TALKUULOO (Талкуулоо): Кыргызстандын жаштары үнүн жандырууда


Заманбап дүйнө маалыматка жык толгон, аны талдап, критикалык ой жүгүртүп, негиздүү чечимдерди кабыл алуу маанилүү. Бул процесске жаштарды тартуу да маанилүү, айрыкча калкы көп, Кыргызстан сыяктуу жаш өлкөдө. TALKUULOO билим берүү долбоору дал ушуга кызмат кылат.

1. TALKUULOO долбоору деген эмне?
TALKUULOO (Талкуулоо) – Кыргызстандын 14-18 жаштагы жаштарынын жарандык активдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле аналитикалык жана критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө багытталган инновациялык долбоор. Долбоордун максаты - жаштарга өлкөнүн коомдук турмушуна активдүү катышууга жардам берип, аларга жаңы көндүмдөрдү алууга жана маанилүү коомдук маселелерди талкуулоодо катышууга мүмкүнчүлүк берүү.
2. Бул долбоор кимдерди камтыйт?
TALKUULOO (Талкуулоо) долбоору Нарын жана Жалал-Абад шаарларындагы 4 мектепти камтып, долбоордун алкагында 80-100гө жакын 14 жаштан 18 жашка чейин жаштар жана 12 мектеп мугалимдери окутулган. Пландарда долбоордун иш-чараларына барган сайын көбүрөөк жигердүү жаштарды тартуу менен аудиториясын дагы да кеңейтүү.
3. Буга чейин кандай иш-чаралар аткарылган?
Долбоордун алкагында бир катар тренингдер жана иш-чаралар өткөрүлүп, жаштардын дебатка жана жарандык активдүүлүккө керектүү көндүмдөрдү алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бул иш-чараларга, мисалы, мугалимдер үчүн окуучулар менен кантип барлашуу жана биргелешкен иш пландарды иштеп чыгууну үйрөтүү үчүн эки күндүк тренинг өткөрүлгөн. Долбоордун катышуучулары үчүн төмөнкү тренингдер өткөрүлдү: биринчиси - команда түзүү жана лидерликти үйрөтүүгө, экинчиси дебат технологияларын окутууга, өздөштүрүүгө багытталган.
4. Долбоорду ишке ашырууда кандай кыйынчылыктар болду?
Ар бир мектептерде интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү болбогонуна байланыштуу же интернет байланышы начар болушу эффективдүү, натыйжалуу байланыштарды түзүүдө кыйынчылыктарды туудурат.
5. Келечекте эмнелер пландалууда?
Дебат клубдарынын демилгелерин колдоону улантуу менен жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, алардын дебаттык турнирлери, жаштар коомчулугунун демилгелери, спорттук мелдештер жана региондор арасында онлайн дебат турнирлери сыяктуу иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда.
6. Бул эмне үчүн маанилүү?
Жаштар Кыргызстандын калкынын 27%га жакынын түзөт. Алардын мамлекетти өнүктүрүүгө жаңы идеяларды жана багыттарды алып келүү мүмкүнчүлүгү бар. Бирок учурда алардын мүмкүнчүлүктөрү сапаттуу билимге жана чечим кабыл алуу процесстерине толук катышуу мүмкүнчүлүктүн жоктугу менен чектелүүдө.
Жаш муун үчүн жарандык активдүүлүк жана өлкөнүн коомдук турмушуна активдүү катышуу маанилүү экендиги суроо жаратпайт. Бул жаштарга өз өлкөсүндө болуп жаткан процесстерге катышууну сезүүгө жардам берет, талдоо, критикалык ой жүгүртүү жана аргументтөө көндүмдөрүн өстүрүп, ошондой эле жарандык жоопкерчилик сезимин калыптандырат.

TALKUULOO (Талкуулоо) — Кыргызстан жаштарынын активдүүлүгүн жана лидерликти колдоого багытталган долбоор. Бул жаштарга бир гана көндүмдөрдүн жана билимдердин жыйындысын эмес, алардын пикири маанилүү экенине жана аны уга турганына ишенимди да берет.