Жергиликтүү бийлик менен болгон байланыш: кайрылуу жасоо сапаты

Редакция IDEA
Редакция IDEA
Жергиликтүү бийлик менен болгон байланыш: кайрылуу жасоо сапаты
Баарыбызга өз айыл аймак же шаарыбыздагы көйгөйлөр белгилүү. Себеби ал маселелер күнүмдүк турмушубузда, кошуналарыбыздын жана жергиликтүү тургундардын жашоосунда кездешип турат. Бирок ошол көйгөйлөрдү чечүүгө канчалык аракет кылдык? Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (ЖӨАБО), башкача айтканда жергиликтүү бийликке кайрылып көрдүк беле? Жергиликтүү бийлик менен өз аймагыбыздагы маселелерди чечүүдө бирдиктүү аракет жасадыкпы?
Жергиликтүү деңгээлдеги ар бир көйгөйдүн чечилиши ЖӨАБО жана тургундардын чогуу иш-аракеттеринен көз каранды. Жергиликтүү бийлик менен жашоочулардын байланышын мамлекет жана калктын ортосундагы мамиленин миниатюрасы десек болот. Мамлекеттин негизги милдети — элдин укуктарын жана эркиндигин сактоо. Өкмөт менен элдин байланышы канчалык жакшы болсо, муктаждыктарды чечүүнүн натыйжасы ошончолук канааттандырарлык болот. 
Ошентсе да, күнүмдүк жашообузда жергиликтүү бийлик эмнеге жооптуу экенин көп ойлонбойбуз. Балким, жергиликтүү бийликке кандай маселелер боюнча кантип кайрылууну билбешибиз мүмкүн. Бул аналитикалык макала аркылуу жергиликтүү бийлик менен тургундардын байланышын талдоого аракеттенебиз. Тагыраагы, жашоочулардын жергиликтүү бийликке кайрылуу абалын байкап көрөбүз.  

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу деген эмне?

Жергиликтүү бийлик (жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ЖӨАБО) – бул жергиликтүү калк менен мамлекеттин атынан тыгыз байланышта иш алып барган орган. Анын өкүлдөрү көйгөйлөрдү аныктоо жана натыйжалуу чечим кабыл алуу процесстерине катышат, ошондуктан алардын коомдогу ролу маанилүү. Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча, жергиликтүү өз алдынча башкаруу ошол жердеги жамааттар тарабынан, айылдык аймактын, шаардын өкүлчүлүктүү же аткаруу органдары аркылуу жана жарандардын түздөн-түз катышуусу менен жүзөгө ашырылат. Учурда Кыргызстанда 484 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы бар.  

Жергиликтүү бийлик менен жарандардын байланыш сапаты:  

Бийлик менен жергиликтүү калктын байланыш сапатын түшүнүү зарыл — бул нерсе тургундардын жана коомдогу көйгөйлөрдүн чечилишине таасирин тийгизет. Анын жыйынтыгы менен аймактын өнүгүүсү негизделет. Жашоочулардын жергиликтүү бийликке кайрылуу процессин түшүнүү үчүн, алгач тургундар адатта кандай маселе, көйгөй менен кайрыларын билип алуу керек.  
Мисалы,  Нарын облусундагы «Демилгелүү Жаштар» тобунун жүргүзгөн сурамжылоосуна ылайык, Кочкор айыл аймагынын тургундары аларда таштанды жана жарыктандыруу көйгөйлөрү актуалдуу экенин айтышкан. Бирок, сурамжылоого катышкандардын басымдуусу — 87 пайызы ошол маселесин жергиликтүү бийликке айткан эмес.
Убакыттын жоктугу тургундардын өз көйгөйлөрүн чечүүдө демилгечи эместигин же балким бийликке кайрылууга көп убарагерчилик керектелерин билдирет. Ал эми жашоочулардын бийликке кайрылуу жолдорун билбегендиги — элде бул боюнча керектүү маалыматтын жоктугунан кабар берет. 
Сурамжылоого катышкандардын 13% гана өз көйгөйлөрү менен айыл өкмөткө кайрылышкан. Ошондой эле, алардын көпчүлүгү маселелерин ооз эки айтышкан. Бирок бийликке кайрылууда ооз эки эмес, жазуу түрүндө кайрылууну талап кылышат. Ошол себептүү, биз ооз эки кайрылуулардын канчалык деңгээлде каралып-каралбасын билбейбиз. 
Жергиликтүү бийликке кантип туура кайрылса болорун аныктоо үчүн бизде айыл өкмөт, шаардык мэриялардын иштери тууралуу маалымат болушу керек. Мисалы, өз сунуш, арыз же суроолорубузду айтууда айыл өкмөт кызматкерлеринин кимиси кайсы маселеге жооптуу экенин билүү бийликке кайрылуу процессин жеңилдетет. 
Кочкор айыл аймагындагы изилдөөгө катышкандардын жарымынан көбү айыл өкмөт жана андагы кызматкерлердин иштери тууралуу азыноолак түшүнүгү бар экенин билдиришти. Демек, айыл өкмөттүн жасап аткан иштери боюнча тургундарда толук түшүнүк жок. Элге маалыматтын жетишсиздиги өз учурунда бийлик менен жарандардын байланышуу сапатына таасир этет. 
Жалпысынан жергиликтүү бийлик менен тургундардын байланыш сапатын караганда, алгач эле жарандарга айыл өкмөттүн аткарган иштери боюнча маалыматтар жетишсиз экенин байкоого болот. 
Туура маалыматтын (кандай жолдор менен кимге кайрылуу боюнча) жетишсиздиги тургундардын натыйжалуу кайрылуу жасашына тоскоол болот. Жергиликтүү бийликтин майнаптуу иш алып барышы анын эл менен байланышынан, тургундар менен курган диалогдорунан жана көйгөйлөрдү чечүүгө чогуу багыт алышынан көз каранды. Демек, жергиликтүү бийлик жашоочуларга өз милдеттери жана аларга кайрылуу жолдору боюнча көбүрөөк маалымат таркатышы абзел.
Ошол эле учурда натыйжалуу кайрылууга жетишүүдө тургундардан бийлик менен кызматташууга каалоосу жана демилгелүүлүгү талап кылынат. Себеби эки тараптуу маалымат алмашуу жана көйгөйлөрдү чечүүгө бирдей деңгээлде кызыктар болуу жергиликтүү бийликтин ийгиликтүү иш-аракеттеринин негизин  түзөт.  
Дисклеймер: Бул изилдөө, Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды. Изилдөөнүн мазмуну USAID, Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн, Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жамааттардын өнүгүүсүн колдоо программасынын ( MSDSP KG) же Борбордук Азиядагы IDEAнын көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес.
USAID тарабынан каржыланган «Демилгелүү жаштар» долбоору Кыргызстандын жаштарынын жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу максатын аркалайт. Долбоор MSDSP KG, IDEA CA тарабынан аткарылат.