Жарандык активдүүлүк менен алектенүүгө жаштардын мүмкүнчүлүктөрү, даярдыгы барбы?


Ар аймак экономикалык ишмердүүлүгүнө жараша өнүгүп, жарандар айыл-чарба, кызмат көрсөтүү багыттарында эмгектенип жатышат. Алардын арасында жаштардын иши көрүнөбү? Жаштар өнүгүүгө кандай салым кошуп жатат? Жаштардын жарандык активдүүлүгү төмөн болсо анын себеби эмнеде? Арсланбап айылындагы жаштардын жумушчу тобу изилдөө жасап, ушул суроолорго жооп табууга аракет кылды.
«Жарандык активдүүлүк – бул элдердин жашоо-турмушуна кайдыгер эмес адамдардын аракети. Тагыраагы, жигердүү жарандар өз аймагынын каймактары. Жаратылышка, элдин жашоосуна, коомчулуктагы көйгөйлөргө кайдыгер эместер жарандык активист эсептелет. Айылдын өнүгүүсү үчүн жарандык активдүүлүк сөзсүз керек деп эсептейм», — деди жергиликтүү кеңештин төрагасы.
Жаштар саясатынын концепциясында, мамлекеттик деңгээлде төмөндөгүдөй сөздөр айтылган: «Жарандык катышууга жаш муундун аралашканы, бийликтин аткаруу жана мыйзам чыгаруу органдарындын өкүлдөрүнүн биргеликте аракеттенүүсү жана жаштардын коомдук-саясий иштерге тартылышын жетишсиз деп белгилөөгө болот».
Ал эми биздин изилдөөбүз Арсланбаптагы жаштардын активдүүлүгү төмөн экенин көрсөттү. Жаштар буга айылдын иштерине кызыкпайбыз, ага байланыштуу маалыматтарды укпай калабыз деп жүйө келтиришти.
Мисалы, жаштар активдүүбү деген суроого ар бир бешинчи адам активдүү эмес деп жооп беришкен. Ошондой эле, 66 пайыз жаштар кээде гана активдүү экенин билдиришкен.
Активдүүлүктүн төмөндүгүнө эмне себеп деп сураганда, 33 пайыз адам — маалыматтын жетишсиздиги десе, дагы 14 пайыз жаштар алар менен эч ким иш алып барбаганын айтышкан. Демек, сурамжылоого катышкандардын жарымы эгер жаштарга көнүл бурулса, алар активдүү боло алышмак деген пикирде.
«Жарандык активисттер аз. Буга себеп — аларга “мындай кылалы” деген бирөө жок. Түрткү берген адам жок. Жаштар да кол куушуруп отурбашы керек. Жеке же топ болуп келишсе, көйгөйдү айтып, мындай иштерди кылалы деп демилгелешсе жакшы болот. Биз, албетте, мүмкүнчүлүк түзүп, каржылык жактан жардам кылабыз», — деп айтты айыл өкмөт башчынын орун басары.
Ал эми маалыматтын жетишсиздиги жаштардын активдүүлүгүнө таасир берет дегендер 74 пайызды түздү.
Мындан улам жыйынтык чыгарсак болот: жаштардын жарандык активдүүлүктөн кабарсыз экенине — коомчулуктун өнүгүүсүнө таасир этүү зарылдыгын жана анын жолдорун билбестик, мындай аракеттердин кереги жок деп ойлоо менен маалыматтын жетишсиздиги себеп.

Ошол эле учурда, жаштар кантип, кимге барууну, демилге көтөрүүнүн жолдорун билбей жатышат. Изилдөөдө демилге көтөрүү керектигин билбеген жаштар да бар экени белгилүү болду. Демек, жаштарды жетелеп, аларга жарандык активдүүлүктүн жол-жобосун үйрөтүү керек.

Жергиликтүү башкаруу органдары жаштардын демилге, идеяларын колдошобу?
Демек, айылдын экономикалык ишмердүүлүгүнө да жарандык активисттер чоң салым кошот. Айыл өкмөттүн өкүлү жарандык активдүүлүктү ашарга түздөн-түз байланыштырып жатат. Башкача айтканда, ал көбүрөөк коллективдик жумуш формасына токтолуп жатат.

Мындай маалыматтан улам, жаштарды кара күч керек болгондо гана чакырышабы деген ой жаралат. Муну менен катар, жаштардын укуктары, ой-пикири эске алынып турса, анда алардын жарандык активдүүлүгү дагы да жогоруламак.
Демек, жаштар — кара жумуш аткаруучу күч, ресурс. Бирок, чечим кабыл алууда алардын үнүн кээде гана угушканы түйшөлтөт. Жергиликтүү башкаруу органдары жаштардын сунуштарын чечим кабылдоодо эске алышабы деп сурап көрдүк. Жаштардын пикири эч качан эске алынбайт дегендер респонденттердин үчтөн бир бөлүгүн түздү. Ойлорубуз кээде гана эсепке алынат деген жаштар 44 пайыз болду.
Башка айтканда, жергиликтүү өзүн өзүн башкаруу органдары жаштардын демилге, идеяларын колдобогондугун респонденттердин жарымынан көбү белгилеген.
Балким, жаштарды колдобоонун олуттуу себептери бар чыгар. Карап көрөлү.
*ЖӨБО — жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары

Мындан улам, жыйынтыкка келебиз — жаштарга ишеним көрсөтүп, мүмкүнчүлүк түзүү керек. Мамлекеттин 2020-2030-жылдарга карата Жаштар саясатында айтылган үч багыттуу артыкчылыктарынын бири — жаштардын максаттарына жетишине мүмкүнчүлүк берген мыйзам механизмдерди, инструменттерди, институттарды түзүү жана өркүндөтүү абдан маанилүү.
Айылдын көйгөйлөрүн чечүүгө салым кошо алам деген пикирди жаштардын 74 пайызы билдирди. Бул көрсөткүч жаштардын активдүү болууга даяр экендигинен кабар берет.
Мамлекет концепцияга артыкчылык менен киргизген соң, жергиликтүү башкаруу органдары да жаштардын жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу максатында ар кандай платформаларды түзүп, аларга ар тараптуу жол көрсөтүшү шарт.
Изилдөөнүн алкагында Арсланбап айылынын 14-28 жаштагы 188 жашоочусу сурамжылоого катышты жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органынын төрт өкүлү тереңдетилген интервью берди.'


Дисклеймер: Бул изилдөө, Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды. Изилдөөнүн мазмуну USAID, Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн, Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жамааттардын өнүгүүсүн колдоо программасынын ( MSDSP KG) же Борбордук Азиядагы IDEAнын көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес.
USAID тарабынан каржыланган «Демилгелүү жаштар» долбоору Кыргызстандын жаштарынын жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу максатын аркалайт. Долбоор MSDSP KG, IDEA CA тарабынан аткарылат.