«Санарип жөндөм окуучуларга гана эмес, мугалимдерге да керек» Аймактагы мугалимдер Курсив платформасы аркылуу санарип жөндөмдөрдү кантип үйрөнүүдө?

Редакция IDEA
Редакция IDEA
«Санарип жөндөм окуучуларга гана эмес, мугалимдерге да керек» Аймактагы мугалимдер Курсив платформасы аркылуу санарип жөндөмдөрдү кантип үйрөнүүдө?
Борбордук Азиядагы IDEA уюмунун билим алуу ресурстары базасында алдыңкы орунду ээлеген coursive.id платформасы тууралуу уктуңуз беле? Платформа өз алдынча билим алууну каалагандарга акысыз, ар тармактагы онлайн курстарды сунуштайт. Платформа мектеп окуучулары, жаштар, мугалимдер, деги эле санарип билим алууга кызыккандар үчүн. Жакында эле биздин кат куржунубузга Ош шаарындагы мектеп мугалимдерин «Курсив» платформасы аркылуу контент даярдоого үйрөтүп жаткан Тынчтыкбек Досмуратовдун видеосу келип түштү. Видеодо мугалимдер компьютер же телефон аркылуу coursive.id платформасынан видеосабактарды көрүп жаткандыгы тартылган. Биз Тынчтыкбек Досмуратов менен «Курсив» платформасы жана санарип билим алуунун маанилүүлүгү тууралуу кеп кылдык.
Сүрөттө Тынчтыкбек Досмуратов
Сүрөттө Тынчтыкбек Досмуратов
- Тынчтыкбек саламатсызбы? Сиз тууралуу кеңири билели деп байланышка чыгып жатабыз. Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз.
- Менин атым Тынчтыкбек Досмуратов. Бирок социалдык тармактарда Тынчтыкбек Бекташтегин деген кыргызча аты-жөнүм менен да таанысаңыздар болот. Ош билим берүү институтунда жана «Медиасабак» фондунун аймактык координатору болуп эмгектенем. Видеонун чоо-жайына келе турган болсок, Ош билим берүү институту мугалимдерин тажрыйбасын жогорулатуучу курстарды уюштуруу менен алектенип келебиз. Ал жакта мен санариптик билимди жогорулатуу боюнча иш алып барып, мугалимдерге лекция же практикаларды өтөм. Ошондуктан мугалимдерге санарип билим берүү булагы катары «Курсив» платформасын сунуштагам.  Мен аларга үйдө олтуруп эле билимин өркүндөтүп, сертификаттарды алса болоорун көрсөткүм келген. Социалдык тармактар жана мессенджерлерде мугалимдерге сунуштап жатам, анан кээде бизде билим алып жаткан мугалимдерге платформаны колдонууну көрсөтүп берем.
- Бул муктаждык же идея эмнеден улам пайда болду?
- Көпчүлүк мугалимдер электрондук дарек аркылуу кат алмашуунун маанилүүлүгүн билүүсү керек деп ойлойм. Мисал катары айтканда мугалимдер платформага кирип жатып, атайын Google аккаунттары аркылуу катталышат экен. Бирок ал жакта өзүнүн маалыматтары жазылбайт же туура эмес жазылгандыктан сертификат алууда туура эмес аты-жөнү менен алып алышат. Ошондуктан аларга платформага кирүүгө жана өзү тууралуу маалыматтарды толтурууга үйрөтүүнү кааладым. Мугалимдер ар тармактуу билим алууну жана өзүнүн тажрыйбалык капмасына жаңы сертификаттарды кошууну каалашат экен. Бирок максатыбыз сертификат болуп калбоо керек, биз андагы жаңы билимдерге, көндүмдөргө, маалыматтарга кадам таштообуз маанилүү, анткени азыр илим-технология өнүгүп, санарип чөйрө өөрүшүп баратат. Ошондуктан окуучулардан дагы аларга билим берген мугалимдер ат чабуу маалында турушу керек. Санарип жөндөмдөр окуучуларга гана эмес, мугалимдерге да керек. Экинчиден Курсив платформасы өздүк колдонуу үчүн аябай ыңгайлуу, баары жөнөкөй жана түшүнүктүү. Башка платформадан айырмаланып, ары жөнөкөй, ары өтө адистүү жасалган. 
Мектеп мугалими coursive.id платформасында билим алып жаткан убагы.
Мектеп мугалими coursive.id платформасында билим алып жаткан убагы.
