.үч.чекит..үч.чекит.

Жашыруун аракет теориясы кайдан пайда болот?

үч чекит редакциясы
220
Жашыруун аракет теориясы кайдан пайда болот?
  • «Эч кандай коронавирус жок. Аны саясатчылар адамдардын көңүлүн бурдуруу үчүн ойлоп табышкан»
  • «Коронавирусту фармацевттер адамдардын айласыз абалынан пайдаланып, вакцина менен пайда табуу үчүн иштеп чыгышкан»
  • «Кытайды алсыздатуу үчүн АКШ коронавирусту ойлоп тапкан»

Жашыруун аракет теориясы (теория заговора) – бул дүйнөлүк жаңылыктын ажырагыс бир бөлүгү. COVID-19 вирусу да четте калган жок. Оору жайылгандан баштап, эң жаңы коммуникациялык технологиялардын (5G байланышы) таасиринен улам вирустардын мутацияланышынан баштап, америкалыктардын Россияны жана Кытайды (же тескерисинче) алсыздандыруу үчүн вирусту атайын таратуу теориясына чейинки ар түрдүү жашыруун аракет теорияларды адамдар ойлоп таба башташты.

Жашыруун аракет теориясы же конспирологиялык (жашыруун сөздөр) теориялар – бул жөн гана фейк эмес. Бул адамдардын татаал нерселерге же окуяларга түшүндүрмө издөө аракети. Көп учурда алар глобалдуу, трагедиялуу же масштабдуу окуялардын айланасында пайда болот. Мисалы, америкалык космонавттардын айга конушу же 11-сентябрдагы теракт.

Covid-19 конспирологиянын объектиси катары өтө чоң күчкө ээ: белгисиз жаңы вирус өтө тез тарап, көптөгөн адамдардын өмүрүн алууда. Ушуга геосаясий мазмунду кошсок – мына ушунун өзү эле жашыруун аракет теориясы үчүн бүтүндөй аймак. Андан тышкары, вирус жайылган сайын бийлик менен жарандардын ортосундагы начар коммуникациянын болушу да жашыруун аракет теориясынын түзүлүшүнө себепкер болууда.

Бийликтеги адамдардын жашырганга аракет кылган чындыгын издөө – бул жашыруун аракет теориясынын эң кеңири тараган белгиси. Мындай материалдардын популярдуулугун эксперттер бийликтин ишиндеги жаап-жашыруулардын болушу менен түшүндүрөт. Адамдар үчүн айрым мамлекеттик процесстерди же атайын кызматтардын иштөө принциптерин түшүнүү кыйын.

Бүгүнкү күндө жашыруун аракет теориясынын ушунчалык көптүгүнөн, ага китептер, көргөзмөлөр, изилдөөлөр арналып келет. Мындай басылмаларды кадимки медиаколдонуучулар гана эмес, ошондой эле мамлекеттик медиа да таратат. Мисалы, коронавирус АКШда жаралгандыгы тууралуу теорияны кытайлык мамлекеттик медиа таратса, 11-сентябрдагы атайын жасалган теракт жөнүндөгү даректүү фильмди россиялык телеканалдар байма-бай көрсөтүшкөн.

Бул теориялар менен эмне кылуу керек?

Көпчүлүк теорияларды далилдөө да, абсолюттук ишеним менен төгүнгө чыгаруу да мүмкүн эмес. Мындан чыгуунун бир гана жолу бар – ал сынчыл ой жүгүртүү, маалыматты текшерүү жана эң негизгиси – маалыматтын булактары менен иш жүргүзүү.