«Тоюңар тойго улансын». Той кыргызстандыктардын жашоосуна кандай таасир этет?

Редакция IDEA

Той — ийгиликтин көрсөткүчүбү?
Бул макала Кыргызстанда короновируска байланыштуу той-аш жана эл көп чогулган иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган учурда жазылууда. Албетте, 17-марттан тарта жакшылыгын жакын туугандары менен гана бөлүшүп, үйүндө чакан, чыгымы аз той өткөргөндөрдүн мисалы бар.
Мамлекет киргизген убактылуу чектөөлөр алынгандан кийин тойлордун форматы сакталабы? Той, тажиялардын чыгымдары ашыкча деп көйгөй көтөрүп чыккан Сейдикум айыл аймагынын жаштары изилдөө өткөрүштү. Анын жыйынтыгы менен таанышып көрөлү.
«Демилгелүү жаштар» тобу изилдөөнүн жүрүшүндө «Эмне себептен биздин айылдагылар той жана тажыяга ашыкча чыгым сарпташат?» деген суроого жооп табууну көздөшкөн.

Көрүп турганыңыздай, той өткөргөндө коомдук пикир чоң ролду ойнойт — сурамжылоого катышкандардын 85 пайызы коомдун кандайдыр айыптоосуна кабылуудан коркушат.
— 16 жаштагы айыл тургуну.
«Айылда атандашуу бар. Бирөө той же тажия өткөрсө “меники андан да жакшыраак болушу керек” дешет. Маарекени акчасы жок болсо, анда карыз алып өткөрүшөт. Анан насыяны төлөө үчүн миграцияга кетишет. Бул нерсе бизде илгертен бар, бирок учурда чыгым кылып той, тажия өткөргөндөр азайды»,
Айылдыктардын байкоосу боюнча, акыркы беш жылда тойлордун, тажиялардын саны, чыгымдары өскөн. Өзгөрүүлөрдү дасторкондун жасалгасы, согумга (союлуучу жандык) жана сарпайларга (кийит) коротулган каражаттын өскөнү далилдейт. Көп учурда салттуу мааракелерди өткөрүүдө атаандашуу, куру намыс чоң роль ойнойт.
— айылдык аксакал.
«Мурда СССР маалында кафе-ресторандар жок, той-аштар үйдө өтчү. Ошондуктан, чыгымдардан алыс болушкан, бирок суук маарекелерде азыркыдай эле чыгым коротушкан»,
Изилдөөчү, антрополог Алтын Капалова тойлорду ири чыгымдар менен өткөрүү 2000-жылдардан баштап кескин күчөгөндүгүн айтат. Чындыгында, изилдөөгө катышкан айыл аксакалдары ушул сыяктуу пикир билдиришти:
— айылдык аксакал.
«Той дегенде азыркылар эмнени түшүнөт? Катар-катар жол тандабас машиналардын коштоосунда, заңгыраган ресторандарда жүргөндү, 2-3 союш союлуп, кийит кийгенди элестетишет. Дээринде, тойдун мааниси—жигит жана кыздын баш кошконун жакындарына, коңшуларына билдирип коюу»,

Ойлондурчу нерсе — КРнын Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, өлкөдөгү ар бир бешинчи кыргызстандык кедей деп эсептелинет — 2018-жылы 1 млн. 429 миң адам жакырчылыкта, анын ичинен 35 миңи кедейликтин жеткен чегинде жашаган.

Маалыматтар көрсөткөндөй, айылдыктар тапкан каражатынын дээрлик көп бөлүгүн той, тажияларга сарпташат. Бул тууралуу «Тойэкономика» — кошумча жакырчылыкка алып келеби?» деген макалада кеңири айтылган. Аталган материалдагы изилдөөнүн жыйынтыгы той кошумчасынын көлөмү адамдардын тапкан кирешесинен көз каранды эмес экенин көрсөткөн. Мисалы, айына 20 миң айлык алгандар кошумчага жылына орточо 35 миң сом коротушат деген тыянак чыгарылган.
Ал эми биздин сурамжылоонун жыйынтыгында, ар бир үчүнчү респондент өзүнүн кошумчасынын өлчөмүн 3500дөн 5000 сомго чейин деп көрсөттү. Ошол эле учурда, Жалал-Абад облусу боюнча калктын жашоо минимуму 5607 сомду түзөт — демек, адамдар той кошумчасына жашоо минимунун дээрлик баарын берүүгө даяр.
Изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, той, тажиялардагы чыгымдар жарандарга дээрлик 86 пайыз каржылык кыйынчылык алып келет. Ошого карабай, 42 пайыз адамдар чакырган жерден калбай барышат. Буга себеп, көпчүлүк жакын туугандардын жана буга чейин кошумча берип жүргөндөрдүн мааракелерин калтыра алышпайт.
Айтор, элде кошумча сөзсүз кайтып келет деген ишеним бар. Чын эле той-аш бардык чыгымдарды актайбы?

