Айыл жергесинде ишкердиктин түрлөрүн өнүктүрсө болобу?

Редакция IDEA

Кара-Алма айыл аймагы Жалал-Абад шаарынан 52 км алыстыкта жайгашкан. Бул аймакта ишкердиктин түрлөрүн өнүктүрүү зарылдыгы эмнеден келип чыкты?
Расмий маалыматтар боюнча, үч айылдан турган (Кара-Алма, Орток, Урумбаш) айыл аймакта жалпы 3842 калк бар. Ал эми тургундар негизинен дыйканчылык, мал чарбачылык, мөмө-жемиш жыйноо жана тейлөөдөн киреше табат. Муну изилдөөгө катышкандардын дээрлик 42,5 пайызы тастыктады — мал чарбачылык менен жыйноочулуктан киреше табабыз дегендер 23,5 пайызды түздү.
— 27 жаштагы айыл тургуну.
«Апрель айында козу карын терип сатабыз. Эгер түшүм жакшы болсо, бир үй-бүлө 50 миң сомго чейин кирешеге ээ болот. Ал эми жайкысын алма, ит мурун теришет. Каникулда жүргөн окуучу, студенттер да кыйла каражат топтоп алышат. Күздө кара өрүк сатканга даяр болсо, сентябрдын аягында жаңгак терим башталат. Эгер жаңгактын түшүмү мол жана баасы жогору болуп калса, айылдын четте жүргөн мигранттары да келип, жаңгак теришет»
Чындыгында айыл-чарба эң тобокелдүү тармактардын бири. Себеби, банктагы каржылоо белгисиз, жумушчулардын, иштетүү техникасынын жана материалдардын баасы өзгөрүп турат. Ошондой эле, аба ырайынын күтүүсүз бузулушу, түшүм жыйноо тактыгынын жоктугу да таасир этет. Айтор, айыл-чарба инвестицияларды тартуу же каржылоо жаатында кызыктуу тармакка кирбейт.

Жаштардын изилдөөсүнө катышкан 153 тургундун жарымы киреше булагын көбөйтүүнү пландап жатышканын айтты. Алар мындай нерсеге мал-жандыкты көбөйтүп жана дыйканчылык жеринин аянтын чоңойтуу аркылуу жетишмекчи. Ошол эле учурда, ар бир онунчу тургун киреше издөөдө эмгек миграциясына ишенет. Миграцияга кетүүнү көздөгөндөрдүн көпчүлүгү 31-40 жашка чейинкилер — алар эмгекке жарамдуу катмардын эң активдүү бөлүгү.

Улуттук статистика комитетинин 2018-жылдагы маалыматына ылайык, Кыргызстанда 15 миңден ашуун чакан жана орто ишканалар бар. Анын 67 пайызы Бишкекте болсо, Жалал-Абад облусунда – 4 пайызы жайгашкан*.
* Кыргыз Республикасындагы чакан жана орто ишкерлик, УСК, 2014-2018
Сурамжылоо көрсөттү — тургундардын дээрлик жарымы ишкердиктеги кирешени дүң жана чекене баа менен соода кылуу же кардарларга майда кызмат көрсөтүү деп түшүнүшөт.
Эң негизгиси, учурда айылдагылардын кирешесинин дээрлик баары жана жарымынан көбү тамак-ашка сарпталат. Андыктан, мында кирешени көбөйтүү башкы көйгөй.
— 51 жаштагы ишкер айым.
«Ишкердикти баштоодогу негизги кыйынчылык — баштапкы каражат табуу жана элдин сатып алуу мүмкүнчүлүгүнүн төмөндүгү»
Мындай ойду сурамжылоодогу ишкердик кылууну көздөгөн тургундар тастыкташты.
Айыл өкмөттүн өнүгүү планындагы маалыматка ылайык, учурда Кара-Алма-Урумбаш жана Орток токой чарбаларындагы жаңгак токойлору жергиликтүүлөргө ижарага берилген. Маалыматта соода жана тейлөө тармактарындагы ишканалар да бар.
Жыйынтыгында, иш баштоону пландагандар төмөндөгү тармактарды колго алмак.

ЮНИДО Дүйнөлүк колдонмо системалуу анализ институту менен өткөргөн «Кыргызстандын өндүрүштүк өнүгүүсү: жергиликтүү аспекттери» изилдөөсүнүн жыйынтыгында, Жалал-Абад облусунда тамак-ашты (жер-жемиш, жашылча, эт, сүт) кайра өндүрүү перспективдүү деп берилген*. Демек, кайра иштетүүнү көздөгөн айылдыктар эл аралык уюмдардын сунуштарына дал келет.
* UNIDO, 2018, Industrial Development of Kyrgyzstan: Regional Aspects, pp. 1-23
Бирок, ишкердикти баштоодо атайын окууга муктаж экенин 91 пайыз респондент билдирген. Айтымдарында, алалр алган билимин жаңы ишкердик баштоого жана өндүргөн айыл-чарба продукцияларын кымбат баада сатуу багытына колдонмок.

Кыргызстандын экономикасында агрардык сектор кеңири жайылган. Мындан улам, кошумча нарк түзүүнү көздөгөн эл аралык долбоорлордун көпчүлүгү айыл-чарба жана азык-түлүк коопсуздугуна багытталган. Мисалы, Европа Биримдиги Германиянын эл аралык өнүктүрүү коому менен биргеликте (GIZ) Жалал-Абад облусунда жаңгактын кошумча наркын түзүүдө бир нече долбоорлорду ишке ашырган*.
* GIZ, 2017, Содействие устойчивому развитию, стр. 2
2017-2018-жылдардагы дүйнөлүк атаандаштык отчетунун жыйынтыгы боюнча, Кыргызстан 137 мамлекеттин ичинен 102-орунду ээлейт. Эң төмөнкү баскыч инновация тармагында – 127 орун, ал эми бизнести өнүктүрүүгө чөйрө түзүү боюнча – 126 орунда*.
* ABR, 2018, How technology affects jobs, pp. 147-151

Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, каралмалыктар ишкердикти баштоого эң керектүү шарт деп билим (39%) жана каражатты (37%) белгилешкен.
Эгер өндүргөн продукцияны кайра иштетип, дүйнөлүк чынжырга кошулууну кааласак, анда элдин аракетин колдоо зарыл. «Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» тууралуу жарыяда төмөндөгүчө жазылган — экспорттук ишканаларга улуттук айыл-чарба продукциясын сырткы рынокко чыгарууда колдоо көрсөтүү керек. Бул пункт расмий жарыя түрүндө гана калбашы абзел.

Дисклеймер: Бул изилдөө, Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды. Изилдөөнүн мазмуну USAID, Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн, Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жамааттардын өнүгүүсүн колдоо программасынын ( MSDSP KG) же Борбордук Азиядагы IDEAнын көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес.
USAID тарабынан каржыланган «Демилгелүү жаштар» долбоору Кыргызстандын жаштарынын жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу максатын аркалайт. Долбоор MSDSP KG, IDEA CA тарабынан аткарылат.