.үч.чекит..үч.чекит.

Балким ичиңизде тролль отургандыр. Аны кантип таануу керек?

Арслан Исаков
1897
Балким ичиңизде тролль отургандыр. Аны кантип таануу керек?

Эгер интернеттин дарбазасы бар болгондо, анда чоң тамгалар менен «Троллду тойгузба» деген социалдык тармактын маанилүү эрежеси жазылып турмак. Тилекке каршы, кээде коомду агартам, дүйнөнү сактайм же туура оюмду жеткирем деп жүрүп, кантип тролль болуп кеткениңизди байкабай да калышыңыз мүмкүн.

Чыныгы тролль күнү-түнү уктабай, ар кайсыл посттордун астына курч сөздөрдү жазып, башкаларды өзүн жаман сездирген эмоциялар менен жашайт. Байкабастан ал троллдун комментарийине «жактыны» басканыңыз да сизди дароо анын шериктешине айлантып жиберет. Ошондуктан кээ бир учурларда тролль эң сүйкүмдүү, эң жакшы жана эң токтоо адамды да өзүнө окшотуп жуктурушу мүмкүн. 

Жаңы санарип реалдуулук ар бирибизге популярдуу соцтармактарда өзүбүздүн ордубузду алууга мүмкүнчүлүк берди. Натыйжада жашообуздун өлчөмдүү бөлүгүн дал ошол жерде өткөрө баштадык. Оюбузду айтабыз, лайкты же дизлайкты басабыз, достошобуз, тамашалашабыз, жаңылык окуп, жаккан-жакпаган нерселерди бөлүшөбүз. Айтор, досторубуз жана бейтааныш кишилер менен мамиле түзөбүз.

Социалдык тармактагы ар бир кыймыл-аракетибиз анын алгоритмдерине биз кандай маалыматтарга көбүрөөк кызыгат экенибизди жакшы түшүнүүгө жардам берди. Ошентип негативдүү контент адамдын көңүлүн оңой буруп, узун талкууга түрткү бергендиктен колдонуучулар бул жерде убакытын көп өткөргөнү билинди. Бул болсо өз кезегинде жарнамалардын санын жогорулашына алып келди. Мындай хейт практикасын токтотуу үчүн жүздөгөн брендтер «#ХейттенПайдаТабуунуТоктот» хэштеги менен Facebook'ка нааразычылык билдиришти. 

Кандай болсо да алгоритмдерди гана күнөөлөгөн болбойт. Биз өзүбүз психологиялык жактан негативге жакыныраакпыз. Мисалы, кичинекей эле кемсинтүү бизди бат капалантат. Бир аз эле жолубуз болбой калса, көптөгөн татыктуу жеңишибизге карабай көңүлүбүз ооруп чыгат. Ал эми кайгылуу кабар башка жаңылыкка салыштырмалуу көбүрөөк капа кылат.

Биздин аң-сезимибиз негативдүү маалыматтарга артыкчылык берип, аны маанилүү деп кабыл алат. Муну коргоонуу механизми десе да болот. Кээде ал чын эле биздин пайдабызга иштейт: коркунучтан кабар таап, ага даяр турабыз. Алган маалыматыбыз кырдаалды көзөмөлдөөгө жардам берет. Бирок негативге жакын болуунун кемчиликтери бар — биз эмоционалдык кубатыбыздын баарын сарптап салабыз. Ошентип жакшы нерсени сиңирүүгө энергиябыз жетишсиз болуп калат.

Бул нерсе онлайн ааламда да иштейт: жылмайган миң чакты мышыктардын арасынан сөзсүз бир тролль көзгө урулат. Аны көрүп, адамгерчилик бар экенине ишенбей кетесиз. Троллдорго көңүл бурбай же дароо унутуп салуу кыйын. Анткени, алар сиздин талуу жериңизди оорутканды билишет. Троллдун максаты — чындыкты тактоо же өз пикирин коргоо эмес. Анын каалаганы – адамдын жеке өзүнө зыян келтирүү.

Элди троллингге түрткөн нерсе эмне?

  • Башкалардын оюн өтө эле жакын кабыл алабыз

Бейтааныш адам жагымдуу нерселерди айтып берсе, ал биздин баалуулуктарыбызды бөлүшүп жаткандай сезилет. Дүйнө таанымыбыз да окшош экен деп ойлойбуз. Эгер алардын пикири бизге жакпай калса, анда ал кишилердин ой жүгүртүүсү жөнүндө божомол кыла баштайбыз. Балким аларды биз жактырбаган стереотиптеги адамдардын тобуна кошуп салабыз.

  • Конфронтация (каршы туруу) натыйжасыз

Адамдын интернетте орой жана акарат келтирип жазганына себеп — алар мындай нерсе жасагандыгы үчүн эч кандай айыпка тартылышпайт. Себеби алар чынында эле жашыруун (аноним) болушу мүмкүн. Алардын ким экендиги билингенде деле орой билдирүүлөрдү эч ким көзөмөлдөбөйт — жасаган ишине өкүнгөн адамдар деле жокко эсе.