Коомго өзгөрүүлөрдү ким алып келет?
Албетте, мурда тойлор кубанычтуу окуяларга арналып, салтанат менен өткөрүлчү. Жамаат, топтордун же уруулардын ынтымагын бекемдөө, пикир келишпестикке жол бербөө функцияларын аткарчу. Бүгүнкү күндө тойлор туугандардын баарлашуу, жолугуу, эс алуу аянтчасын түзүп, той ээсинин мактанычына айланган.
Бул калыптанган адатты бузуп, жаңы илимий ачылыштар же коомдук активдүүлүк, профессионалдуулук аркылуу атаандашууга өтүү үчүн эмне керек? Жаңы баалуулуктарды киргизсек болобу?
«Мен тоюмду замандын талабына жараша, жакын туугандардын курчоосунда гана өткөрмөкмүн. Ашыкча сарпайсыз, ашыкча чыгымсыз. Себеби, ашыкча чыгым кылгандан көрө акчаны башка нерсеге (окууга) короткон туура. Өтө көп эмес жана жалаң жакындар катышкан той идеалдуу болот», — 16 жаштагы Жасмина.
Мааракелердеги майрамдоо адатына каршы чыкса болобу деген суроого 66 пайыз адам «ооба» деп жооп берген. «Болбойт» деп жооп бергендер — айылда элден чыгуу мүмкүн эмес жана аксакалдар сындайт деген себеп келтиришти.
Ошол эле учурда дээрлик 95 пайыз респонденттер той жана тажияларды аз каражат менен өткөрүүгө даяр экенин белгилешкен. Анда бул демилгени ким көтөрүп чыгышы зарыл?

Жыйынтык: Сейдикум айыл аймагындагылар той, тажиялардагы ашыкча чыгымдан арылууну каалашат. Бирок салттык методдор — аксакалдардын көзөмөлү жана дин кызматкерлеринин көбүрөөк маалымат таратышы аркылуу. Ал эми жаштардын жаңы баалуулуктарды киргизүү демилгесин «анчейин популярдуу эмес метод» деп баалашты.
Мындан улам, аталган институттарды: аксакалдарды, дин кызматкерлерин ушул маселени чечүүдө жаштардын демилгесин колдоого чакырат элек.
— Сейдикум айылынын 15 жаштагы тургуну.
«Салт деген элге пайда алып келгидей болуш керек. Көпчүлүктүн айлыгы тойго кошумча берүүгө жетпейт. Ошондуктан, ар бир адам “эл эмне дейт?” дебестен жыйынтык чыгарып, өз аң-сезими менен мамиле кылышы керек. Менин оюмча, бул нерсе мыйзам менен деле тыйылбайт. Той өткөргөн адам жакшылыгында элден бата алгысы келсе, кошумча күтпөстөн, конокторун чын жүрөктөн чакырсын»,
Сейдикум айыл аймагынын «Демилгелүү жаштар» долбоорунун катышуучулары той, тажиялардагы ашыкча чыгым маселесин изилдеди. Сурамжылоого Сейдикум айыл аймагынан жалпы 337 адам катышты. Анын ичинен 59 пайызы аялдар (199 адам), ал эми эркектер 138 киши болуп, 41 пайызды түздү.

Дисклеймер: Бул изилдөө, Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды. Изилдөөнүн мазмуну USAID, Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн, Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жамааттардын өнүгүүсүн колдоо программасынын ( MSDSP KG) же Борбордук Азиядагы IDEAнын көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес.
USAID тарабынан каржыланган «Демилгелүү жаштар» долбоору Кыргызстандын жаштарынын жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу максатын аркалайт. Долбоор MSDSP KG, IDEA CA тарабынан аткарылат.