

Албарсты кимди басты?


Уктап жатканда көкүрөктү кысып, муунткан коркунучтуу Албарсты жөнүндө укпаган киши болбосо керек. Ал ким болду экен? Бул «жандыкты» жапон мифологиясында – Канасибари, чуваш мифологиясында – Вубар, ал эми калмактар Хар Дарна деп аташат. Ал эмне үчүн адамга көрүнөт?
Чоң атамдын айтымында бул кемпир анын атасына да, башка тааныштарына да келген имиш. «Кемпир муунтуп жаткан кезде анын чачын байкатпай жулуп алсам, ал кайра келип үч каалоомду аткарат», – деп атам коркпостон аны кайра күтүп жатканын билдирди. Бирок, ошондон кийин, эмнегедир, баягы кемпир келген жок.
Баарына биздин денебиз жана мээбиз себепкер. Түшүндүрөбүз:
Адам тез уйку фазасында болгондо мээ активдүү иштейт (биз дал ушул убакта түш көрөбүз). Көздөр жана дем алууга жооп берген булчуңдар гана кыймылдап, ал эми дене шал болуп калат. Ошондуктан биз түш көрүп жатып иш-аракет кылгыбыз келгенде, өзүбүзгө зыян келтире албайбыз.
Көбүнчө учурда биз ойгонгуча чейин эле кыймылдай алабыз, бирок бул нерсе кээде бузулат. Адам жарым-жартылай эс-тутум абалында болот: мээси ойгонот, кээде көзүн ачып, бөлмөнү карай алат, бирок дагы деле кыймылдай албайт. Дал ушул абалды «уйку параличи» деп аташат – мындай эпизоддор бир нече секунддан бир нече мүнөткө чейин созулушу мүмкүн.
Мен бул окуяны таенеме айтып берсем, ал мага уйку убагында келе турчу мистикалык рух жөнүндө баяндап берди. Таенем ашканадан бычак алып келип, аны менин жаздыгымдын астына койду. Эгер Албарсты дагы келе турган болсо, анда коргоно турган куралым болорун айтты. Таң калычтуусу – менин түштөрүм коркунучтуу болбой калды. Ошондон бери дээрлик 20 жашка чыккыча мен жаздыгымдын астына бычак коюп уктап жүрдүм.
Мындай абалда көпчүлүк адамдарга көкүрөгү кысылгансып сезилет. Алар эркин дем алып жатышса деле, дем алуусу кыйын боло баштагансыйт. Кээ бир адамдар мындай абалда көзүн ачып жиберет. Аларга бөлмөдө бирөө бар болгонсуп көрүнүп, ал тургай көрүү жана угуу галлюцинациясы башталат. Ошондуктан жүрөктү түшүргөн зыяндуу жандыктар пайда боло баштайт. Мына ушул процесстин натыйжасында биз «Албарсты» менен таанышабыз.
Эгерде адамда уйку парличи тез-тез болуп турса, анда стрессти, невроз жана депрессиялык абалды жеңүү үчүн психотерапевт менен психиатрдын жардамы керек. Кээде психикалык бузулуунун белгилери өзүн уйку параличи менен билдирүүсү мүмкүн. Психикалык факторлор жоюлмайынча, «Албарсты» мезгил-мезгили менен келип турушу ыктымал.