Бир парктын окуясы... же коомубуздагы анын орду

Редакция IDEA
Редакция IDEA
Бир парктын окуясы... же коомубуздагы анын орду
Парктын мурдагы сүрөттөрүн издеп жатып Көк-Жаңгак демилгелүү жаштар тобу капаланып алышты. Алар «биз теманы туура тандаптырбыз, бизге чейин парк маселесине эч ким көңүл бурбаптыр» деп жатышты. 1938-жылы Көк-Жаңгак көмүр ишканасынын алдында шахтерлор курган парктын абалы коомдогу бир топ маселелерди талкуулоого түрткү болду.
2017-жылы "Жаштардын жыргалчылыгы жана өнүгүү индекси" эсептелип чыккан. Андагы эң төмөнкү көрсөткүчтөрдүн бири маданият тармагы болгон — 0,4 пайыз. Ал эми «жаштардын маданияттуу эс алууга мүмкүнчүлүктөрү» параметринин көрсөткүчү – 0,7 пайызды көрсөткөн. Ошол эле учурда, эс алууга болгон талап 82 пайызды түзөт.
Жаштарды өнүктүрүү институту республикалык деңгээлде изилдөө жасашкан. Анын жыйынтыгы 36 пайыз жаштардын бош убакыты каражат табууга же үй-тиричилигине жардамдашууга коройт экенин көрсөткөн. 
Ал эми Көк-Жаңгак шаарынын жаштары бош убакытта эмне кылышат? Паркка барып эс алышабы? Паркта достор, үй-бүлө менен көңүл ачууга ылайыктуу шарттар барбы?
Эгерде интернеттен шаардык парк деп издесек, анда төмөндөгүдөй түшүндүрмө табабыз:
Заманбап шаардык парк — бул жашоочулар улам барууга ынгайлуу болгон коомдук жай. Ыңгайлуу чөйрө дегени абстракттуу түшүнүк эмес. Заманбап парк жылдын бардык мезгилинде, ар кандай аба ырайында сейилдөөгө ылайыкталат. Жолдору таза, жакшы жарыктандырылган жана жайкысын жаан астында калтырбагандай болушу керек. Басуу — бул парктагылар алектенген негизги нерсе. Мындан улам кары-жаш эс алып отура турган отургучтар, парктын картасы же стенддер, жолду көрсөтүүчү багыттама, жакын жайгашкан урналар, анан албетте дааратканалар болушу зарыл.
Демек, көпчүлүк шаар тургундары үчүн парк — бул үй-бүлө, достор менен эс алуучу жай. Паркты колдонуудан чыгаруу шаардыктарды сапаттуу эс алуудан айыруу деп эсептелет. Биздин өлкөдө үй-бүлө жана бала эң алгач көңүл бурчу маселе деп келебиз. Парктын окуясын сүрөттөө аркылуу мындай маселелер расмий түрдө айтыларын байкасак болор деген ой туулат.
Ал эми Көк-Жаңгактагы паркта бүгүн 97 пайыз шарт жок — мындай пикирди изилдөөгө катышкан жаштардын көпчүлүгү белгиледи.
Ушул эле паркты улуу муун, биздин ата-энелерибиз кандайча эскеришет?
— 60 жаштагы шаар тургуну.
«Мурун Көк-Жаңгак шаарындагы борбордук паркта  эс алууга өтө көп мүмкүнчүлүктөр бар эле. Көңүл ачууга бардык шарттар каралып, түрдүү аттракцион, бий аянтчалары жана кинотеатрлар бар болчу. Бирок азыр бул паркта жаштардын эс алуусуна шарт жок»
— 75 жаштагы шаар тургуну. 
«Биз шахтерлор күнүн да майрамдачубуз. Бардык шаардыктар клубга чогулуп, ал жерде концерт өтчү. Шахтерлор даңкталган соң барыбыз майрамдоого жөнөп кетчү элек. Паркта музыка ойноп, эс алуучулар бийлеп-ырдашчу эле»
Албетте, парктын мындай абалга келүүсүнө көп себептер бар. Көк-Жаңгак паркынын көрүнүшү — Кыргызстандагы кичи шаарлардын жалпы көйгөйү. Бул маселе коомубуздагы үй-бүлөнүн жана жаштардын ордун чагылдырып турат. 
— шаардык кеңештин төрагасы Маткаримов Б.Ш.
«Шаарда мекеме, ишканалар жок болгондуктан, калаа бюджети алып-сатуудан гана толукталат. Мындан улам каражат жетишсиз болуп, шаардык парк ижарага берилген. Паркты оңдоп-түзөө демилгелери көтөрүлсө, биз колдоп жардамыбызды бергенге даярбыз»
Учурда биз келечекте парк кандай болушу керек деген суроонун үстүндө баш катырып, алдыга ири пландарды коюудабыз. Эгер паркты оңдоп-түзөө жана көрктөндүрүү демилгеси көтөрүлсө, анда дээрлик 70 пайыз тургундар колдоого алышарын изилдөө учурунда билдиришкен. 
Биздин максат – шаардык паркты кайра калыбына келтирүү. Бул демилгени колдоого чакырабыз. Шааардын жашоосунда парктын орду эбегейсиз. Үй-бүлөң, балдарың же досторуң менен бирге эс алуу үчүн паркты оңдоп-түзөө зарыл. Таң эрте карылар неберелерин ээрчитип, кечкисин жаштар кол кармашып эс алуусуна бардык шарттар түзүлүшү абзел. Себеби, парк — дени сак жашоонун, баарлашуунун жана биргеликте өсүп-өнүгүүнүн аянтчасы.
Дисклеймер: Бул изилдөө, Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды. Изилдөөнүн мазмуну USAID, Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн, Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жамааттардын өнүгүүсүн колдоо программасынын ( MSDSP KG) же Борбордук Азиядагы IDEAнын көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес.
USAID тарабынан каржыланган «Демилгелүү жаштар» долбоору Кыргызстандын жаштарынын жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу максатын аркалайт. Долбоор MSDSP KG, IDEA CA тарабынан аткарылат.