Ар бир кесип ардактуу, ар бир кесип маанилүү


Кесип тандоо ар бир адамдын жашоосундагы маанилүү жана жоопкерчиликтүү кадам. Өз кесибин туура эмес тандаган адамдар турмуштагы ордун табууда жана кесиптик өсүүдө да кыйналышат. Бул тандоо олуттуу жана оңойго турбайт, тоскоолдуктар, кыйынчылыктар болот.
«Демилгелүү жаштар» долбоорунун алкагында түзүлгөн Бешик-Жон айылындагы жаштардын тобу изилдөө жүргүзүштү. Алар айыл жаштарынын кесип тандоодогу көйгөйлөрүн аныктоого аракет кылды.
Маалыматтын жетишсиздиги же «эл эмне дейт?»
Жаштар кесипти кантип тандоону, эмнелерди эске алууну билишеби? Сурамжылоодо белгилүү болду — бүтүрүүчүлөргө профессия тандоодо кесиптер тууралуу маалыматтар, тесттер, түрдүү ишканаларга экскурсия жана ийримдер керек.
Улуттук квалификациялык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча ЕФОнун региондук долбоорунун (2005-2008) изилдөөсүнө ылайык, жогорку класстын окуучуларына кесиптик багыт дээрлик берилбейт. Жаштар мектепти аяктагандан кийин эмгек рыногундагы чыныгы кырдаалды билбей, ара жолдо калышат.
Маалыматтын жетишсиздигинен улам кесип тандай албаган жаштар соңунда улуулардан кеңеш сурашат.

Жаштар башкалардын көз караш, кеңештерин эске алышат — мындай пикирдегилер респонденттердин 65 пайызын түздү. Мындай мамиленин себебине үңүлсөк, анда ар бир үчүнчү бала ага адамдардын ою жакшы болушун каалайт.

Бирок, жаштардын аларга башкалардын жакшы ойдо болушун каалагандыгы сарсанаа кылат. Анткени «эл эмне дейт?»түшүнүгүнүн таасирине берилип, юрист, экономист же банк кызматкери сыяктуу абройлуу кесиптерди тандашат. Натыйжада, Жогорку окуу жайын аяктагандан кийин жумуш таба албай калышат. Же болбосо иштеп баштаганда гана кесиби жакпайт экенин түшүнүшөт.
Учурда бүтүрүүчүлөргө коюлган квалификациялык талаптар эмгек рыногунун заманбап талаптарына ылайык эмес. Алар эскирген жана зарыл компетенциялары жок. Эмгек рыногунда кадрларды даярдоочу, коюлган талаптарды түзүүчү кесиптик бирикмелер жок экенин Улуттук квалификациялык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча ЕФОнун региондук долбоорунун (2005-2008) изилдөөсү да бүтүм кылган.
Жаштардын көбү тапшырып жаткан адистиктин мүнөздөмөсүн, ал кесиптин ээси эмне менен алектенерин билишпейт. Анткени, аларда кесиптин көп түрдүүлүгү боюнча маалымат жок. Жыйынтыгында, алар кесип тандап жатып абройлуу жана киреше алып келүүчү кесиптерге басым жасашат. А чындыгында, ал кесипке жакынкы 10-15 жылда талап болобу же ал кесип жоголуп кетиши мүмкүнбү — эч ким ойлонбойт.
Элдин калың катмары кээ бир кесиптерди туура эмес баалайт — кызмат көрсөтүүнү же курулуш тармагында иштөөнү кара жумуш деп билишет. Биз изилдөөбүздө ушул нерсени да карап көрдүк.
Жаштар кесиптерди жакшы же жаман деп бөлөбү? Биздин сурамжылоодо пикирлер бөлүнүп кетти — респонденттердин жарымы жакшы кабыл алынбаган кесиптер бар деп жооп беришсе, жарымы андай кесиптер жок дешти.
Адамдар терс көз карашта болгон профессияларга курулуш, ремонт жана кызмат көрсөтүүчү кесиптер кирет. Алар: сантехник, куруучу, ширетүүчү, чач тарач, маникюр жасоо сыяктуу кесиптер экенин жаштардын 65 пайызы белгиледи.
Өз жөндөмүн эске албай кесип тандагандын жыйынтыгы — кыйналып иштөө жана чыдап жүрүп пенсияга чыгуу. Эң башкысы окуучуларга жөндөмүнө карай кесип тандоону кеңеш берүү керек. Анткени ийгиликтүү адамдардын көпчүлүгү жүрөгүн угуп, жөндөмүнө ылайык кесип тандаганда гана ийгиликке жетишкени белгилүү.
Жалпы жогорку билим алуу. Эмне үчүн кесиптик лицейлер бүтүрүүчүлөрдүн арасында талапка ээ эмес?
Элдеги калыптанып калган ой-пикирлерден көз каранды жаштар арбын. Мисалы, «сөзсүз Жогорку окуу жайына окуу керек» деген стереотип кеңири тамыр жайган. Мисалы, жаштардын 60 пайызы кесипкөй болуу үчүн Жогорку окуу жайда гана окуу керек деп билдиришти. Мындай абал өкүндүрөт.
Жаштарда кесиптик лицейлерде ийгиликсиздер окуйт деген ой калыптанган. Бирок, чындык башкача — ийгиликтүүлөрдүн басымдуусу профессиясы жөнүндө түшүнүктүн пайдубалын кесиптик лицейлерде бекемдешет. Андан соң ишин мыкты аткарып, ар кайсы өлкөлөрдөгү сынак, көргөзмө же иш-чараларга барышат.