  • Публика үчүн «концерт» («шит-шоу»)

Элдин алдында сүйлөө адамдарды этият болууга үйрөтөт деп ойлошубуз мүмкүн. Адатта тескерисинче болуп калат. Элестетип көрүңүз, оюн-зоок кечесинде коноктордун бири менен тартыша кеттиңиз. А сиз көңүл ачуу үчүн келгенсиз, жеңил талаштын чыныгы кармашка айланышын каалабайсыз. Ошондуктан, теманы өзгөртүүгө аракет кыласыз. Эми сиздердин оозеки талаш-тартышуу ондогон адамдын көз алдында болуп жатканын элестетиңиз. Бул көрүнүш өз пикириңизди бекем коргоого, маектешиңизге олуттуу чабуул жасоого мажбурлаган абалга алып келет. 

Адам аны башкалар кантип ойлоп калганына гана кызыкдар эмес. Ал үчүн кайсы бир топтун ичиндеги өз кадыр-баркы да маанилүү. Бир гана адам менен тартышуу биздин коомдогу ордубузга таасир этпейт. Бирок интернетте он, жүз, керек болсо миңдей адам попкорнун даярдап алып, «шит-шоу» күтүп отургандыктан бул жерде талашты токтотуу же теманы өзгөртүү кыйын. Тролль үчүн эң жагымдуу учур ушул. 

Психиатр Адам Белл троллингди балык уулоого салыштырат: тролль жемди ыргытат (провокацияга түрткөн комментарий), интернет колдонуучу жемди тиштейт (комментарийге жооп берет), экөө талашып-тартыша баштайт, калгандары — байкоочулар. Троллдун белгиси ушундай — анын жазганын окуй турган эл көп жерде пайда болот.

Тролль болбош үчүн эмне кылуу керек?

Албетте, троллдорду койго теңеп, башкаларды «тролль окшойт» деп шектенүү оңой. Бирок дагы бир нерсе бар — өзүңүздөгү троллду тааный билүү. Балким сиздеги тролль эркиндикке чыгам деп ыңгайлуу жагдайды күтүп жаткандыр. Интернет троллдорун айыптап, аларды табиятынан зулум деп эсептейбиз — бирок мындай жүрүм-турумга эмне түрткү болгонун түшүнгүбүз келе бербейт. 

Айрым троллдор интернетти терс ойлорунан кутулуу үчүн колдонсо (энергетикалык вампирлер сыяктуу), кээ бирилери көңүл ачуу максатында пайдаланат. Жада калса троллдун жабырлануучусу ушунчалык жинденгендигинден башкалардын көзүндө өзүлөрү тролль болуп көрүнүшү мүмкүн. 

Ичтеги троллду сыртка чыгарбаш үчүн эми эмне кылуу керек?

1. Жоопкерчиликтүү болуңуз. Жазгандан мурун кесепети кандай болорун ойлонуңуз.  Башкалар оюбузду туура эмес түшүнүп алышы ыктымал;

2. Адамдын жеке сапатына тийбеңиз. Талкуунун темасынан кетпеңиз. Токтоолук жана урматтоо менен талкуу жүргүзүңүз;

3. Аноним болуудан баш тартыңызЧыныгы аты-жөнүңүз менен жөндүү пикир жазасыз;

4. Орой сын-пикирге көңүл бурбаңыз. Өзүңүздү комментарий жазган адамдын ордуна коюп көрүңүз. Балким, ал такыр башка нерсени айткысы келгендир. Түшүнүү менен мамиле кылыңыз;

5. Убактыңызды жана өзүңүздү баалаңыз. Сиздин андан да маанилүү иштериңиз болушу мүмкүн. Бул талаш сизге керекпи?

6. Троллдун комментарийлерине «жактыны» баспаңыз. Башкалардын постторунун алдында. Сиз аларды кубаттап жаткандай болуп сезилет;

7. Улам комментарий жаза бербеңиз. Эгер абдан ачууланып кетсеңиз, анда көңүлүңүздү башка нерсеге бурганыңыз туура;

8. Провокацияга алдырбаңыз. Антпесе башкалардын көз алдында эң башкы троллго айланып кетишиңиз мүмкүн;

9. Сиздин ичиңизде тролль бар экендигин танбаңыз;

10. Дебаттын техникасын үйрөнүңүз. Талашууну искусствого айландырыңыз. Ошондо эч кандай троллдон коркпойсуз. Ар кандай чагымдан кадыр-барк менен чыгып кете аласыз.

Албетте, интернет – биз пикир жазган, чоң аудитория менен сүйлөшкөн эркин аянтча. Бирок интернет биздин жакшы да, жаман да жактарыбызды ачып берет. Эгер ар бирибиз ичибиздеги троллду көзөмөлдөсөк, анда интернет жагымдуу жайга айланат.

Өзүңүздү жакшы караңыз.  

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.