Айылга да парктар керек: парк жана бош убакытта сапаттуу эс алуу

Редакция IDEA

Бош убакытта сапаттуу эс алуу
Күнүмдүк жашообузда көбүнчө жумуш, окуу жана үй тиричилиги менен алекпиз. «Эс алганга такыр убакыт жок», «бош убакытты кайдан табам?» деген сөздөрдү көп айтсак керек. Бирок, кандай жумуш кылсак да эс алуу, бош убакытты сапаттуу өткөрүү – ар бир адамдын денесине, эмоционалдык саламаттыгына зарыл жана пайдалуу.
Эс алуу иш-чараларына катышканда бири-бирибиз менен мамиле түзөбүз. Көңүлдүү эмоцияларды сезип, кошумча көндүмдөргө жана билимге ээ болобуз. Биздин жашоо сапатыбыз жакшы калыбына келет.
Бош убакытты сапаттуу өткөрүп, эс алуу иш-чараларына катышуу стрессти жеңет. Ошондой эле, депрессияны азайтууга жана жашоодо баланс табууга жардам берет. Андан тышкары, өзүңүздү сыйлоо, кам көрүү жана жашооңузга канааттануу сезимдерин туясыз.
Күнүмдүк жумуштардан эс алып, өзүңүзгө убакыт бөлүүдө ички дүйнөңүз тазаланып, жеңилдейсиз. Эгерде бош убакытты жакындарыңыз: үй-бүлөңүз же досторуңуз менен өткөрсөңүз ич ара жылуу мамиле да бекемделет.
Айтор, бош убакытта сапаттуу эс алуу пайдалуу. Кыргыз Республикасынын конституциясы жана мыйзамы боюнча, өлкөдөгү ар бир жаран көңүл ачууга толук укуктуу. Ал эми өкмөт өз жарандарынын эс алуусуна шарт түзүүгө милдеттүү. Бирок, эс алууга мүмкүнчүлүгүбүз канчалык жана биз үчүн кандай шарттар түзүлгөн?
Парк — сапаттуу эс алуунун ресурсу
Дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда да парк бош убакытты өткөрүүдөгү негизги ресурс. Интернет булактарында көбүнчө эс алуу парктарынын манилүүлүгү шаардын деңгээлинде гана айтылат. Себеби, шаарда өзгөчө бак-дарактуу жашыл жерлер жетишсиз. Бирок, парктардын айылдарда болуу ролу чоң. Элеттеги парк эс алууга, дене машыгууларына, жакындар менен чогулууга өбөлгө болот. Ошондой эле, жамааттык маданий иш-чаралардын өтүшүнө шарт түзөт. Ошого карабастан, Кыргызстандын айрым аймактарында азыркыга чейин парк салынбаган айылдар бар.
Айылдагы парктын жетишсизди
Нарын облусунун, Кочкор районундагы Кош-Дөбө айыл аймагында парктын муктаждыгы боюнча изилдөө өткөрүлдү. Сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү парк бизге керек деп жооп беришти.
Изилдөөгө катышкандардын пикиринде, парк жок болгондуктан тургундарда физикалык, социалдык жана маданий көйгөйлөр жаратат. Эгерде парк салынса, анда Кош-Дөбө айыл аймагындагы Кара-Күңгөй жана Кара-Саз айылдарынын жашоочуларынын катташы да жакындамак.

Айрым тургундар 2014-жылы Кош-Дөбө айыл аймагынын бийлиги парк курууну убадалаган деп билдиришти. Тилекке каршы, бул маселе чечилген эмес дейт алар. Бирок, жергиликтүүлөр да парктын курулушу боюнча демилге көтөрүшкөн эмес. Башкача айтканда, тургундар паркка муктаждыгын билишсе да, өз алдынча көйгөйдүн чечимин табуудан карманышкан.

Бирок, тургундар парк салынчу болсо ар тараптуу салым кошкону (өздөрү катышуу аркылуу, материалдык, каржылык) даяр экенин баса белгилешти. Демек, алар өздөрү демилге кылышпаса да, паркты куруу ишине салым кошуудан баш тартышпайт.

Сурамжылоого катышкан Кош-Дөбө айыл аймагындагылардын көпчүлүгү парктын курулушу тургундарга жакшы таасир берет деген пикирде.
Алардын айтымында, парк бир гана спорт, ден соолук үчүн эмес, тургундардын эс алуу маданиятын өнүктүрүүгө, ата-эне менен баланын, жаштардын жана мүмкүнчүлүгү чектелгендердин сейилдөөсүнө кызмат кылмак. Ошондой эле, майрамдарда аянтча болуп, тургундардын ынтымагын бекемдөөгө жардам берет.
Жергиликтүүлөр паркты төмөндөгүдөй элестетишет — бак-дарактуу, аллеялары, фонтандары, спорт аянтча, балдар бассейни, батуттары бар жана жаратылышты чагылдырган, оюн-зоок уюштурууга ылайыктуу аймакты камтыш керек.
Дегеле, парк бир гана шаарда эмес, айылдардагы тургундардын жашоосун, жалпы социалдык, экономикалык жана маданий өнүгүүсүн жакшыртат. Бирок, айыл аймактарда эс алуу парктарынын жоктугу өкүнүчтүү абал.
Маанилүүсү, бул маселени чечүүдө жергиликтүү бийлик тургундар менен диалог курушу зарыл. Ошол эле учурда, жашоочулар да парк куруу долбооруна кошчу салымын ачыктаса, балким жергиликтүү бийлик колдоп, жыйынтыгында парктар салына баштайт.

Дисклеймер: Бул изилдөө, Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды. Изилдөөнүн мазмуну USAID, Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн, Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жамааттардын өнүгүүсүн колдоо программасынын ( MSDSP KG) же Борбордук Азиядагы IDEAнын көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес.
USAID тарабынан каржыланган «Демилгелүү жаштар» долбоору Кыргызстандын жаштарынын жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу максатын аркалайт. Долбоор MSDSP KG, IDEA CA тарабынан аткарылат.