ФастКурс
kg
Eng
Контакты

Медиакыздар Академиясы

Медиакыздар Академиясы
Редакция IDEA
08 марта 2021
1918
Анонсы
Медиакыздар Академиясы

Жаңылыктардын 46% гендердик стереотиптерди бекемдейт. Бул көрсөткүчү 6% ды гана түзгөн cторителлингге караганда дээрлик 8 эсе көп.

Аялдардын 76% социалдык тармактарда кысымга кабылганын билдиришкен. Мындан улам алар айрым онлайн платформалардан кетүүгө же өз билдирүүлөрүнүн мазмунун толугу менен кайра карап чыгууга мажбур болушкан.

Глобалдык деңгээлдеги медиамейкиндикте аял-лидерлер 26% түзөт.

Биз БУУнун Демократиялык Фондусунун (UNDEF) каржылык колдоосу менен жаңы эки жылдык «Медиакыздар Академиясы» долбоорун баштайбыз. Долбоордун максаты – кыздардын өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана медиачөйрөдө аялдардын көйгөйлөрү боюнча кыргыз тилинде коомдук дискурс түзүү.

Биз 210 кызга атайын билим порталын түзөбүз. Алар 4 онлайн-курста өз медиабилимин өркүндөтө алышат. 210 кыздын ичинен 63 кыз стажировкага тандалып алынып, алар материал (макалалар, влогдор жана подкасттар) даярдап, өнөктөш ММКларда чыгарып турушат. Бир жылдык тренингден кийин 63 кыздын арасынан кийинки социалдык бизнес-стартаптар үчүн 28 катышуучуну тандап алабыз.

warning
Биз кайда иштейбиз?
Бишкек, Каракол, Кызыл-Кыя, Нарын, Сузак, Талас, Өзгөн
warning
Ким менен иш алып барабыз?
18-29 жаштагы кыздар

Академиянын катышуучуларын эмне күтүп турат?

  • ар башка тематикадагы 2 каттар марафону;
  • аялдардын мүмкүнчүлүктөрү боюнча 2 экономикалык форум;
  • мыкты медиа-адистер менен машыктыруу программасы;
  • долбоордун 63 катышуучусу үчүн стажировка программасы;
  • Community Gender Dialogues;
  • долбоордун катышуучуларынын бизнес идеялары үчүн акселератор.
Предыдущий материал
Ищем поставщика/цу для разработки сайта
Следующий материал
Вакансия: Координатор медиапроекта
Введите текст и увидите результат