.үч.чекит..үч.чекит.

Зыяндуу секталардын тузагына илинип калбаңыз!

Элмурат Аширалиев
1135
Зыяндуу секталардын тузагына илинип калбаңыз!

Секталардын кооптуу жана зыянсыз түрлөрү бар. Адегенде, зыянсыз секталардын өзгөчөлүгү туурасында кыскача айтсак. Аларга кирип жатканда, мисалы, ким менен сүйлөшкөнүңүздү жана кандай китеп окушуңуз керек экениңизди көзөмөлдөөгө аракет кылбайт. Алар бардык сурооңузга ачык жана чынчыл жооп беришет. Эгер ал секта сизге жакпаса, анда алардын тобунан өз эркиңиз менен чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк беришет.

Ал эми зыяндуу секталарда кандай? Алар башталышында эле жаңы кирип аткандарга түпкү ниетин ачык айтпай калп айтып же бурмалап, натыйжада жаңы мүчөлөрдү азгырууга аракет кылышат.

*Секта тууралуу кененирээк маалыматты бул материалдан алсаңыз болот.

Айталы, сизди бекер тамакка чакыруусу мүмкүн. А сиз жакшы эле ойдо тамак жегени барып, бирок жыйынтыгында кандайдыр бир окуу курсуна кантип акча төлөп чыкканыңызды билбей калышыңыз ыктымал. Албетте, бул бекер тамакка чакыргандардын баары сектага алып кирет дегенге жатпайт. Ошентип окуу курсу бир нече айга созулуп, акырында бул үй-бүлөңүздөн жана мал-мүлкүңүздөн ажырап калууга чейин алып барышы мүмкүн.

Адамдар негизи эле кантип жана эмне себептен зыяндуу секталардын тузагына илинип калат? Бул суроого бир беткей жооп берүү мүмкүн эмес. Жашоодо адамдар ар кандай жолдор менен секталарга кошулушат. Ошентсе да бул тармакта жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө адамдардын секталарга кирүүсүнө түрткү берген айрым бир факторлор аныкталган.

Ага ылайык, адамдар (1) жашоосуна нааразы болгондо, (2) өзүн-өзү өнүктүргүсү келгенде, (3) руханий жактан өсүүнү каалаганда, (4) үй-бүлөдө тынбай чыккан уруш-жаңжалдардан улам секталарга кошулуусу мүмкүн. Бирок белгилей кетчү жагдай, сиз үчүн алар кандайдыр бир зыяндуу секта эмес, тескерисинче колдоп-кубаттаган коомчулук сыяктуу туюлушу ыктымал. Эгерде сизге кыйын күндөрдө колдоо көрсөткөн коомчулуктан төмөнкү белгилерди байкасаңыз, андан аркы кадамдарыңызды жана мамилеңизди этияттап жөнгө салууңузга туура келет. Ошондой эле бул процесс узакка чейин созуларын эске алыңыз, себеби убакыттын өтүшү менен алардын тузагына кантип түшүп калганыңызды сезбей деле калышыңыз мүмкүн.

Зыяндуу секталардын белгилери

Секталардын баары эле бирдей болбошу мүмкүн. Бирок адамдардын жашоосуна сүңгүп кирип таасирге ээ болуу жагынан алар дээрлик окшош эле. Башкача айтканда, адамдын акыл-эсин көзөмөлдөө аракети зыяндуу секталарга мүнөздүү. Аларды жалпысынан төрт категорияга бөлүп кароого болот:

1. жүрүм-турумду көзөмөлдөө;

2. маалыматты көзөмөлдөө;

3. ойду көзөмөлдөө;

4. сезимдерди көзөмөлдөө.

Мисалы, сизге ким менен, кайда, кантип жашоого, кезигүүгө буйрук берсе, аларга таандык болбогон булактардан маалымат алууну чектесе, же алардын башчысы жана окуусу жөнүндө сынчыл ой жүгүртүүгө, суроо берүүгө тыюу салса, же болбосо сезимдериңизди бөгөттөөнүн жолдорун үйрөтсө, анда бул зыяндуу секта экенинен кабар берет.

Эмне кылыш керек?

Зыяндуу сектанын таасиринде калбаш үчүн биринчиден, далил талап кылыңыз. Эгерде сурооңузга дароо ачык-айкын жооп бербей, кандайдыр бир акча төлөгөн соң же белгилүү бир баскычты басып өткөндөн кийин жооп бере турганын айтса, андайлардан этият болгонуңуз оң. Же болбосо сизге айткан ойдун чын-төгүнүн далилдеп берүүнүн ордуна буйтап, далилди өзүңүздү издеп табууга мажбурласа, анда ал айткан сөзүнө өзү да ишенбей турганынан кабар берет. Ал өз сөзүнө далил келтире албаса жана ишенбесе, анда сиз эмне үчүн ага ишенишиңиз кажет?

Экинчиден, сектанын башчысын териштириңиз. Айталы, ал өз ысымын колдонобу, колдонбосо эмне үчүн өзгөрткөн, мурда ага кылмыш иши козголгонбу, өмүр баянында жазылган маалыматтын баары чын эле башынан өткөнбү жб. суроолорго жооп издеп, өз алдыңызча чакан эле изилдөө жүргүзүү менен көп маалыматка ээ боло аласыз. Башкача айтканда, ар дайым скептик болуңуз!

Эгерде жакын адамыңыз зыяндуу сектага кошулган болсо, анда дароо эле аны сынап же каргап-шилегенден алыс болуңуз. Ага сый-урмат менен мамиле кылып, терең ой-жүгүртүп жооп бере турган суроолорду бериңиз. Ал жооп бергенде сөзсүз аягына чейин угуңуз. Анын аң сезимине терең сүңгүп кирүүгө аракет кылыңыз жана жакшы ойлонуштуруп сүйлөшүүнү улантыңыз.

Айрыкча зыяндуу секталарда мүчөлүктөн чыгарып салуу же дагы башка жолдор менен коркутуу кеңири колдонулгандыктан жакын адамыңыз сизге дароо ачылып сүйлөмөк тургай, сиз менен байланышты толук үзүп коюшу ыктымал. Ошондуктан бул процесс заматта оң натыйжа бере бербесин да биле жүрүңүз.

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.