Жаштардын үнү: коомдук активизм чечим кабыл алуу процессине таасирин тийгизеби?

Редакция IDEA

«Келечек жаштардын колунда!», «Жаштардын бүгүнкү иш-аракетинен эртеңибиз көз каранды!» деген билдирүүлөрдү Кыргызстанда, керек болсо дүйнөдө көп угабыз. Бирок коомдук маселелерди талкуулап, чечим кабыл алып жатканда жаштардын үнүн канчалык деңгээлде угабыз? Алардын келечекке болгон ойлорун эске алып жатабызбы?
Жаштар — коомдун негизги күчү дейбиз. Биз алардын пикири менен эсептешип, жаштардын коомдук көйгөйлөрдү чечүүдө жана өз аймактарын өнүктүрүүдөгү аракеттерин байкай алдыкпы? Эгер алар активдүү болсо, коомдук активизм жаштардын чечим кабыл алуу процесстерине катышуусуна таасирин тийгизеби? Бул суроолорго жооп табуу үчүн алгач коомдук активизм жана чечим кабыл алуу процессине катышуу эмне экенин түшүнүп алуу зарыл.
Коомдук активизм жана чечим кабыл алууга катышуу деген эмне?
Коомдук активизм – бул коомдогу социалдык, экономикалык, саясий абалга же айлана-чөйрөгө байланыштуу өзгөрүүлөрдү алып келчү иш-аракеттер. Чечим кабыл алууга катышуу — жарандардын коомдогу маанилүү, ар бир адамдын жашоосуна таасир эте турган чечимдердин кабыл алынышына катышуусу. Ал эми жаштардын чечим кабыл алууга катышуусу алардын өздөрүнө тиешелүү суроолорго таасир этүүсүнө мүмкүнчүлүк берет.
Эгер жаштар коомдо активдүү болсо чечим кабыл алууга катыша алабы?
Кыргыз Республикасынын 14-28 жаштагы жарандары жаштар категориясына кирет. Жалпысынан алганда Кыргызстандагы калктын төрттөн бир бөлүгүн жаштар түзөт. Кыргызстан өзү жаш, бутуна жаңыдан туруп келе жаткан өлкө. Андыктан, өлкөнүн жаштар менен иш алып баруу саясаты жана андагы аракеттери абдан маанилүү. Бирок, Кыргызстандагы жаштардын жергиликтүү аймактардагы чечим кабыл алуу процесстерине катышуусу төмөн. Бул көрүнүш жаштардын өздөрү жашаган айыл-шаарларга өзгөрүү киргизе аларына ишенимдин жоголушун негиздейт.
Нарын шаарынын мисалын карасак, калаадагы жаштардын жарымынан көбү коомдо активдүү болгонго аракеттенишет. Мындай көрүнүштү Нарын шаарынын «Демилгелүү Жаштар» долбоорунун катышуучулары сурамжылоо аркылуу аныкташкан.
Сурамжылоого катышкан Нарындын жаштары өздөрүнүн коомдук активдүүлүгүн көбүнчө муктаждыктарын чечүү жолдору менен билдиришерин белгилешкен. Тагыраак айтканда, Нарын шаарынын жаштары муктаждыктарын өз алдынча же жаштар ордосунун жардамы менен чечишет — долбоорлорду иштеп чыгып, аларды жүзөгө ашыруу аркылуу.

Бирок жаштардын көйгөйүн чечүүдө бир гана жаштардын активизми жетишсиз. Коомдогу ар бир маселе тургундар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨАБО) бүтүмдөрү аркылуу чечилет. Дал ошол себептен жаштардын чечим кабыл алуу процессине катышуусу маанилүү бойдон калууда.
Нарын шаарындагы сурамжылоонун жыйынтыгы жергиликтүү бийликтин жаштар маселелери боюнча иш-аракеттери солгун экенин көрсөттү. Тагыраагы, бийлик өкүлдөрү менен жолугушуулардын жана спорттук иш-чаралардын уюштурулбагандыгы, жаштардын муктаждыктарын аныктоочу изилдөөлөрдүн жүргүзүлбөгөндүгү байкалды. Демек, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен жаштардын ортосундагы кызматташуу жакшырышы зарыл. Мындай аракет жаштардын көйгөй, маселелеринин чечилишине чоң таасир бермек.

Нарындагы жаш тургундардын чечим кабыл алуу процессине түздөн түз катышуу деңгээлин карасак — жаштардын шаардык кеңештин ачык сессияларына, мээриянын коомдук кабыл алуу жыйынына жана бюджеттик угууларга катышуусу төмөн көрсөткүчтө. Демек, көбүнчө жаштардын үнү чечим кабыл алуу жараяндарында жаңырбайт. Бул көрүнүш жаштардын көздөгөн маселелеринин чечилүү деңгээлине таасир этиши мүмкүн.

Мындан улам, жаштардын коомдогу активдүүлүгү алардын чечим кабыл алуу процесстерине катышуусуна кепилдик бербейт экенин байкоого болот. Учурда жаштар өз демилгелери менен коомдук маселелерди чечүүгө аракеттенип келишет. Бирок изилдөөгө катышкан жаштардын жарымы жергиликтүү маселелерди чечүүгө катышуу мүмкүнчүлүктөрүн жарым-жартылай пайдаланышарын айтышты. Бул көрүнүш жергиликтүү бийлик менен жаштардын ортосундагы иш-аракеттердин аздыгынан кабар берет. Мындай абал жаштардын чечим кабыл алуу жараяндарына катышуусу төмөн болгондугунан да келип чыгышы ыктымал.
Жаштардын чечим кабыл алуу процесстерине катышуусун күчөтүү үчүн:
- 1Алгач, жаштар менен жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын байланышын бекемдөө зарыл;
- 2Жаштардын арасында саясий билимдүүлүктү жогорулатуу боюнча иш-чаралар өткөрүлүшү керек. Ошондой эле, чечим кабыл алуу процессинде катышуу боюнча жаштарга туура маалымат жеткирүү зарыл. Жергиликтүү стратегиялар жана программалар каралып жатканда жаштарды чакыруу керек.
- 3Жаштар өздөрү баштап, ишке ашырып жаткан долбоорлорго көңүл буруп, колдоо көрсөтүү аябай маанилүү.
Бизде суроо жаралууда: эгерде чечим кабыл алуу жараяндарында жаштардын үнү толук угулбаса, алардын муктаждыктары кантип туура аныкталып чечилет?
Нарын шаарындагы «Демилгелүү Жаштар» долбоорунун катышуучулары жаштардын коомдогу активдүүлүгүн жана алардын чечим кабыл алуу процесстерине катышуу деңгээлин изилдеп чыгышты. Изилдөөгө Нарын шаарынын 14-28 жаш курактагы 227 тургуну катышты. Анын ичинен 119у кыздар (52%), ал эми жигиттер 108 адам (48%).

Дисклеймер: Бул изилдөө, Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды. Изилдөөнүн мазмуну USAID, Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн, Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жамааттардын өнүгүүсүн колдоо программасынын ( MSDSP KG) же Борбордук Азиядагы IDEAнын көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес.
USAID тарабынан каржыланган «Демилгелүү жаштар» долбоору Кыргызстандын жаштарынын жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу максатын аркалайт. Долбоор MSDSP KG, IDEA CA тарабынан аткарылат.