- Мугалимдерге санарип билим берүү канчалык маанилүү?
- Азыркы жаштар китеп жана дептер менен гана билим берүү чектелүүсүн каалабайт. Бирок биз аларга ошол эле китепти ачтырып жана тактайга жаздырып билим берсек алар үчүн сабак кызыксыз болуп жатат. Окуучулар сабакка кызыкпайт деп биз күнөөнүн баарын окуучуларга артып салбай, мугалимдер өздөрү заман талабына ылайыктуу усулдарды колдонуу менен билим берип, окуучулардын билим кампасын толтура алабыз. Бул мугалимдер үчүн деле жакшы. Анткени алардын иш практикасында 2-3 күн жашаган жумуштарын азыр техника жардамында 1 күндө эле жасап алуу мүмкүнчүлүктөрү пайда болуп жатат.
- Мугалимдер «Курсивдеги» кайсы курстарды окуп жатышат?
- Мен байкагандан мугалимдер платформадагы ар кайсы багыттардын ичинен контент жаратуу же влог тартуу боюнча курстарды көбүрөөк окушат. Анткени азыркы учурда мектептердин жеке маалымат берүүчү социалдык баракчаларын ачуу актуалдуу болуп жатат. Мындан тышкары алар видеосабактарын тартып, социалдык тармактарда жайылтуусунда, башка мектептер менен медиа аркылуу байланыш куруусунда бул жөндөмдөр маанилүү болуп, бул багыттагы курстарга көбүрөөк жазылууда. Кошумча мугалимдер өзүнүн адистик багытын өнүктүрүүнү каалап, илимий материалдарды даярдоо үчүн макала жазуу жана маалыматтарды анализдөө жана иштеп чыгуу боюнча курстарды дагы окуп жатышат. Биздин мугалимдердин мессенджерлерде түзүлгөн чыгармачыл тайпаларыбыз бар, ал жактарга «Курсив» платформасында окуган курстары жана алган сертификаттары менен кубанычтуу бөлүшүп жатышат. Мен билгенден мугалимдердин курстарды окуп бүткөндөн кийинки өзгөрүүлөрү байкалып жатат. Алар медиасабаттуу болуп, сапаттуу билим берүү контенттерин жаратууга үйрөнүштү. 
- Мугалимдер «Курсивден» дагы кандай курстарды күтүшүүдө?
- Санариптик сабаттуулук жана медиасабаттуулук боюнча өзүнчө бөлүм ачылса дейбиз. Бул эки багытта билим алууну каалаган мугалимдердин аягы үзүлбөй келет. Айрыкча айыл аймактардагы мугалимдер үчүн ыңгайлуу болмок. Сынчыл ой жүгүртүү боюнча окуу курстары дагы мугалимдер үчүн пайдалуу болмок. Ошондой эле платформанын мобилдик тиркемесин иштеп чыгуу мугалимдер жана жаштардын билим алуусун жеткиликтүүрөк кылмак деп ойлойбуз.
 Редакциядан: «Курсив» - онлайн билим алуу жата өнүгүү платформасы. Биздин долбоор уникалдуу жана авангарддык окуу тажрыйбасын сунуш кылган онлайн курстар үчүн инновациялык платформа болуп саналат. Биз окуунун парадигмасын өзгөртүүгө, аны бардыгы үчүн жеткиликтүү, интуитивдик жана оңой кылууга аракет кылабыз.
 «Курсив» - онлайн билим алуу жата өнүгүү платформасы. Биздин долбоор уникалдуу жана авангарддык окуу тажрыйбасын сунуш кылган онлайн курстар үчүн инновациялык платформа болуп саналат. Биз окуунун парадигмасын өзгөртүүгө, аны бардыгы үчүн жеткиликтүү, интуитивдик жана оңой кылууга аракет кылабыз.
Биздин курстар уникалдуу окуу форматын сунуштайт. Мындан ары маалымат издөөгө жана сиз үчүн эмне маанилүү экенин аныктоого көп убакыт коротуунун кереги жок. Курска жумшалган ар бир мүнөт мүмкүн болушунча эффективдүү болушу үчүн биз сиздер үчүн керектүү материалды гана даярдайбыз.
Платформага катталуу жана азыр окуп баштоо үчүн www.coursive.id/ платформасына кириңиз. Сизди билим алуу жолунда дайыма колдоого даярбыз жана күтөбүз.