Сиз урушчаак адамсызбы?

Редакция IDEA
Редакция IDEA
Тест: Урушчаак адам
Конфликтүү жагдайларда акыл-эстүү ой жүгүртүп, өзүн-өзү токтото билүү жана конфликттин түп-тамырын көрө билүү - өтө баалуу сапаттар. Ал эми сиз эмоцияларыңызды көзөмөлдөп конфликтти нейтралдаштыра аласызбы? Канчалык сабырдуулук менен мамиле кыласыз? Бул тест аны түшүнүүгө жардам берет. 
Сунушталган жооптордун бирин тандаңыз. Баса, топтолгон упайлардын санын эсептөөнү унутпаңыз!
1. Коомдук транспортто жүргүнчүлөр арасында конфликт жаралды. Сиздин реакцияңыз? 
  • Унчукпайм (1 упай)
  • Туура деп эсептеген тарапты колдоп, кыскача сүйлөйм (2 упай)
  • Чырга толугу менен кийлигишем (3 упай)
2. Коомдук жайда өз кезегин сактабай, алдыңызга жулунуп өткөндөргө кандай реакция кыласыз?
  • Ачуум келет, бирок унчукпайм (1 упай)
  • Эскертүү берем (2 упай)
  •  Алдыга өтөм жана кезекти көзөмөлдөй баштайм (3 упай)
3. Досторуңуз менен талашып-тартышкан учурлар көп болобу? 
  • Жок (1 упай)
  • Принципиалдуу маселелер боюнча гана (2 упай)
  • Ооба, дээрлик күн сайын (3 упай)
4. Коомдук жайда же транспортто кимдир-бирөө бутуңузду тебелеп кетти, сиз эмне кыласыз?
  • Абайлашын өтүнөм (1 упай)
  • Нааразычылымды көрсөтөм (2 упай)
  • Мен дагы анын бутун басам же атайылап түртөм (3 упай)
5. Социалдык тармактардагы белгилүү блоггердин постунун алдына комментарий калтырдыңыз. Ага кимдир-бирөө жагымсыз жооп жазды. Сиздин реакция?
  • Эмне үчүн ага көңүл бурушум керек? (1 упай)
  • Комментарийине анын стилинде жооп берем жана мындан ары реакция кылбайм (2 упай)
  • Мындайларды дароо ордуна коюш керек, ага орой жооп кайтарам (3 упай)
6. Дүкөндө сизден ашыкча акча алынганын байкадыңыз. Эмне кыласыз?
  • Эми ал дүкөнгө такыр барбайм (1 упай)
  • Кайра санап чыгышын суранам (2 упай)
  • Дүкөндүн ээси менен сүйлөшүүнү талап кылам жана арызданам (3 упай)
7. Кафеде официант кокусунан чай төгүп алды, анын бир бөлүгү сиздин кийимиңизге тийди. Буга кандай реакция кыласыз?
  • Кимдин башына келбейт, кийимди жууп алса болот (1 упай)
  • Алар жок дегенде арзандатуу жасашы керек (2 упай)
  • Эсепти менин ордума төлөшүн талап кылам, жаман сын-пикир жазам (3 упай)
8. Кимдир-бирөө мага ачууланып жатса, мен: 
  • тынчтанууга аракет кылам (1 упай)
  • себебин сурап, тил табышууга аракет кылам (2 упай)
  • өзүм да ачууланам (3 упай)
9. Эгер кимдир бирөө өз ишин жетиштүү деңгээлде аткарбаса, ага кыжырданасызбы?
  • Кээде (1 упай)
  • Жок, жөн гана эскертүү берем (2 упай)
  • Ооба, ар бир адам өз ишин мыкты аткарса, көйгөйлөрдүн көбү жаралбайт эле (3 упай)
10. Чогулуштарда сын-пикир айтасызбы? 
  • Жок, адамдын өзүнө айтууну туура көрөм (1 упай)
  • Олуттуу жагдай болгондо гана (2 упай)
  • Ар дайым сындайм (3 упай)

Жыйынтык: 

0-10 упай – Сиз компромисске оңой эле барасыз. Сиздин ачууңузду келтирүү дээрлик мүмкүн эмес. Бирок кээде өз көз-карашыңызды коргоңуз. Өзүңүзгө көбүрөөк ишениңиз!
10-20 упай – Сизге жакпаган нерселер же адилетсиздиктер тууралуу сүйлөшүүгө аракет кыласыз. Ошол эле учурда, конфликтти күчөтпөй, аны чечүүнүн альтернативдүү жолдорун издейсиз. Азаматсыз!
20-30 упай – Сиз конфликттерге оңой чалдыгасыз, себеби абдан сынчыл адамсыз жана бир нерсеге бат эле нааразы боло түшөсүз. Конфликттерге короткон энергияны, чыгармачыл жана позитивдүү багытка жумшасаңыз, сизге көбүрөөк пайдасы тиеттир. 
Жакында жаштарга натыйжалуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү, туура суроолорду берүү аркылуу көйгөйдүн түп-тамырын көрүүнү жана конфликттин эң оптималдуу чечимин табууну үйрөтүүчү «Консенсус» демилгеси башталат. Аталган демилге тууралуу толук маалыматты Consensus шилтемеси аркылуу окуй аласыздар, мындан тышкары биздин социалдык тармактардан да кабардар боло аласыздар.
Биз ар бир конфликти сүйлөшүү жолу менен чечүүгө болот деп ишенебиз!