.үч.чекит..үч.чекит.

Беткаптын пайдасы барбы?

үч чекит редакциясы
1009
Беткаптын пайдасы барбы?

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча медициналык беткаптар бир катар вирустук инфекциялардын, анын ичинде COVID-19 вирусунун таралышынын алдын алууда милдеттүү атрибут болуп саналат.

Learnaboutcovid19.org – коомдук саламаттыкты сактоо боюнча адистердин глобалдык тобу беткап кийүү көпчүлүк адамдар үчүн коопсуз жана натыйжалуу деп эсептейт.

Эгер беткаптар таза болсо жана туура колдонулса, анда аларды кийип жүрүү – бул COVID-19 оорусун олуттуу терс таасирлерсиз азайтуунун натыйжалуу жолу болуп саналат. Башка коргонуу чараларын айкалыштыруу менен беткаптар дени сак адамдарды инфекциядан сактайт жана вирустун андан ары жайылышына жол бербейт.

Ошентсе да айрымдар, айрыкча ковид оорусуна ишенбегендер беткаптардын пайдасы жок, ал түгүл зыяндуу болушу мүмкүн деп эсептешет:

😷Беткаптар натыйжасыз жана коронавирустан коргой албайт

Беткаптар бир нече катмар торчодон тургандыктан, микробдор ага илинет. Беткаптар микротамчылар жабыша тургандай электростатикалык касиетке ээ. New York Times изилдөө жана иштеп чыгуу инженери Ник Барцокас жана анын командасы дем чыгаруудан чыккан чоң тамчылар жана вирусту алып жүрүүчү абадагы майда бөлүкчөлөр беткап жипчелеринин катмарларына кандайча кармалып калгандыгын көрсөтүүчү анимацияны жаратышкан. Мобилдик телефонуңуздан Инстаграм аркылуу атайын колдонмонун жардамы менен N95 респираторунун талчаларын микроскоп аркылуу көрсөңүз болот.  Же бул шилтеме аркылуу.

😷Беткаптар гиперкапнияга (көмүр кычкыл газынан уулануу) жана гипоксияга (адамдын организмине кычкылтектин жетишсиздиги) алып келет

Түштүк Каролиналык дарыгер доктор Меган Холл пульсоксиметрди колдонуп кычкылтектин каныккандыгын жана жүрөктүн кагышын беш мүнөт ичинде төрт кырдаалда: беткабы жок, хирургиялык беткап менен, N95 беткап менен, ошондой эле N95 жана хирургиялык беткаптар менен текшерип көргөн. Дарыгер белгилегендей, төрт учурда тең дененин кычкылтек менен каныккандыгында олуттуу өзгөрүү болгон эмес. Беткап кийүү бир аз ыңгайсыздыктарды жаратса дагы, адам аны менен кадимкидей дем ала алат. Беткаптар гипоксияны пайда кылаары жөнүндө эч кандай далил жок. Гипоксия жана беткап кийүү жөнүндөгү жүйөлөрдү чет элдик көз карандысыз фактчекерлер четке кагышкан. ДСУ беткаптарды туура колдонсо кычкылтектин көлөмү азайбай тургандыгын жана ошого жараша денедеги көмүр кычкыл газынын көлөмү да эч кандай көбөйбөй тургандыгын баса белгилейт.

😷Кычкылтектин жетишсиздигинен беткаптар кем акылдыкты жана деменцияны жаратат

Жогоруда айтылгандай, беткаптар кычкылтекти кармабайт, демек, кем акылдыкты жана деменцияны пайда кылбайт. Мындан тышкары, беткаптар мээни жабыркатат же өнүгүүнү чектейт деген далилдер жок. Алар COVID-19дун жайылышына таасирин тийгизбейт деп айтуу дагы туура эмес. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, беткаптар көпчүлүктө адамдар ортосундагы аралыкты туура сактаганда гана оору жугуунун алдын алуунун натыйжалуу жолу болушу мүмкүн. 2020-жылдын июнь айында 172 изилдөөлөр көрсөткөндөй аралыкты сактоо, беткап кийүү жана гигиенанын алдын алуу чарасы инфекция коркунучун азайтат.

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.