлүк соода борборлорунда саат да, терезе да жок. Бул адам убакытты ойлонбостон, шашпай, дүкөндө мүмкүн болушунча көп убакыт/акча коротушу үчүн жасалат. Казинолор да ушундай эле принцип боюнча иштейт, ал жерде да эч качан саат жана терезе коюлбайт.

💸 Жасалма популярдуулук. Текчелердеги продукциялардын арасындагы боштуктар – аларды активдүү сатып алгандай таасир калтырат. Демек, мунун себеби ал продукт жогорку сапатта экен деп ой жүгүртүүгө түрткү кылат. Тескерисинче, ал продукт жакшы өтпөгөндүктөн, сатып алуучуларга дем берүү максатында, дүкөндүн кызматкерлери буюмдарды атайын ушундай жол менен жайгаштырышы мүмкүн.

💸 Күзгүлөр. Көптөгөн дүкөндөрдө «арык көрсөтүүчү» күзгүлөр бар. Аларды өтө эле узун формасынан билсе болот. Өзүбүздүн жакшынакай көрүнүшүбүздүн дагы бир айла-амалы – бул түстөр менен трюктар. Жарыкка кызгылтым түстү бир аз кошсо же кийинип көрүүчү бөлмөнүн жасалгаланышы териңизге жагымдуу өң берет. Биз өзүбүздү жашыраак жана сергек көрө алабыз. Кийинип көрүүчү бөлмөдөгү күзгүдөн адам өзүнүн көрүнүшүн жактырса, 19% га көбүрөөк акча коротору байкалган.

Албетте, бул амал-айлалардын негизги функциясы – сатып алууларга түрткү берүү экендигине карабастан, алар биз үчүн ыңгайлуу жана жагымдуу болгондугун тана албайбыз. Бирок бул трюктарды билүү сизге сатып алууларды аң-сезимдүү жүргүзүүгө жардам берет.

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.