.үч.чекит..үч.чекит.

Жашыруун жарнаманы кантип аныктоо керек?

үч чекит редакциясы
1044
Жашыруун жарнаманы кантип аныктоо керек?

Медиа керектөө тенденциясы өзгөргөн сайын, жарнак берүүчүлөрдүн тактикасы да өзгөрөт. Продукция жөнүндө маалыматты жеткирүүнүн эң натыйжалуу ыкмасы – жашырылган жарнама менен манипуляциялоо. Белгилүү эмес жарнактын эң көп кездешкен үч түрү жөнүндө айтып беребиз, андыктан «өзүмдүн тажрыйбамдан» же «чыныгы сунушум» деп бир нерсени сатуу аракетин сиз оңой эле аныктай аласыз.

1. Сатып алынган сын-пикирлер

Товарды баалоо жана ага айтылган пикирлер чындап эле туура болушу мүмкүн. Бир мезгилде чын эле ошондой болгон. Азыр болсо өздөрүнүн прайс-баракчалары менен атайын сайттардан товар жөнүндө оң пикирлерди сатып алууга болот. Пикирдин баасы платформага, сапатка, тексттин өзгөчөлүктөрүнө жана уникалдуулугуна жараша бааланат. Жыйынтыгында ар кандай буюмдун популярдуулугун акы төлөнгөн пикирлердин жардамы менен жасалма түрдө жогорулата алышат. Бирок, жакшысы – мындай пикирлер конвейер менен жазылгандыктан, аларды айырмалоо оңой. Стандарттык пикир кескин түрдө айтылат. Эгерде товарды мактоого буйрутма берилсе, анда «кемчиликтер» деген бөлүмүндө да буюмдун артыкчылыктарын кездештирүүгө болот.

🙀 Эмне кылуу керек?

Көбүнчө, ири интернет-дүкөндөр ишенимдүү колдонуучулардын профилдерине верификация ✔️ белгисин коюшат. Эгер товарды колдонууда башка адамдардын тажрыйбасын билүү чындыгында сизге маанилүү болсо, социалдык тармактардагы досторуңуз менен байланышып, издеп, онлайн дүкөндө эле эмес, ар кандай форумдардагы пикирлер менен салыштырып көрүңүз.

«Күүгүм» (Сумерки) тасмасынан

2. Баяндама макалалар

Көпчүлүк учурда редакциялар коммерциялык макалаларды «коммерциялык же жарнамалык материал» деген белги менен белгилешет. Бул белгилүү бир товарды же брендди жарнамалаган ачык билдирүү. Бирок, көбүнчө жарнамалар «Жай мезгилиндеги беш мыкты жыпар жыт», «2020-жылдын үч смартфондору» ж.б сыяктуу товарлардын же кызматтардын түрүн баяндаган же тандаган каймана формада берилет. Макалада жарнама берүүчүнүн атаандаштарынан сунуштар камтылат, ошентсе да авторлор тиешелүү товардын өзгөчөлүктөрүн басым жасап айтып беришет.

🙀 Эмне кылуу керек?

Мындай баяндама макалалар рынокко байкоо жүргүзүүгө жана ар кандай өндүрүүчүлөрдүн ушул сыяктуу сунуштарын көрүүгө жардам берет. Кандайдыр бир товар жөнүндө билгиңиз келсе – форумдардагы жана башка сайттардагы макалалардан көбүрөөк маалымат издеп көрүңүз.

«Келечекке кайтып келүү» (Назад в будущее) тасмасынан

3. Рекомендация маркетинги

Блогерлер өздөрүнүн постторунда жаңы алган буюмун кандайча сынап көрүшкөндүгү жана ал жөнүндөгү пикирлери менен бөлүшүшөт. Мындай посттор жашырылган жарнаманын эң популярдуу түрлөрүнүн бири, анткени блогердин аудиториясы ал сунуш кылган продукцияга ишенет. Көбүнчө блогерлер бул кызматына акы албагандыгын жана анын ЖАРНАМА ЭМЕС экендигин айтышат, бирок каалагандай продукциянын аталышы жана көпчүлүккө позитивдүү пикирлер менен сунушталышынын өзү эле жарнак болуп эсептелинет. Жашырылган жарнаманын бул түрү кооптуу жана манипулятивдүү болушу мүмкүн, анткени блогерлердин баары эле товарды өзүлөрү текшерип көрүшпөйт же жарнамачылардан товар үчүн сапаттык сертификаттарды же башка документтерин талап кылбайт.

🙀 Эмне кылуу керек?

Блогерге болгон сезимиңизди жана ал сунуш кылган продуктка берген бааңызды ажырата билиңиз. Башка өндүрүүчүлөрдүн ушул сыяктуу окшош буюмдарын карап көрүп жана ар кандай форумдарда алар жөнүндө пикирлерди окуп туруңуз.

Жазылыңыздар
Бул макала медиасабаттуулукту арттыруу жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатында даярдалган. .үч.чекит. Көрүп, билип, такта! маалыматтык кампаниясы Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен түзүлгөн. Макалалардын мазмуну Internews, Борбор Азиядагы Эл аралык билим берүү Дебат Ассоциациясынын (IDEA CA) жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.