Татьяна Воротникова — кыргыз улуттук кийимдерин изилдөөгө жана калыптандырууга салым кошкон инсандардын бири. Ал башкаларды укпай, өз кесибин өзү тандагандыгы тууралуу мындай дейт:
Учурда Татьяна Воротникова, кыргыз улуттук стилиндеги кийимдерди жаратып, чет өлкөлөрдүн подиумдарын багынткан белгилүү дизайнер, модельер, сүрөтчү. Ал кыргыз саймасынын эң ири топтомун оңдоп-түзөп, көздүн карегиндей сактаган жана илгерки кыргыз костюмунун кайталангыс топтомдорунун ээси. Ошондой эле, көп өлкөлөрдөгү (Ирак, Алжир, Түркия, Германия, Швеция, Англия, Италия, Кытай, Россия) кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрүнө катышкан.
«Сүрөт тартуудан колум бошочу эмес. Ошондуктан, көркөм сүрөт окуу жайына тапшырганымда үйдөгүлөр каршы болушпады. Өз жолумду өзүм тандадым», — дейт белгилүү сүрөтчү, көптөгөн китептердин иллюстратору, Экинчи (II) Көчмөндөр оюнунун башкы декоратору, сүрөтчүсү Жумгалбек Бейшебаев. Аны арт мейкиндигинде Джум Гунн деп аташат.
Жумгалбек ийгиликке жетүү үчүн талыкпай эмгектенип, талантты багуу керек дейт. Ал 6-класста окуп жатканда сүрөт тартуу талантын байкаган агасы менен эжеси Т.Садыков атындагы академияга киргизишет. Ошентип, ал С.Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын аяктайт. Учурда Жумгалбек жогорку билим албай эле олуттуу иш-чаралардын декоратору, ондогон жомок китептердин иллюстратору, даректүү тасмалардын каарманы. Джум Гунн жөнүндө тасма жана репортаждар интернетте кеңири тараган. Бул анын эмгектен бакыт тапкандыгы.

Мындан улам, профессия тандоодо келечекте жок болуп кетчү кесиптердин тизмесин изилдеп, эмгек рыногундагы талаптар жөнүндө изилдөөлөрдү окууну, эң негизгиси өз жөндөмүн эске алып тандоо жасоону сунуштайбыз.
Бешик-Жон айылынын жумушчу тобу өз айылынын жашоочуларынын арасында сандык ыкма менен 226 адамдан сурамжылоо жүргүздү жана кабинеттик изилдөөнү ишке ашырды.

Дисклеймер: Бул изилдөө, Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды. Изилдөөнүн мазмуну USAID, Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн, Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жамааттардын өнүгүүсүн колдоо программасынын ( MSDSP KG) же Борбордук Азиядагы IDEAнын көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес.
USAID тарабынан каржыланган «Демилгелүү жаштар» долбоору Кыргызстандын жаштарынын жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу максатын аркалайт. Долбоор MSDSP KG, IDEA CA тарабынан аткарылат.