Ата-эне жана бала: тарбиялоодогу ынгайсыз ыкмалар


Кыргызстан — жаш мамлекет. Бул өлкөдө 2.1 миллион бала бар, демек, калктын үчтөн бирин балдар түзөт. Кыргызстан балдардын абалын жакшыртууда олуттуу өсүүгө жетишти. Бирок, жашоосун жакшы жакка өзгөртүү үчүн балдар да, үй-бүлөлөр да бир топ маселелерди чечиши керек.
Ата-эне менен чүрпөсүнүн ортосундагы мамиле баланын калыптануусуна, келечекте кандай адам болуп, кандай ийгиликтерге жетишүүсүнө таасир этет. Ата-эне жана баланын мамилесин Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жаштардан турган жумушчу тобу изилдөөгө аракет кылды.
«Элдин балдары»: Баланы башкалар менен салыштыруу туурабы?
Изилдөөдө 10 ата-эненин 8и өз балдарын «элдин балдары» менен салыштырат экенин айтышкан. Бул нерсе түйшөлтпөй койбойт. Анткени, башкалар менен салыштыруу баланын өзүнө болгон баанын төмөндөшүнө, күчүнө ишенбешине алып келет.

Балдар психологу Тынчтыкбек Бакытовдун айтымында, кыргыз маданиятында «элдин балдары» деген феномен бар.
Башкалар менен салыштыруу тарбиясынан соң эмнеге жетишебиз? Көбүнчө өзүнө ишеними жоголгон адамды өстүрөбүз. Анткени, алар ата-апасы мактаган балдардай боло алышпады. Өзүн-өзү баалабай, кемчилиги көп кишидей түшүнүк калыптанды. Бала кезинен “элдин балдарындай” болсом жакшы адаммын деген ою турукташты. Жыйынтыгында, биз жан дүйнөсү жаралуу балдарды тарбиялаган ата-энеге айланабыз», — деди балдар психологу Тынчтыкбек Бакытов.
Чогуу өткөргөн убакыт баланы тарбиялоого таасир тийгизеби?
КРнын статистикалык маалыматына, андагы убакыттын бюджети тууралуу изилдөөгө ылайык, ата-энелер бала тарбиялоого жумасына эки сааттай убакыт бөлөт. Ал эми Көк-Арт айылындагы ата-энелер балдары менен чогуу болуу убакытын төмөндөгүдөй түшүндүрүштү.

Изилдөөдө ата-энелер чогуу өткөргөн убакытты, бир жерде болуп баарлашуу, маектешүүнү түшүнүштү. Ал эми КРнын статистикалык комитетинин маалыматы убакыттын бюджетин «балдарды тарбиялоо» деген сап менен көрсөткөн.
Ата-энелердин балдары менен көп убакыт өткөрүшү жакшы көрсөткүч. Бирок, ар бир үч ата-эненин бири жана ар бир төртүнчү бала «пикир келишпестиктерге бала менен бирге убакыт өткөрбөө cебеп» деп билдиришти.

Жогорудагы көрсөткүчтөн ата-эненин баланы айыптоо деңгээли жогору экенин байкайбыз. Ошол эле учурда, пикир келишпестиктерге ата-эненин да тиешеси бар деген көрсөткүч өтө төмөн.
Ата-энелер балдарын гана айыптап жатканда ар бир 10 баланын үчөө «балдар өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлошот, ата-эненин шартын түшүнбөйт” деп жооп беришти. Балдар өз ата-энесин айыптабай, алгач күнөөнү өздөрүнөн издегени — алар өздөрүн дайым күнөөлүү сезет экенинен кабар берет.
Ата-эне менен мамиле — балдардын көз карашы
Изилдөөдө баёо сезимдүү балдар ата-энесине мамиле кылуунун жолдорун издеп, алардын көңүлүнө карайт экени байкалды. Сурамжылоого катышкан балдардын жарымы өз оюн ата-энесинин маанайына карап түшүндүрөрүн айтышты. Ушундай эле жоопту 13-14төгү өспүрүм балдардын 71 пайызы белгилегендиги кооптондурат. Анткени, ата-энесине каалаганда өз оюн айтпай, алардын маанайына, көңүлүнө караса, анда балдар дайыма ата-энесинен коркуп жашап атабы деген суроо жаралат.

Изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөттү — башкалар менен салыштыруу же балага чоң талаптарды коюу аркылуу ата-энелер өз чүрпөлөрү менен мамилесин солгундатат. Бирок, мунун баарына ата-эненин «жамандыгы» эмес, аларга бала тарбиялоодогу жакшы ыкмалардын жетишсиздиги себеп. Ошол эле учурда, ата-энелерди пикир келишпестикке жетелеген: балдардын коопсуздугу жана саламаттыгына байланыштуу себептерди жүйөлүү деп эсептейбиз.
Изилдөө «Демилгелүү жаштар» долбоорунун алкагында Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жумушчу тобу тарабынан ишке ашты. Максаты — Көк-Арт айыл өкмөтүндөгү жашоочулардын арасында ата-эне менен баланын пикир келишпестигинин себептерин аныктоо.
Ата-эне жана баланын ортосундагы пикир келишпестик көйгөйүн Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жумушчу тобу «Коомчулуктун муктаждыктарын аныктоодо катышуу ыкмасы менен изилдөөнү үйрөнүү» тренингинде көтөрүп чыгышты. Тренингдин жүрүшүндө изилдөөнүн маселеси, методологиясы иштелип чыкты. Ал эми маалыматтар «талаа изилдөөлөрүнүн» негизинде сандык ыкма жана кабинеттик изилдөө аркылуу топтолду. Жалпысынан сурамжылоого Жалгыз-Жаңгак, Жерге-Тал жана Базар-Булак айылдарындагы 227 респондент катышты.


Дисклеймер: Бул изилдөө, Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды. Изилдөөнүн мазмуну USAID, Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн, Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жамааттардын өнүгүүсүн колдоо программасынын ( MSDSP KG) же Борбордук Азиядагы IDEAнын көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес.
USAID тарабынан каржыланган «Демилгелүү жаштар» долбоору Кыргызстандын жаштарынын жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу максатын аркалайт. Долбоор MSDSP KG, IDEA CA тарабынан аткарылат.